Борбор Азия

Жээнбеков Атамбаевди Кыргызстандан кетирүүгө мажбур

21 декабря 2018 г. 11:52 443

Чыгыш европалык жана эл аралык изилдөөлөр борборунун (ZOiS) кызматкери Беате Эшмент Кыргызстанда тиешелүү мыйзам биринчи окуудан гана өткөнү менен экс-президенттин кол тийбестиги алынат, себеби бул өлкөнүн өнүгүү нугуна ылайык демилге деген ойдо.

“Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндеги аткаминерлерге кылмыш иштери ачылып, кээ бири камакта олтурат. Логика боюнча кезекте алардын жетекчиси бар, - деп эсептейт европалык эксперт. – Жакында openDemocracy медиа-ресурсу Атамбаевдин банктык эсептери тууралуу баяндама жарыялады. Жалпысынан алганда, кыргыз саясатында көп учурда жогорку саясий макам жеке кызыкчылык үчүн колдонулуп келет”.

Атамбаевдин 2017-жылы президенттик жарышта утулган Өмүрбек Бабановду колдонгону Жээнбековго каршы күчтүү жүрүш, деген ойдо Беате Эшмент. “Бирок бул кооптуу кадам. Ошондуктан Атамбаевди Кыргызстандан чыгып кетүүгө мажбурлоо Жээнбеков үчүн тирешүүнү басаңдатуунун эң жумшак жолу”, - дейт Эшмент.