Кытай/Индия

Немис бизнеси европалыктарды Кытай экспансиясына каршы үндөдү

15 января 2019 г. 17:44 725

Германия федеративдүү республикасынын (ГФР) ишкерлери эки түрдүү экономикалык система тирешүүдө деп дүрбөлөң салды. Кытай эл республикасынын (КЭР) мамлекеттик капитализмине каршы туруу чакырыгы менен алар Дональд Трамптын опурталдуу курсун колдошту

Кытай менен экономикалык кызматташууга немис ишкерлеринин көз караштары түп-тамырынан өзгөрдү. Буга чейинки КЭРдин сыйымдуу базарын жерге-сууга тийгизбей мактоону Пекинден башкарылган мамкапитализмден чочулоо сүрүп чыкты.

Эки системанын тиреши

Абройлуу Немис өндүрүүчүлөрүнүн бирикмеси (BDI) 10-январда “Өнөктөш жана системдүү атаандаш. Мамлекети башкарган Кытай экономикасын эмне кылабыз?” темадагы тезистерин жарыялады. 23 беттен турган бул документте Германия менен Евробиримдик аткаминерлерине 54 талап коюлган. Анда BDI: “Кытай дүйнөлүк экономика менен ыкташа баштаганда, экономикалык системасын батыш үлгүсүндөгү ачык жана либералдык базар экономикасына айлантат деп күтүлгөн, бирок андай болгон жок”, - деген.

Анын ордуна Кытай “экономикалык кубаты менен башка базарларга гана эмес эл аралык экономикалык тартипке таасир эткен” өзүнө таандык саясий, экономикалык жана коомдук моделди калыптап келет деп белгилейт BDI. Бизнес-уюм мындан улам “экономикасына мамлекет таасир этип, багыттаган” кытай экономикасы жана “либералдык базар экономикасы” арасында “системдүү атаандаштык” башталды деген натыйжа чыгарган.

Кытай базарында негизги оюнчу – мамлекет

Немис өндүрүүчүлөрү менен ишкерлери, кытай моделинде ишкана гана эмес бүтүндөй бир тармактарды да мамлекет каржылап, дүйнө экономикасындагы бааларга таасир этүүдө, деп тынчсызданышат.

Мисалы темир иштетүүчү заводдоруна жардам бергендиктен, алар чыгарган болот арзан болуп, башка мамлекеттин болотчуларын оор абалга кириптер кылууда. Жакында робототехника менен электр унаалардын аккумуляторун өндүргөн тармактар да ушундай абалда калышы мүмкүн.

Кытайда мамлекет тескөөчүлүк менен чектелбестен, “базарда корпоративдик жана тармактык чечимдерди кабыл алган негизги оюнчу” болуп алууда деп белгиленген. Мунун баары мамлекеттик гана эмес жеке менчик жана чет өлкөлүктөр менен биргелешип ачылган ишканаларда да коммунисттик партиянын уюмдарын түзүү менен ишке ашууда.

Чет элдик бизнести системдүү басмырлоо

Ири компаниялар кытай компартиясынын буйруктары менен бириктирилип, улуттук чемпиондор чыгарылууда. “Заманбап технологияларга мамлекеттик инвестиция чегерүү, көмүскө иштеген ишканаларга түз жана кыйыр субсидия кылуу, чет өлкөлүк жогорку технологиялык ишканаларды түрдүү жол менен багынтуу аркылуу Кытай дүйнөлүк технологиялык лидерликке жеткени калды”, - деп баса белгилеген BDI.

Ушул күнгө чейин кытай ишканалары “Евробиримдиктин базарына бир топ эле эркин кирип келет”, ошол эле убакта Кытайдын өзүндөгү чет элдик ишканалар түрдүү дискриминацияга кабылууда. Кытайдагы батыш инвестициялары чектелет, жергиликтүү фирмалар менен биргелешкен ишкана түзүүгө мажбурланат, мамлекеттик тендерлерге кирүүгө бөгөт коюлат, өтө жогорку бажы төлөмдөрү алынат жана тарифтен сырткары да түрдүү тосмоктор коюлат.

Кыскасы, BDI Кытайга, бир тараптуу оюн жүргүзүүдө, деген айып такты. Бир жагынан ачык, либералдык батыш экономикасынын артыкчылыктарын ырааттуу колдонуп келет, ошол эле убакта өзүнүн базарында батыш ишканаларына бут тосууда.

Кытайга биргелешип каршы туруу

Кытайдын Батыштык либералдык экономикалык моделине карата баскынчылыгына биргелешип каршы туруу үчүн BDI элүүдөн ашык талап койгон. Алардын басымдуу көбү Евробиримдиктин деңгээлинде чечилиши зарыл. Тезистердин негизги максаты – европалык бизнес менен европалык коомдук-экономикалык моделинин атаандаштык күчүн арттыруу.

BDI, мисалы: керектөөчүлөрдү сапатсыз товарлардан коруу; бизнес, айрыкча чакан жана орто ишканалар үчүн шартарды жакшыртуу; санариптешүүнү ыкчамдатуу; бааларды атайын түшүрүү аракеттерине каршы күрөшүү; мамлекеттик субсидияларды ашкерелөө куралдарын иштеп чыгуу талаптарын койгон. Алардын арасында Евробиримдиктин эмки жети жылдык бюджетинде илимий изилдөөлөргө чегерилген каражатты эки эсе жогорулатып, 160 млрд еврого жеткирүү талабы да коюлган.

Бул программдык тезистери менен, Дональд Трамптын экономикалык жана технологиялык лидерликке умтулган Кытайга каршы катуу туруу саясатын, немисердин абройлуу бизнес-уюму болгон BDI, ачык айтпаса да, иш жүзүндө колдоп чыкты.

Deutsche Welle, Дүйнө

Материалдын түп нускасы бул шилтемеде