Жорум

Ийгиликке жеткирген - туура кадамдар

14 января 2019 г. 17:42 779

Учурда илим техника ушунчалык өнүгуп, адамдын өзү тууралуу канчалаган ачылыштар, жаратылыш тууралуу көптөгөн жаңылыктар болуп жатат. Мен да бир китепти окуп отуруп: «Кишинин мээсиндеги клеткалардын саны, адамзат жашап өткөн жылдардан да көп», - деген маалыматты окуп калдым. Аны окуп жатып менде - «Биз ушунчалык өзгөчө дене, кол, көз, бут менен болгону күнүмдүк нан таап жеп, бир там салып, машина алып, аны да жашоого таштап кетүү үчүн келгенбизби?» - деген суроо туулду.

Менин бул суроолорума Стив Жобсдун: «Биз дүйнөгө өз салымыбызды кошуу үчүн келгенбиз, болбосо жашоодон эмне максат?», - деген сөзү менин суроомо жооп, изилдөөрүмө жаңы жол болуп берди. Ошондон бери бир канча изилдөөлөрдү жүргүзүп, топтогон маалыматты сиздер менен бөлүшөйүн дегем.

Адамдын өмүрүндө көздөгөн максатына ийгилитүү жетип, өз миссиясын аткаруусунун жети кадамы тууралуу айтып бермекчимин.

БИРИНЧИ КДАМ - БАШКАЧА ОЙЛОНУУ

Ар бир адам жашоодо бир өзүнө жеке берилген миссияны ишке ашырганы, ошол мисияны ишке ашыруу менен бир глобалдык көйгөйдү чечкени келген. Мисалы сиз врач болушуңуз керек болчу, бирок жөнөкөй эмес, дүйнөлүк деңгээлдеги: СПИДге даары тапкан, ракты дүйнөдөн жок кылган врач болушунуз керек болчу. Же сиз миллионер болушунуз керек эле, акчаны чогултуп колунда жокторго жардамдашып, мекениңде бир да ач адам калбагыдай бай болушуңуз керек эле. Бирок сиз бүгүнкү күнгө чейин бул улуу максатты карай эч бир кадам, эч бир аракет жасабадыңыз. Неге? Себеби сиз бул жөнүндө ойлоно элексиз. Сиз буга чейин өзүңүздүн мисияңыз, жашоодогу максатыңыз тууралуу ойлонгон эмессиз.

Жолдо бара жатып бир чычкан тамак издеп жатканын көрсөк канчалык көнүл бурабыз? Бул нерсеге өзгөчө карап, өзгөчө ой жүгүрткөн Уолт Дисней дүйнөнү өзгөртүп, дүйнөнү багындырды.

Алма баарын башына түшөт, бирок бир гана Ньютон өзгөчө ойлонуп, дүйнөгө тартылуу күчүн ачып берди.

Көп адам мектептен айдалат, бирок Эдиссондун апасы башкача ойлонуп, башкача аракет жасады эле дүйнөдө өзгөчө нерселер ойлонуп табылып, жаңы жашоо башталды.

Сиз канчалык туура ойлонсоңуз, канчалык оюңузду глобалдаштырып, жогорку деңгелде ой жүгүртсөңүз ийгилике бир кадам таштаган болосуз. Себебин мисалдар аркылуу түшүндүрүүгө аракет кылалы:

Кечке жуук жолдо бара жаткан үч жигит бир кызды көрүп, үч түрдүү ой жүгүрткөнүн мисал берели:

- Карындашым жалгыз калыптыр, үйүнө жеткирип койоюн;

- Бул кыз мынча кеч эмнеге жүрөт, тийишсем болот сыяктанат;

- Бул кыздын тарбия берген ата энеси жок окшойт

- деп ойлонушса бул иштин кандай бүтөөрүн өзүңүз жыйынтыктап көрүңүз.

Ошондой эле келечекте машина алам деп ойлогон жигит менен, айдоочу жалдайм деген жигиттин айырмасы. Залга барам деген жигит менен жан сакчы алам деген жигиттин иш аракеттери эки түрдүү болуп, алардан ар башка жыйынтык күтөбүз.

Эгер сиз байкаган болсоңуз ийгиликтин биринчи кадамы бул – ой.

Ой тууралуу учкул сөздөр:

Ой – бул материалдашчуу нерсе!

Сиздин келечегиңиз сиздин ойлоруңуздун жыйынтыгы!

Ой - бул тирүү күч.

Ой баарынан күлүк.

(Ийгиликтин экинчи сыры бул шилтемеде)