Борбор Азия

​Кытайды канттик казак-кыргыз-өзбек-тажик бир тууган?!

22 декабря 2018 г. 17:32 699

“Биз Кытай менен чек арабыздын ар кадамына бирден казак койсок, казак калбай калат”, - дейт Казакстандын Хорватия, Босния менен Герцоговина жана Черногориядагы элчиси Төлежан Барлыбаев.

Күндө эртең менен 115 миң нуска менен чыккан Хорватиянын Jutarnji list гезити аны “жаш, бирок такшалган элчи” деп атаган. Төлежан Барлыбаев гезиттин суроолоруна төмөнкүчө жоопторду берген:

Казакстан жөнүндө:

Казактар эзелтен Европа жана Азия деген эки цивилизация, эки көз-караш арасында жашап, аларды жон териси менен сезип келет. Биз башкалар менен каршылашпай, аларды бириктирген көпүрө болгубуз келет.

Биз аймак жагынан дүйнөдө тогузунчу, бирок 18,3 млн калкыбыз менен 62-орунда турабыз. Географиялык жайгашуубуз менен тарыхыбыз коңшулар менен араздашып, душмандашканга жол бербейт.

Казакстан эл аралык деңиз жолдору жок эң ири мамлекет, ошондуктан Евробиримдикке Орусия жана Белорусия аркылуу чыгып, ЕБ менен соода-сатыгыбыз былтыр 30 млрд доллардан ашты. Казакстан 2017-жылы рекорддук 82,6 млн тонна мунай чыгарып, анын 85%ын Европага экспорттоду.

Орусия жөнүндө:

Орусия менен чек арабыз 7,5 миң чакырымга созулуп, дүйнөдөгү эки мамлекет ортосундагы кургактагы эң узак чек болуп эсептелет. Орусия жана орусиялыктар менен кылым карыткан тарыхыбыз бар. Казакстандын калкынын 25%ы орустар. Орус тилинин “улуттар аралык тил” статусу бар.

СССР кезиндеги кээ бир учурларда жийиркеничтүү жана абийирсиз иштер болгону үчүн биз тарыхыбыздан баш тартпайбыз, аны кандай болсо, ошондой кабыл алабыз. Биз Орусия менен уникалдуу – Түбөлүк достук декларациясын түзгөнбүз.

Эки өлкөнүн соода-сатыгы 17,2 млрд доллар, Орусия Евробиримдиктен кийинки эң ири соода өнөктөшүбүз.

Украина-Орусия мамилесинин чыңалганы өкүнүчтүү. Араздашууга чейин Украина менен соода-сатыгыбыз 4,5 млрд доллар болчу, учурда жокко эсе. Украина да бизге жакын мамлекет, Казакстанда ири украин диаспорасы жашайт.

Евроазиялык экономикалык биримдикке кирген жылы тышкы соодабыз 30%га көтөрүлүп, азыр да өсүүдө.

Кытай жөнүндө:

Кытай менен чек арабыз бир жарым миң чакырым. Ар бир метрине бирден казак койсок, казак жетпей калат. Эгемендик алган учурда дароо чек араны такташып, Кытай менен келишим түзүүнү негизги иш катары көрдүк.

КЭР менен стратегиялык өнөктөштүк келишимин түзүп, учурда жылдык соода-сатыгыбыз 10,5 млрдга жетти. Кытайга мунай-газ куурларын салып, былтыр 5 млрд кубометр газ саттык, эмдиги жылы муну эки эсеге чыгаралы деп турабыз. Былтыр Кытайга жети млн тонна мунай экспорттолду.

Кытайдын “Бир кырчоо-бир жол” мега-долборунун алкагында Батыш Европа – Батыш Кытай жолунун үч миң чакырымын төшөп койдук.

Коңшу Өзбекстан, Кыргызстан жана Тажикстан жөнүндө:

Борбор Азиялык коңшуларыбыз менен каада-салт, маданият жана тилдерибиз жакын. Дүйнөдөгү чакырык жана коркунучтарга ОДКБ алкагында чогуу жооп беребиз. Экономикалык интеграцияны, калктын турмушу менен билимин өстүрүүнү коопсуздугубуздун негизи катары көрөбүз.

БАШКА МАКАЛАЛАР