Батыш

​Балдар Санта-Клауска сегиз жаштан кийин ишенбей калышат

27 декабря 2018 г. 10:57 154

Чоңдордун үчтөн бири (34%) кышта келген сыйкырчыга ушу күнгө чейин ишенишет, 50%ы болсо ага ишенбей калганына өкүнбөйт. Кайра эле 34%ы Санта-Клауска ишенгени бала кезиндеги жүрүм-турумунун жакшыруусуна түрткү болду дешкен. Британиянын Эксетер университети, дүйнөнүн туш тарабынан 1,2 миң кишини сурмажылаган соң, ушундай натыйжаларга келген.

Жалпысынан алганда, респонденттер кышта келчү сыйкырчыга сегиз жашынан баштап ишенбей калышкан. Мисалы ата-энесинин кол жазмасы Санта-Клаустукуна окшош чыккан, же белектерди ата-энеси жаткан бөлмөдөн көрүп калышкан. Башкалары Санта-Клаус мынча белекти өзү жалгыз жеткире албашына, морудан оңой эле кирип-чыгып кетпешине өз акылы менен жетишкен.

Чындыкты билгенден кийин респонденттин көпчүлүгү (65%) ата-энеси менен бирге бул оюнду уланта берген. 56% киши сырдын ачылганы ата-энесине карата ишенимине кедергисин тийгизгенин айткан. 30 пайызынын бардык улууларга болгон ишеними азайган. 15 пайызы ата-энем сатып кетти деген чечимге келген. 10 пайызы катуу ачууланган.

Бала кезинде алган психикалык трамвага карабай, сурамжылангандын 72%ы балдарына Санта-Клаус жөнүндө жомок айтып келет. Балдары Санта-Клаус жөнүндө тикелей сурап калса, 41% киши чындыкты айтат, 31%ы анын бар экенине ишендирүүгө аракеттенет.

Коммерсантъ, Орусия