Ислам дүйнөсү

Сириядагы жарандык согуштун кечээгиси, бүгүнү жана эртеңи

6 января 2019 г. 12:56 191

Сириядагы жарандык согуш 2011-жылдын мартынан бери токтобой келе жатат. Андан бери жүз миңдеген киши өлүп, миллиондору журтун таштап качууга мажбур болду. Алардын 3-4 миллиону коңшу Түркияда, башка коңшу өлкөлөргө чыккандар бар, миллионго жакыны Европага качкан, өлкөнүн ичиндегилерди кошкондо 15 млн киши журт которгон.

Согуш эмнеден башталды?

Мурунку Советтик өлкөлөрдүн кээ бириндеги “Түстүү ыңкылаптарга” окшогон “Араб жазы” деп таанылган 2010-2011-жылдардагы окуялар заалым жеке башкаруудан арылгысы келген арабдардын көчөөгө чыгуусунан башталган. Египет, Түндүк Африка өлкөлөрүндөгү көтөрүлүштөр Сирияга да таасир берген. “Араб жазы” бири-бирине окшобогон араб өлкөлөрүндө түрдүү уланып, түрдүү натыйжа берди.

Сирия, Түркия менен Батышка жакыныраак болгондуктан, башка араб өлкөлөрүнө караганда билимдүү киши ресурстары жетиштүү, экономикалык, социалдык жана маданий жагынан туруктуу өлкө болчу.

Өкүнүчтүүсү, Башар Асаддын режими эркиндик менен демократияны талап кылып, көчөгө чыккан жарандарына ашкере күч колдонду. Бул жагынан алганда, сириялык бийлик да башка араб аткаминерлеринен айырмаланбаган, эч кандай атаандаштыкты каалабаган зулумчул аракеттерге барды.

Согуштун себептери кайсыл?

Мындай көтөрүлүштөрдү өлкөнүн ичиндеги динамикалар менен өлкөнүн сыртынан келген аракеттер өңүттөйт. Башталуусуна сырткы күчтөр себеп болду деген ойлор, көбүнчөсүн “конспиративдик терориялар” деп аталган, көз-караштарга негизделет. Буга окшогош кризис башталганда анын кайсыл өңүткө бурулаарын алдын ала болжош кыйын.

Сирия бийлиги бир нече оппозициялык топ менен соодалашып, демократияга, киши акыларын урматтаган саясий режим курууга кадам таштай алмак. Бирок андай кылган жок.

Коом козголуп, демократиялык талаптар коюла баштаганда, Батыш дүйнөсү, албетте, мындай аракеттерди колдоду. Буга чейинки Грузия, Кыргызстан, Украина сыяктуу өлкөлөрдөгү “түстүү ыңкылаптарга” да ушундай эле мамиле кылган.

Толкуулор башталганда “Сириянын бийлигин кантип жыксак” деген ой жана аракет болгон эмес. Бирок бийлиги өз эли менен тирешип, өлкөсүнүн бир топ аймагын көзөмөлдөй албай калганда, сырткы күчтөрдүн мамилеси да өзгөрүп, алар бул жаңы абалды кайра анализдегенге мажбур калышты.

Түркиянын аракеттери

Кризис башталган 2011ден 2015-жылга чейин Батыш менен бирге Түркия да Сириядагы демократияны көздөгөн өлкө сыяктуу көрүндү. Эркиндикти талап кылган оппозициялык күчтөрдү колдогон Батыш Түркиянын аймагы аркылуу техникалык, логистикалык жана билим-технологиялык жардам берди.

Сириянын армиясы менен бюрократиясында басымдуулук кылган, калктын 15%ына жакын сириялык шииттер Башар Асадды кодошкон. Көбүнчөсүн сунний арабдар менен күрддөрдөн турган күчтөр аларга каршы көтөрүлгөн. Сунний арабдар салафиликке (ваххабилик) жакын топтордун таасиринде калышкан. Бул топтордун көбү эл аралык укук алдында террорчу катары таанылган Аль-Нусра жана Аль-Каидага таандык болушкан.

Алардан сырткары Сириянын эркин армиясы (СЭА) деген топ учурда экиге бөлүнүп, бири Түркия менен, экинчиси өз алдынча күрөшкөн топко айланды. Түркияга чектеш, түрктөр колдогон СЭАны “эркин” деш кыйын болуп калды. Себеби алар террорчулардан эч кандай айырмасы жок жыхадчылардан турат. Түркия өзүнүн тактика-стратегиялык кызыкчылын ишке ашыруу үчүн аларды колдоп келет. Андан сырткары, Тайып Эрдоган баш болгон түрктөрдүн учурдагы исламчы бийлигинин идеологиясы да бул жыхадчыларга жакын. Түрк тарап колдогон СЕАнын езид, күрд жана башка сириялык мусулмандарды мыкаачылык менен кырганы дүйнө коомчулугун чочутту.

Орусия, Иран жана Асад биримдиги

Сириядагы жарандык согушта башынан бери бир калыпта келе жаткан жалгыз өлкө – бул Орусия. Ал Тартустагы деңиз жана Хмеймимдеги аба базасын сактап калыш үчүн Башар Асадды ачык колдоп келет. 2015-2017-жылдары Орусия менен Иран жардамдашкан Асад ИГИЛ жыхадчыларын чегинтип, Сириянын кеңири аймагын кайра көзөмөлүнө алды.

ИГИЛге каршы согушта Түркиядан тиешелүү жардам ала албашына көзү жеткен АКШ күрддөрдү колдоого аргасыз калды. Америкалыктар менен күрд топтору да ИГИЛ террорчу тобуна катуу соккуларды урду. Сириядагы негизги оюнчуга айланган АКШ менен Орусия ИГИЛге каршы бирдей саясат жүргүздү.

Ошол эле убакта америкалыктар, айрыкча орусиялыктар Түркиянын жыхадчы топторго жардам берип жатканын ачык айтышты. Орус ажосу ИГИЛ Сириядан өндүргөн мунайды сатууга ортомчулук кылып жатат деп түрк бийлигин айыптады.

АКШ Сириядан чыкса эмне болот?

2018-жлдын этегинде АКШнын президенти Дональд Трамп Сириядан аскерлерин улам азайтып, толук чыгарып кетээрин айтты. Орусия муну туура көрүп, Түркия катуу сүйүндү. Бирок мындай сезимдерге алдыруу али эрте.

АКШ Сириядан толугу менен чыгып кетсе, бул аймакта күч вакуму пайда болот. Бул боштукту ким толтурат? Эң чоң ыктымал – бул Орусия. Анткени эл аралык укук менен караганда Орусия “мен Сириянын расмий бийлигин колдоп жатам” деп, АКШ таштап кеткен аймактарды ээлейт. Бул аймактын күрддөрү Анкара менен Асад арасында Асадды тандашат, себеби түрк тарабы бул жердеги күрд автономиясын жок кылуу ниетин небак эле билдирген.

Сириядагы согуш кантип токтойт?

Дүйнө Сириядагы оюнчуларды, алардын түстөрүн толугу менен көрө албай жатат. Жарандык согуш суннийлер менен шииттердин ортосунда гана жүрүп жатат деп айтуу туура эмес.

Мисалы үчүнчү жергиликтүү күч болгон күрддөр да сунний. Алар сунний арабдардан айырмалаган идеологиясын диний мазхабдан жогору коюшат. Сириялык күрддөрдүн эң күчтүү уюму PYD'ге кирген кишилер – динбезер марксист-солчулар. Ошондон улам Түркия аларды өз күрд-марксисттери PKK'га жакын деп, куугунтуктоодо.

Ошол эле диндар сунний күчү түрдүү топтордон турат. Сириядагы мозаиканы толук көрүш үчүн бул топторду жана алардын максаттарын жакшы ажырата билүү зарыл.

Эл аралык укук тарабынан караганда, Башар Асаддын орду мыйзамдуу. Ал “Мага тиешелүү жана эл аралык укук тарабынан корголгон аймактарымды ээн баштардан тазалагым келет. Бул ээн баштар эл аралык укук боюнча террорчу-жыхадчы катары таанылган” деп жатат. Чын эле Сириядагы түрдүү топко бөлүнгөн суннийлердин орток идеологиясы – салафи (ваххаби) жыхадчылыгы. Алардын кимиси бийликке келсе да, ИГИЛ басып алган жерлердеги укуксуздук менен мыкаачылыкты уланаарынан эч кимдин шеги жок.

Учурда АКШ менен Батыштын пикири Орусиянын позициясына жакындап бара жатат. Орустар “Мейли, диктатор кетсин дейли. Бирок ал кеткен соң, анын ордун бул жыхадчылар ээлесинби? Алар Жакынкы Чыгыш менен бүктүл дүйнөгө диктатордон да чоң баш оору болот” дешүүдө.

Батыш менен Орусиянын ортосундагы келишпестик да “сен күрддөргө, мен Асадга жардам бердим” менен чектелбейт, учурда “Сирия мындан нары кимдн көзөмөлүндө болот?” согушу жүрүп жатат.

Башында “Эртең менен үйдөн чыгып, кечинде Шамда намаз окуйбуз” деп, Сириядагы конфликтке кирген Түркиянын учурдагы абалын эске алганда, “Сириядагы жарандык согушту кантип токтотсо болот” деген суроого жооп берүү оорураак. Бирок...

(Уландысы бар)

Мехмед Эфе Чаман, Канаданын Мемориал университетинин профессору, Bold Media