Батыш

Доллардын ордун евро гана баса алат

3 января 2019 г. 8:08 207

Европалык валюта 20 жыл мурун ишке кирген. Дүйнө доллардан арылгысы келсе, үч мүчөлүнө жакындаган валютаны чын жүрөктөн куттукташы керек

Орусия баш болгон КМШ өлкөлөрү америкалык долларды жанындай жакшы көрөт. Анткени дүйнөгө керек чийки заттын баарын долларга соодалоо салтка айланган. Еврого карата чочулоо жана кенебестик бар. Бул таң калтырат. Себеби КМШ өлкөлөрүнүн негизги соода өнөктөшү да, туристтик багыты да евроаймак болуп бара жатат.

Албетте, бүткүл европалык валютанын жаштыгы бир аз чочутат. “Эзелтен бери” дүйнө колдонуп келе жаткан долларга салыштырганда, ал келечеги бүдөмүк саясий долбоор сымал көрүнүшү мүмкүн.

Нак эмес которула баштаганына 20 жыл

Океандын нары жагындагы “жашыл кагаз” жакында текейден арзан болуп калаарын теледен байма-бай эшиткенине карабай, КМШ калкы доллардан баш тартайын деген түрү жок. Ошол эле убакта, Евробиримдиктеги кризис, ага кирген өлкөлөрдүн жакында таркап, ар кимиси өзүнө таандык акчага кайтат деп кайра-кайра какшаган теле таасир берген сыяктуу.

Буга карабастан евронун 20 жылдыгын белгилеп өтүү маанилүү болуп турат. Мында 2002-жылдын 1-январынан тартып түрдүү европалык архитектуралык стилдеринин сүрөтү бар акча жана евроаймактын улуттук символдорун ташыган тыйындар жөнүндө кеп кылынган жок. 1999-жылдын 1-январынан баштап ырааттуу жана техникалык жактан кынтыксыз даярдыктан соң нак эмес евро киргизилген. Акция менен облигациялардын курстары ага жараша кайра эсептелип, европалык биржа менен банктарда евро эсептери ачылып, акча которула баштаган.

Андан берки 20 жылга көз чаптырганда, эки нерсени: евронун эсептик каражат менен бул валютага өткөн ЕБдин мүчө өлкөлөрүнүн саясий-экономикалык бирикмесин – Европалык валюталык биримдикти (евроаймак) бири-биринен бөлүп караш керек.

Эсептик каражат катары талашсыз ийгилик

Биринчи критерий боюнча толук жана талашсыз ийгилик бар. Экинчисин, жалпы караганда, жакшы натыйжалар байкалганы менен эбегейсиз оор тарыхий эксперимент уланууда. Бул мөөнөттүн акыркы жылдарындагы карыз кризисинен улам баштапкы концепциянын бир катар олуттуу каталары чыгып, аларды көч убагында күчкө салып оңдоого туура келди.

Евро төлөм каражаты катары өзүн актаганы апыртылган далилдерге муктаж эмес. Куну туруктуу жана атактуу немис маркасынын ордун басуу максатында чыгарылган бирдиктүү европалык валюта дароо эле доллардан кийинки негизги төлөм каражаты болуп чыга келди.

Дүйнөнүн бардык жеринде евро кабылданып, алмаштырылып жатканын баарыбыз билебиз. Кайсыл жерде болбосун $ менен € белгилери электрондук таблолордо жаркырап турат.

Ооба, европалык валютанын алмаштыруу курсу өткөн 20 жылдыкта аябай эле өйдө-төмөн секирди. Башында доллардан кымбат болчу, анан андан төмөн түштү, кийин катуу жогорулады, учурда бир аз жөгөру. Бирок бул валютага өткөн өлкөлөр үчүн бириктүү валютанын сырткы эмес, ички туруктуулугу – инфляциясынын төмөндүгү маанилүү. Ал евроаймакта дайыма төмөн, өтө төмөн десе да болот.

Кандай болбосун валюталык биримдиктин негизги максаты соода-сатык менен өндүрүштүк өнөктөштүктү жандантуу болуп эсептелет. Экспорттон түшкөн каражатты алмаштырганда валюта маселе жаратпашы керек. Бирдиктүү төлөм каражаты бул милдетин сонун аткарып, евроаймак өлкөлөрү көбүнчөсүн бири-бири менен соода жүргүзөт.

Валюта биримдигинин мүчүлүштүктөрү

Валюталык биримдиктин 20 жылдык корутундусу анча сонун эмес. Бир жагынан алганда, анын мүчөлөрү 11ден 19га чейин өсүп, долбоордун ийгиликтүү экенин көрсөтүп турат. Экинчи жактан караганда, 2014-2015-жылдан тартып евроаймактын кеңейүүсү басаңдады, жаңы мүчө болом дегендер байкалбайт.

Бул евроаймакта 2009-жылы башталып, бир нече жыл созулган карыз кризисине байланыштуу. Аталган мөөнөттө Греция, Ирландия, Португалия менен Кипр банкрот болуп кала жаздашты.

Алар Евробиримдик менен Эл аралык валюта фондунан жардам суроого мажбур калып, бюджеттерин кыскартып, чет өлкөлүк көзөмөл алдында оор реформаларга барууга мажбур болушту. Кризиси анча катуу болбогону менен, Испания да сырттан жардам алды. Италия да олуттуу кризистин босогосун аттап кала жаздады.

Бир нече өлкө бекем валютаны көтөрө алган жок

Бир катар өлкө немис маркасы сыяктуу туруктуу валютага даяр эмес болуп чыкты. Мындай туруктуу валюта инфляциянын төмөндүгү аркылуу арзан насыя алууга мүмкүндүк бергени менен улуттук валютанын кунун атайын төмөндөтүү аркылуу ата-мекендик бизнести жандантууга жол бербей, жаңычыл экономиканы талап кылат.

Европалык валюта биримдигин европалык Чемпиондор лигасы менен салышырса болот. Бул лигада ойносоң аброюң көтөрүлүп, олчойгон киреше табасың, бирок бардык эле футболчу физикалык жана инсандык тарабынан керектүү талаптарга жооп бере албайт. Германия баш болгон түндүк өлкөлөрү койгон каржы тартиби менен эффективдүү экономика талаптарына, көбүнчөсүн, евроаймактын түштүк мамлекеттеринин күчү жетпей калды.

Демилгечилердин каталары

1992-жылы Маастрихт келишимине кол коюп, Европалык валюта биримдиги демилгесин көтөрүп чыккандар жогорудагы көйгөйлөрдү эсепке алган эмес. Алар Европаны бириктирүү идеясына алдырып, “тевтондор” менен “латындардын” арасындагы каржы-экономикалык айырмаларды туура баалай албай калган. Кайсыл бир өлкө бирдиктүү валютадан баш тартаары ойлоруна да келбегендиктен, чыгуунун укуктук жолдорун карашкан эмес. Айрыкча 2001-жылы евроаймакка таптакыр даяр эмес Грецияны ала-көөдөндүк менен киргизип, чоң ката кетиришкен.

Бирок бул тууралуу талашып-тартышуу азыр майнапсыз, аркага кайтуу мүмкүн эмес. 20 жылдан бери евроаймак баштапкы каталарынын бир тобун жөнгө салып, каржы туруктуулугун камсыздаган куралдары киргизип, чалынып-чаалыккандарга жардам берүү тажрыйбасын топтоду.

Москва менен КМШга туруктуу евро керек

Солчулдардын ою боюнча евроаймакты сактап калуу аракеттери жумушчу табына бир катар сокку урду. Бирок, ошол эле убакта, евроаймактын XX кылымдан суурулуп чыга албай жаткан өлкөлөрүн, сырткы жардам жана көзөмөл аркылуу, заманбап дүйнөгө ылайыктуу даражага чыгарды.

Грецияга каржы жардамынын акыркы программасы 2018-жылы жабылганы менен евроаймактын ич-ара карыз көйгөйлөрү бүтө элек. Түрдүү акчалай жардамдарды убадалап бийликке келген Италиянын популисттик өкмөтү жаңы көйгөйлөрдүн эшигин ачкандай түрдөнөт.

Батыштын каталарына табаасы канган Орусия баштаган КМШ өлкөлөрү экономикасы менен тышкы соодасын доллар көз карандылыгынан арылтам десе, ага каршы еврону колдонгону абзел. Ошондуктан алар 20 жылга толгон еврону куттуктап, мындан нары да бекем жана ишенимдүү болушун чын жүрөктөн тилегени жакшы.

Андрей Гурков. Deutsche Welle’нин экономикалык баяндамачысы