Кытай/Индия

​Кытай жибегин чыйратты, эми качан мууздаганга кирет

21 декабря 2018 г. 16:02 913

Шаршемби күнү Кытайды күчтүү дөөлөт кылган реформалардын 40 жылдыгы белгиленди. Си Цзиньпин бир жарым саат сөз сүйлөп, 100 кытай жана 10 чет өлкөлүк жаранга сыйлык тапшырды. Сөзүндө учудагы АКШ менен тирешүүдөн кантип чыгып кетүү керектиги тууралуу экономикалык реформалар сунуштабаганы баалуу кагаздар базарына терс таасир этти.

Андан бери Кытайдын экономикасы орто эсеп менен жылына 9,5%га өсүп, 750 млн киши жакырчылыктан чыкты, ошондуктан: “5000 жылдык тарыхы, 1,3 млрд калкы бар мамлекетке кандай өнүгүшү керектигин үйрөткөн менменсинген окутуучулар кереги жок”, - деген КЭРдин төрагасы.

Өлкөнү өткөн кылымдын башынан бери жалгыз башкарып келе жаткан, бирок идеологиясы банкрот болгон Кытай коммунисттик партиясы бул ийгиликтин башаты делди.

Сөзүнүн экономикалык бөлүмүндө 2013-жылдагы ККПнын 18-съездиндеги айтканынан башка жаңы эч нерсе дебегени, Вашингтон менен Пекиндин тиреши кантип натыйжаланаарын айтпаганы баалуу кагаз базарына кедергисин тийгизди. Си сөзүн бүтөөрү менен Шанхайдын фонддук биржасынын индекси 1,2, Шэньчжендики 1,5%га түшүп кетти.

Эки өлкөнүн элдешкис көк беттигинен улам, быйыл Кытайда өндүрүү азайып, автоунаа сатуу бир жылда 11,7, смартфондорду сатуу 15,2%га төмөндөгөн. Мындан улам кытай компанияларынын баалуу кагаздарынын куну түшүп кетпеши үчүн бийлиги мындай маалыматтарды жарыялоону Пекинге гана байлап койду.

Си Цзинпиндин: “Кытай бир дагы өлкөгө эч кандай коркунуч туудурбайт, канчалык өнүккөн мамлекет болсок да биз эч убакта гегемонияга умтулбайбыз”, - деген сөздөру дүйнөдө, айрыкча Африкада жана Чыгыш Түркстанда жүргүзгөн саясатынын тетириси.

Кытайдын өзөгүн түзгөн хань улуту жана башчысы Си Цзиньпин улутчул-шовинисттикке барган сайын биротоло алдырып бара жатканын эксперттер кайра-кайра айта башташты. Ошондуктан Кытайдын учурдагы экономикалык жана аскердик күчү менен аны коштогон жумшак сөзүн, бабалардын “кытай жибек жип менен мууздайт” деген мааниде жоруп, ошого жараша кам көргөнүбүз туура болот.

БАШКА МАКАЛАЛАР