Ара жолдогу мамлекет

Трамп сунний, күрд жана жөөттөрдү орус менен шииттерге сатты

22 декабря 2018 г. 21:18 371

АКШ армиясын Сириядан чыгаруусу менен Трамп жөөт баш болгон өнөктөштөрүнүн бетине шапалак урду. Өз чечими менен Изарильдин премьери Беньямин Нетаньхудай тышкы досторунун гана эмес, АКШнын тышкы иштери менен алек аткаминерлеринин моюнуна муз салып жибергендей эле болду.

Германиянын 710 миңдик окурманы бар, күндө чыккан Die Welt гезитиндеги жорумда Трамптын Сирия боюнча атайын өкүлү Жеймс Жефри 3-декабрда эле: ИГИЛ биротоло талкаланганда, ирандык күчтөр Сириядан чыкканда жана саясий кризис аяктаганда гана АКШ аскерлери кетет деген. Мунун эки шарты толук аткарылган эмес, үчүнчүсү баштала элек болчу деп жоруган Алан Позенер.

Die Welt’тин журналисти буга байланыштуу – эми мындан кийин АКШга ким ишенет, дүйнөдө тынчтыктын кепили боло алабы, кайсыл баскынчыны токтото алат – деген суроолорду койгон. Позенер жорумун: “Бул кадам –Трамп-акмактын руху менен акылынын алсыздыгын Батыштын бардык душмандары пайдалана бергиле – деген чакырык. Популист жана оозуна алы жетпегендер бийликке келгенде кандай коркунучтар күтүлөөрү даана көрүнүп калды”, - деп бүтүргөн.

Deutsche Welle’ге чыккан жорумда – ИГИЛ терордук тобун талкалоо миссиясы аяктады, америкалык аскерлердин “үйгө кайтуу учуру келди” деген твити Трамптын жактоочуларын катуу суйунтту, анкени бул анын шайлоо алдында берген убадаларынын бири – делет.

Жорумдун ээси Уго Бауэр бул кабар Тайып Эрдоган менен Владимир Путинди катуу сүйүнттү деген ойдо. Түрк ажосу америкалыктардын канатынын алдындагы күрддөргө кол салуудан тайсалдап турган, эми Эрдоган өзүн тизгиндеп отурбайт; өлкөсүнүн талкалап, он миңдеген жаранынын каны менен колун жууган Башар Асад, орустардын Сирияда калуусунун жалгыз кепили, ошондуктан Кремлдин ээси да Трампка терең ыраазы дейт Бауэр.

Уго Бауэр: “План боюнча, Сирияда конституциялык комитет түзүлүп баштаган. Асад менен Путинге демократиялык жараяндын кереги жок. Америкалыктар демократиялашкан Сирияны куруудан өздөрү баш тартты”, - деп аяктаган жорумун.