Кытай/Индия

Stratfor: Кыргызстан: Кытайга каршы нааразылыктар Борбор Азия үчүн эмнеге маанилүү

11 января 2019 г. 13:59 617

ЖАЛПЫЛАМА

Кытайдын экономикалык долбоорлоруна каршы нааразылык Кыргызстанда күчөп барат. Алар Пекиндин “Бир кырчоо - бир жол” демилгеси аркылуу Борбор Азиядагы экономикалык таасирин күчөткөн маалга дал келди. Көчө менен интернеттеги соцтармактарда орун алган нааразылыктар Кытайга экономикалык жана саясий мүчүлүштүк жаратчудай. Мунун баары Пекин менен Москванын борборазиялык региондогу атаандаштыгына таасир этчүдөй көрүнөт.

ЭМНЕ БОЛУП КЕТТИ

7-январда Бишкектин борборунда 300гө жакын нааразы жаран жыйналды. Алар мыйзамсыз кирген кытай мигранттарын чыгарууну, Кыргызстандыктар менен никелешкен кытайларга жарандык бербөөнү, Синзян-Уйгур автоном өрөөнүндө кырыгыздарды кайра тарбиялоо лагерлеринен бошотууну жана КЭР (Кытай эл республикасы) менен Кыргызстандын кызматташуусун мындан нары кеңейтпөөнү талап кылышты.

Бул митингден кийин Кыргызстандын президенти Сооронбай Жээнбеков Кытайдын кыргыз экономикасы үчүн маанилүү экенин баса белгиледи. “Биздин Кытай менен мамилебизди бузгусу келендер максатына жетпейт”, - деди ал 9-январда. Андан бир күн алды премьер-министрдин биринчи орун басары Кубатбек Боронов нааразы болгондордун соцтармактарда кытай миграциясы жөнүндө тараткан маалыматтарына күлгөн. Боронов КРдин Мамлекеттик чек-ара кызматынын статистикасына шилтеме берип, Кыргызстанга 2018-жылы 35215 кытай жараны киргенин айткан. Бул 2017-жылы келген 41307 кытайдан 15%га аз. Ошол эле убакта Кыргызстандан 2018-жылы 34436, 2017-жылы 40690 кытай чыгып кеткен. Мындан сырткары Боронов Кыргызстан Кытайга жеринин бир бөлүгүн өткөрүп бермекчи жеген кепти төгүндөгөн.

ЖАКЫНКЫ ТАРЫХ

Кытай Кыргызстан жана жалпы эле Борбор Азия менен экономикалык кызматташуусун кеңейтип келет. Анткени бул өлкө менен жалпы регион анын “Бир кырчоо - бир жол” демилгесин ишке ашырууда өтө маанилүү.

Кыргызстандын аймактарында кен казган кытайларга элет эли каршы чыгып келет. Мисалы, Баткен облусунун Майдан айылынын тургундары сентябрда кытайдын алтын өндүргөн компаниясынын өкүлдөрүн темир контейнерге камашып, аларга алтын кендерин “мыйзамсыз” чалгындоо айыбын артышкан. Ошол эле өткөн жылдын апрелинде Жалалабад облусунун бир нече айылынын тургундары экологиялык абалдан кооптонуп, кыргыз-кытай “Макмал Жи-Эл девелопмент” компаниясын өрттөп салышкан.

БУЛ ЭМНЕ ҮЧҮН МААНИЛҮҮ

7-апрелдеги нааразылыктар кытай экспансиясына, аны менен экономикалык кызматташууну күчөтүүгө, Пекиндин Борбор Азияда геосаясий таасиринин артуусуна каршылык күчөп бара жатканын көрсөттү. Бул чакан демонстрацияга, буга чейинки кендерди иштетүүгө каршы нааразылыктарга караганда киши көп чогулуп, Кытайга карата конкреттүү талаптар коюлду. Кыргыз өкмөтүнүн нааразылыктарга КЭР менен экономикалык кызматташуу маанилүү экенин белгилеп, кытай миграциясы боюнча статистикалык маалыматтарды келтирип, соцтармактардагы антикытайлык тукурууларга каршы экенин билдиргени да орундуу болду. Буга чейин соцтармактарда Кытай тууралуу “провокациялык билдирүү” кылган бир нече кыргыз жараны кармалган. Кыргыз бийлиги нааразыларга азырынча коопсуздук күчтөрүн колдонгон жок. Бирок демонстранциялар уланса андай кадамдарга да барышы мүмкүн.

Кытайга каршы нааразылыктар менен соцтармактагы активдүүлүк арта бермекчи, себеби Кытай Кыргызстандагы экономикалык аракеттерин кеңейтет. Нааразылыктар Пекиндин Кыргызстанга жана башка Борбор Азия мамлекеттерине каражат инвесторлоо жана инфрастуктуралык долбоорлорун ишке ашыруу пландарына терс таасирин тийгизиши мүмкүн. Мындай жагдай Орусиянын Борбор Азиядагы ордун бекемдейт. Анткени кытайлардын күчүн чектеп, Москванын борборазия регионунда негизги сырткы күч бойдон калуусуна шарт түзөт.

Редакциялык макала, STRATFOR