Батыш

​Трамптын акылы кетип, напсиси гана калды

21 декабря 2018 г. 19:19 425

Дональд Трамп Сириядан АКШнын аскерлерин чыгарып кетүү чечимин кабыл алган күндүн эртеси өлкөнүн коргоо министри Жеймс Мэттис эки барак кат жазып, отставкага кетээрин билдирди. Анын президентине жазган катынын: “Сиз көз карашыңыз төп келген коргоо министрин дайындап алууга акыңыз бар, мен макамымдан кетишим керек деп эсептейм”, - деген саптарын дүйнө талкуулап жатат.

Мэттис катында америка улуту кайталангыс жана кеңири альянс жана өөктөштүгү бар үчүн күчтүү, “АКШ эркин дүйнөнүн башкага алмаштыргыс өлкөсү болгону менен өз кызыкчылыгы үчүн күчтүү альянстарды сактап, өнөктөштөрүн сыйламайынча бул ролун натыйжалуу ойной албайт” деген ойлорун жазган.

Жакында кеткен президенттик аппараттын жетекчиси Жон Келли жана кеткени жаткан Рекс Тиллерсон сыяктуу Мэттис да бийликтеги ордун мамлекет алдындагы милдетин аткарууга жумшагандардан эле. Ал үчөө дипломатия менен тышкы саясатты Трамптын терс мүнөзүнөн тосуп турган калкан сымал болушчу.

Учурда Трамптын Вашингтондогу партиялаштарынын да шаштысы кетип турат. Меттистин отставкасына байланыштуу эң күчтүү республикачыл сенаторлордун бири Марко Рубио: “Биз улутубузду коркунучка кириптер кылып, альянстарыбызды бузуп, душмандарыбызга күч берчү одоно каталарды кетиргени турат окшойбуз”, - деп жазган твиттериндеги баракчасына.

Дагы бир республикачыл сенатор Бен Сасс бүгүн “кайгылуу күн” деген соң: “Мэттис президент кулак салчу кеңештерди берип турчу. Мэттистин Орусия менен Кытай бизге анык душман, америкалыктарды өз үйүндө өлтүргүсү бар дүйнөнүн жыхадчылары менен согуш абалындабыз дегендери туура”, - деп кошумчалаган.

Өлкөгө жана дүйнөгө кызыктай көз карашы бар президент Трамптын акыл алгыс сөздөрүн ооздуктаган кишинин баары бири калбай кетип, алардын ордуна Трампка карыздар, ал уккусу келген кеп-кеңеш берген адамдар гана калды.

БАШКА МАКАЛАЛАР