Батыш

Жапон жаштары Балакат майрамына катыша албайм деп наразы

14 января 2019 г. 10:16 158

2022-жылдан тартып балакатка жетүү Жапонияда 20дан 18 куракка түшүрүлгөндүктөн, жаштардын көбү Балакат майрамына катыша албай калам го деп чочулайт.

Жаштардын мындай чочулоосу Nippon фондунун сурамжылоосунда билинген. Ал боюнча 70% жапон жаштары балакатка толуу майрамына катыша албай калуусун айтып, аны 20 жашка кайра жылдырууну каалашкан.

Январдын экинчи аптасынын дүйшөмбүсүндө Жапонияда Балакатка толуу күнү майрамдалат (Сейдзин-но хи). Маареке эки кадам менен өтөт: балакатка толгон жапондорду жергиликтүү администрацияга чакырып куттукташат (сейдзин сики); андан кийин алар чоң кишилердин кимоносун кийип храмга барып, жаа атышат (момото сики). Ушундан тартып жаш жапондор добуш берүү, ичимдик ичүү жана үйлөнүү укугуна ээ болушат.

Балакат майрамы 70 жыл мурун киргизилип, коомчулукта кеңири жайылган. Бул мааракеге 71%га жакын жапон жаштары катышууну каалайт. Алар бул күнү классташтары менен кайра жолугуп, өмүрүнүн жаңы барагын ачкысы келет.

Nippon фонду сурамжылан жаштын 63%ы бул убакта ЖОЖдорго тапшыруу даярдыгынан, 24%ы болсо жумуш издегендиктен Балакат майрамына катыша албай калышым мүмкүн деген.