Кытай/Индия

Жаңы Евразияны Орусия эмес Кытай курду

4 января 2019 г. 8:44 612

Америкалык тарыхчы, советолог Принстон университетинин профессору Стивен Коткин 2-январда Латвиянын Delfi.lv сайтына маек курган. Иосиф Сталин жөнүндө үч томдук китеп жазган профессордун Кытай менен Орусия жөнүндө ойлору кыска, так жана кызыктуу. Бул өлкөлөр тууралуу пикирлерин назарыңызга сунабыз.

“Сталин америкалыктарга канында жок нерсе жасаткан. Алар тапкан акчасын чөнтөгүнө салып, эми үйгө кетели дегенче, ал баарын чочуткан бир нерсенин ичинен чыкчу. Ошентип АКШ дүйнөнүн туруктуулугуна акча коротууга мажбур калчу”, - дейт Коткин.

Акыры АКШ менен батыш дүйнөсү СССР баш болгон соцлагерди колготки, жынсы жана башка товарлар менен “тумчуктуруп” жаны тынган.

1991-жылы араң жан Орусия БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги орун үчүн өзүн СССРдин мураскери атап, анын бардык карыздарын моюндаган. Натыйжада анын курамында болгон бардык республика бир тыйын төлөбөй кутулган.

“Жапония, Түштүк Корей менен Тайванды эмизип, бутуна тургузган АКШнын экономикасына көз арткан кытай жакшылары 1980-жылдары “эски катыны” СССРды таштап, жаш жана бай Америкага “баш кошууга” аракеттенген. АКШнын орто табы дүйнөнүн эң бай сатып алуучусуна айланган. Эмне чыгарсаң, сатып ала берген”.

Андан 200 жыл мурунураак, 1776-жылы АКШ жаңы көз жарып, “анын экономикасы кыпындай” кезинде, дүйнөнүн эң бай дөөлөтү Кытай болчу. Түрдүү себептерден улам ал төмөндөгөн учурда АКШ дүркүрөп өсүп кирген. Үч кылымдан кийин жаңы лидер менен экономикалык никеге турган Кытай аны менен теңелип калды. Учурда ал дүйнөнүн башына келүүгө умтулган экинчи экономикага айланды.

Коткин иши бүткөн “коммунизм учурунда мүлктү уурдап жана тартып алганың менен ага ээлик кыла албасаң, фашизм учурунда каалаган мүлктү уурдап алып, аны мыйзамдаштырып алсаң болот” деген пикирде. Ал “жаңы авторитардык идеясын” дүйнөнүн жаңы көйгөйү деп, фашизм кайтып келбесе да, зулумдук менен баскынчылык нормага айлана баштады деп эсептейт. “Дүйнө кайра куралдануу жарышына түшүп, Кытай согуш ачып жиберсе эмне болот”, - деген суроо коёт профессор.

Коткин Кытайдын “жаңы капитализмине” өзгөчө назар салып турат. Чоң акчаларга жетиш үчүн кытай компартиясы бизнеске уруксат берди. Бирок менчик мүлк эркин ой-жүгүртүүнү талап кылат. Бул коммунисттер үчүн мүмкүн эмес адат. Алар бир колу менен бизнестин алдын ачып, экинчиси менен аны тар кутуга тыгуу менен алек. Базар экономикасынын бардык түрү коммунитсттик принциптерди жок кылат, базарды чектөө болсо экономиканы алсыратат. Бирок үчүнчү да жол бар – улуттук сезимдер менен ойноо. “Биз улутчулдуктун биринчи дүйнөлүк согуштан кийин кандай өнүккөнүн көрдүк. Өзүмчүлдүк, түшүнүксүз када-салт менен зулумдук ашып-ташыган. Югославия жана учурдагы Орусия менен Кытайда эмне болуп жатканын билебиз...”.

Конкиндин ою боюнча дүйнөнүн келечеги Кытайда чечилип жатат. Эгер коммунисттер эбегейсиз өсүп келе жаткан орто табын эптеп кете алса, кытайлар бүт дүйнөнү багынтат. Алар башка өлкөлөрдү технологиялары менен бөлүшүп, өздөрүн тандоого мажбурлаган күчкө ээ. Учурда Кытай Чыгыш Азия жана Африканы толук бийлеп, Германия менен активдүү кызматташууда... “Мен Кытайдагы бул эки анжылыкты кызыгып карап турам. Ал чечилмейинче, дүйнөдө америкалыктарга атаандаш чыкпайт”.

“Орусия кытай колониясына айланып бара жатат. Кытайдын күчүнө жооп кайтарчудай алы жок. Таң калычтуусу, ал Орусиянын жардамы менен Евразияга үстөмдүк кылууда. Бул Орусияда тынчсыздануу жарата баштады. Мамлекеттин башындагылар эмне деп ойлогону белгисиз, бирок Орусиянын колунда барлары менен коомунун төмөнкү тайпасы Кытайдан коркот. Орусия жаңы Евразияны калыптай алган жок, Кытай калыптай алды. Биз муну “Кытай Орусиянын ырыскысын жеп жатат” деп атадык. Европада көп киши Орусия талкаланып, урап түшөт деген ишеничте. Анда Кытай менен бетме-бет каласыңар”.

“Чын эле эркин болом десең, зулумдук табиятын жакшы түшүнүүң керек. Ал кайдан чыгат, кишилер эмнеге аны тандап алышат, бул капыстан же атайын тандообу? Биз кайдан келе жатканыбызды, тигил же бул учурда эмне үчүн туура тандоого бара албаганыбыздын себебин, туура жолду билгенбизби, башка жолго өз эркибиз менен түшкөнүбүзбү же ага бирилери мажбурлаганын жакшы билүү да өтө маанилүү. Өтмүштө табылган альтернатива, келечектин мүмкүнчүлүгү боло алат”.

“Германияга карасаңар! Ал өтмүшүн, нацизм доорун жеңди. Алардын жетишкендиктерине карагыла! Алар катасын моюндашты, баардык нерсени эске алып илгерилешти, жаңы коомдук-саясий түзүмдөрдү курушту. Бул улуу тарых. Эми Жапонияны карап көргүлө! Бир аз моюндашты, бир аз баш тартышты – натыйжада Германияга караганда оорураак абал бар, жапондордун Орусияга окшош тарабы көп. Кытайга карагыла, өтмүшү менен коммунисттик зулумдугун эч качан моюндагысы келбейт. Орусия анын жанында жакшыраак көрүнөт”.

Жазып алган – Кристина Худенко

БАШКА МАКАЛАЛАР