Ислам дүйнөсү

Гүлен Эрдоганга ыраазы болсун

23 декабря 2018 г. 11:13 1517

Ислам аалымы Фетхуллах Гүлендин идеяларына негизделген Кызмат кыймылынын кишиси түрк президенти Тайып Эрдоганга эң бери жагы дегенде үч нерседе ыраазы болушу керек: Гүлен менен кызматты бүт дүйнөгө барган сайын жакшы таанытып барат; кыймылга кирген кишинин эч качан террордук иштерге барбасын жана болгон акысын мыйзамдуу жол менен талап кылып алаарын көрсөттү; Кызмат кыймылынын түркчүлүк оорусунан айыгып, бир эле учурда жергиликтүү жана глобалдуу болуусуна жол ачты.

Бул үч феноменге үч мисал гана келтирсек жетиштүү:

Дүйнөгө таанытып жатканы үчүн ыраазылык

Бул аптада Түркияда “17/25 аралык даавасы” деп аталган, Тайып Эрдогандын бардык үй-бүлөөсү, төрт министри уулдары менен бирге миллиарддаган долларлык паракорлукка аралашкан кылмыш ишинин беш жылдыгы өттү. Бул кылмыш Түркияда жыбылып, аны жүргүзгөн тергөөчү, прокурор жана соттор капаска солонгону менен “АКШ эли Хакан Атиллага каршы” делген Вашингтондогу сот 2013-жылы түрк укук коргоо органдары ачкан кылмыш иши ийне-жибине чейин туура экенин далилдеген.

Бул жылкы 17-декабрь алдында түрк тышкы иштер министри 2016-жылкы 15-июлдагы аскердик төңкөрүш аракетине катышкан ФЕТӨчүлөрдү (Фетхуллах тероро өргүтү /уюму/) АКШнын 15 шататында кармап башташты, жакында бизге өткөрүп берет деген мааниде билдирүү кылган. Бирок Вашингтондо анын тетириси болуп, 17-декабрда Чавушоглу өзү АКШдагы кылмыш ишинин катышуучусу болуп калганы билинди.

Атайын федералдык прокурор Роберт Миллер 2017-жылкы президенттик шайлоосуна орустардын кийлигишүүсүндө Дональд Трамптын канчалык катышы бар экенин тергеп, анын оң колу болгон Майкл Флинндин көрсөтмөлөрүн алган. Учурунда Трамптан кийинки эле үч макамдын бирин ээлеген Флинн орустар менен түрктөргө акчага иштеп бергени билинип, калкы алдында “чыккынчы” атка конуп турган кези.

Флинн Дональд Трамптын шайлоосун жүргүзгөн жана кийин президенттин коопсуздук кеңешчиси болуп турган кезинде түрктөрдөн 600 миңден ашык доллар алып, Фетхуллах Гүленди АКШда жаман атты кылган макала жазып, аалымды түрктөргө уурдап берүү аракетин кылган. Атайын прокурор аны бурчка такаганда, тергөө менен кызматташып, кылмыш ишинде “түрк лидери – 1” (Тайып Эрдоган), “түрк лидери – 2” (ал кездеги премьер Бинали Йылдырым), “түрк министри – 1” (тышкы иштер министри Чавушоглу) жана “түрк министри – 2” (Эрдогандын күйө баласы, ал кездеги байланыш, учурдагы каржы министри Берат Албайрак) аттары менен эскерилген кишилер тууралуу айтып берген.

Бул кылмыш ишинде Флинн менен түрк бийлиги арасында ортомчулук кылган, бир эле убакта түрк жана орус чалгын кызматына жакын Эким Алптекин 35 жылга жана ирандык Буан Рафикян 30 жылга соттолуп жатат.

Ошентип 2018-жылдын 51аптасында Тайып Эрдогандын талыкпас аракети менен АКШнын бардык ЖМКларынын эң биринчи кабары Фетхуллах Гүлен менен Кызмат кыймылы болду. АКШдагы биринчи кабар, албетте, дүйнөлүк медиада да кеңири чагылдырылган.

Укугун талап кылып алууга жардамдашканы үчүн ыраазылык

2016-жылдын 15-июлунда аскердик төңкөрүш аракетин Тайып Эрдоган өзү уюштурганы барган сайын анык билине баштады. Алдын ала даярдалган тизмеге ылайык жүз миңдеген киши ошол түнү жумуштан айдалып, паспорттору жокко чыгарылып, ачкалыкка дуушар кылынды. Көбү мектеп жана университет мугалимдеринен турган 70 миңге жакын киши түрмөгө киргизилди. Алардын 8 миңден ашыгы аял, 700дөн ашык жаңы төрөлгөн жана 7 жашка жетпеген бөбөк камалган, жүзгө жакын киши кыйноо учурунда жан берген. Ушунун баарына карабай Кызмат кыймылынын бир да кишиси эч кимге орой сөз да айткан эмес.

Жыл сайын түрк бийлигинен үлкөн жардам алып турган Европанын адам укуктары соту он миңдеген түрк жаранынын арызын карабай, сот иштерин токтотуп турат. Бирок Европанын улуттук соттору менен мамлекеттик мекемелери түрк бийлигин айыптай баштады.

2018-жылдын 28-сентябрында Лондондун Вестминстер соту Кызмат кыймылына жакын бизнесмен Акып Ипекти актап, аны Түркияга өткөрүп берүүдөн баш тартты. Түрк бийлиги бул сотту “ФЕТӨ чаты даавасы” (ФЕТӨ башчыларынын соту) деп атап, ага катуу үмүт артып турган. Бирок Британ соту: бул кылмыш иши толугу менен саясий экенин; түрк бийлиги өз жарандарын кыйнап-азаптаганын; он миңдеген киши эч кандай айып тагылбастан абактарда жатканын; түрк аткаминерлери буга чейин бир да адилет сотунда өз жарандарына каршы соттук иштерди утпаганын эске алып – Акын Ипекти түрк тарапка өткөрүп берүү мүмкүн эмес деген чечим чыгарган. Батыш сот системасын жакшы билген эксперттер Вестминстер сотунун бул чечими Кызмат кыймылы мүчөлөрүнө каршы ачылчу сот иштери үчүн үлгү (прецедент) болуп калат дешет.

Бул арада Акын Ипектин өзүнө таандык “Коза алтын” фирмасын Эрдогандын жакындары тартып алганы боюнча кылмыш ишин козготуп, миллиарддаган долларлык акы талап кылган соту илгерилеп бара жатат. Дүйнө коомчулугу да барган сайын Кызмат кыймылынын кишилерине жан тартып, таламын талаша баштады.

Түркчүлүк оорусунан арылып, жергиликтүү жана глобалдуу болгону үчүн

Түркияда террор уюму катары куугунтуктала баштагандан бери Кызмат кыймылы өтмүшүн анализ кылып, түрк “көйнөгү”, ашыкча бюрократташканы жана сыртка жабык мусулманчылык имиджи кыстаганын түшүнүп, алардан кутулуунун жолдорун тапты.

Кызмат кыймылына тиешелүү мекемелер Кыргызстанда да түркчүлүк оорусунан биротоло арылганы байкалды. Тил жагынан алганда эле окутуу кыргыз, орус жана англис тилине ыктап калды. 2016-жылдан бери кээ бир жеке же топтук диктаторлук башкаруусу бар өлкөлөрдө колдун манжалары менен саналчу бирин-серин мектептери жабылганы менен демократиясы күчтүү өлкөлөрдө миңдеген окуу жайлары ачылып жатат. Жергиликтүү калк жана жетекчилердин ишенимин актаганы үчүн мамлекеттик-жеке менчик өнөктөштүгү менен ачылган мектептери күн сайын артып барат. Аларда кандайдыр бир улутчул идеология же диний көз-карашка ыктабастан, балдарга сапаттуу билим жана тарбия берилип келет.

Жамандыктын аркасынан жакшылык деген Жараткандын убадасы анык болуп, Эрдогандын зулумдугу оң натыйжа берүүдө.

БАШКА МАКАЛАЛАР