Ара жолдогу мамлекет

Бийликти карап отурбастан турмуштуу оңдоо жолдору

14 января 2019 г. 14:16 634

ЖАШООНУ БИР ТЫЙЫН КОРОТПОЙ ТУРУП, БААРЫ СУКТАНГАН БАТЫШ СТАНДАРТТАРЫНА ЖЕТКИРҮҮ БОЮНЧА КЕҢЕШТЕР

Кыргызстандан (”Украина” сөзү “Кыргызстан’га” алмаштырылды - Саресеп) Норвегияга көчүп келегениме бир жыл болду. Андан бери Кыргызстан Норвегиядай өнүккөн мамлекет эмес деп наалыган комменттерди жыйнасам, 20 томдук чыгарма болуп кетчүдөй.

Албетте, “оомиий” деңгелиндеги жашоого жетүү үчүн бюджетте жетиштүү акча, аткаминерлердин арам кекиртектиктен арылуусу, адилеттүү соттор жана медициналык реформа керек экени талашсыз.

Анын баары тоону томкоруу сыякту эле бир күндө болуп кетчү иш эмес жана бизге түздөн-түз байланышы жок.

Бирок күнүмдүк турмушту “оомиий” деңгелине чыгаруунун толгон-токой жолдору бар. Биринчиден - өз колуң менен, экинчиден - бепбекер.

Подъездди жылда эмес, бир жолу оңдоп чыгып, дубалдарын булгабай, тепкичтин кармагычтарын сындырбай жашоо - бекер.

Сонун үйлөрдү каалайсызбы? Көп-кабаттуу үйлөрдүн короосунда асынып алчудай маанайды жок кылгыңыз келеби? Балконуңузду жыйылып калган акыр-чикирден тазалаңыз. Щеткасы түбүндөгү сыр менен бирге катып калган чакадан, өткөн аптада үйлөнгөн кенже небереңиздин үч буттуу велосипединен кутулуңуз. Бекер эле.

Ич киймиңизди бүт микрорайон көргөндөй кермеге илбей, терезенин ылдыйкы кырынча кургаткычка бекер жайыңыз. Балконго эки табуретка чыгарып, анын үстүнө горшокко гүл айдаңыз. Уругун подъездин жанында өскөн гүлдөрдүн тегеретесинен бекер терип алыңыз. Баары ушундай кылса, көп кабаттуу үй Европадагыга окшоп жатып калат.

Ит дейсизби? Ит кармоо кымбат. Бирок ансыз болбойт десеңиз анын тезегин терип алуу да бекер. Анын тезеги үчүн атайын бренддин пакетин сатып алуунун кереги жок. Супермаркеттен жашылча-жемиш салып келген баштык жарай берет.

Аа, итти эшке чыгарганда аны чынжырынан кармап жүрүү да бекер. Бирок итиңиз тиштеп алган башка ит менен баланы айыктыруу кымбат. “Үй-бүлөнүн сүймөнчүгү - итибиз жоголуп кетти, балдар ыйлап жатат” деген жарнактарды чаптап чыгуу да бекер эмес.

Жолдорунда велосипед тебилген, балдар ойноп жүргөн таза норвегиялык токойдо түшкөн сүрөтүмө суктанасыздарбы? Пикниктен кийин таштандыларды жыйнап, ала кетүү бир тыйын талап кылбайт.

Норвегияда жол кырсыктары жокко эсе экенине, бир нече жылдан бери балдар аварияларга кабылбаганына көз аратасыздарбы? Мунун себеби бул жакта баары электр Теслалар менен жүргөнүндө эмес. Ылдамдык чегинен чыкпоо - бекер. Башкасын кысып, атайын тормуз теппөө - бекер. Дат баскан жигулиде да кемерди тагынуу бекер.

Урматтуу жөө баскандар, кызылга өтпөө - бекер. Кыштын караңгы түнүндө кара кийим кийип алып, алты багыттуу жолду туура эмес жерден өтпөө да текейден арзан.

Ден-соолукка келели. Силер мага, мына Норвегия дүйнөнүн эң бай мамлекети болгондуктан, жарандары 90 жашка чыгат экен деп көп жазасыздар. Андай эмей! Убагында жетишкен медициналык жардамдын маанилүү экенине шек жок. Бирок токсонго чыгуу 75 жашыңда сапаттуу, салабаттуу клиникада жаның куткарылганына гана байланыштуу эмес.

Бул жашоо стилиңе көз каранды. Ага ар бир кыргыздын каражаты жетиштүү.

Мисалы спирт ичимдиктерин ичпөө - бекер. Ичүү - кымбат. Ичпей коюуга бир тыйын кетпейт. Чылым чекпөө да ушундай. Ошентсеңиз кийин өпкөнүн ракына, боордун циррозуна наалыганга убакыт кетпейт.

Ооруну алдын алуу да бекер десе болот. Ден-соолукка көз салып, ооруй электе дайыма врачка көрүнүп туруу дегеним. Ооба, тишти оңдотуу кымбат. Бирок аны эртели-кеч тазалап туруу - бекер.

Өзгөргөн дүйнөгө жараша жашоо үчүн райондук поликлиникага жылына бир жолу кан тапшыруу бекер десек болот. Мен бирдеме болсо мамлекеттин эсебинен эч ким бекер айыктырбаган бай өлкөдө турам. Бирок, алда эмне болуп кетпесин деп, жылда кан тапшырып турам. Күйөмдү да ушуга көндүрдүм. Сиз муну акыркы жолу качан кылдыңыз?..

Бул жакта, Норвегияда картаңдар желип басышат. Анткени алар диванга жатып алып теле көрбөстөн, өмүр бою тоо-талаада бекер сайрандашат. Андан сырткары жаштайынан жүгүрүп жүрүшкөн. Жок, кымбат спорт имаратындагы, кымбат тренажëрдо эмес, калимки эшиктеги дорожкаларда эле. Ошентип жүрөк, булчуң жана муундарын иштетип турушкан.

Ооба, баардык оорудан жүгүрүү менен кутула албайсың. Албетте ким ичип-чекпесе, соо бойдон өлүп кетет. Бирок сиздей акылдуу кыйын болсо жеткен алтымышта эмес, токсонго чыгып өлөт.

Мисалы, толуп кетпөө - бекер. Туура тамактануу кымбат дегендер жанын жейт. “Эко” жана “глютен фри” деген кымбат текчелерге жакындабагыла. Ал маркетинг аркылуу сиздин капчыгыңызды жукартуудан башка жакшылык алып келбейт. Ооба, көп жеп албоо, таттуу жана ундуу тамак менен майлуу туздуу консерваларды азайтып, алардын ордуна кычкыл капуста менен гречка жеш напсини чарчатат. Эч ким талашкан жок. Бирок биз майрам-той эмес акча үнөмдөө жөнүндө сөз кылып жаткан жокпузбу?

Тырмагыңызды убагында алып, убагында жуунуп турганга сизге бийлик керекпи? Эртели-кеч самындап колду жууш - бекер. Бирок Бишкектин маршруткасына түшкөндө кээде катардагы жарандын буга да чамасы жетпейби деген ой келет.

Андан да, унчукпоо - бекер. Маршруткага кишини дем ала албай калганчалык тыгып алып, же жүргүнчү болуп баратып телефондон сүйлөшпөө бекер.

Биринчи жолу көрүп жаткан кишинин жанына отура калып жаналакетке түшүп, “мамлекеттин ашмалтайын чыгарышты!” дебеңизчи.

Кеңеш сурабаганга кеңеш бербөө да бекер. Чоңойгон, өзүнчө турган балдарыңыздын үйүнө келип алып, ой-толгоп кирбөө бекер. Келиниңиз жакпайбы, күйө балаңыз борпоңбу, небере жалаң башпы? Оозуңузга алыңыз жетпей баратса, сыртка чыгып жүгүрүп келиңиз. Көбүрөөк жүгүрсөңүз, токсонго чыгасыз. Норвегиядай эле болуп жатып калат. Үйдүн ичи да тынч, балкондо гүлдөр жымырайт.

Мунун баары бекер экенин унутпаңыз.

Сана Фельдгендлер, “Записки урбаниста” Телеграмм-каналы