Орусия

​“Кадимки балдар”: Москва качкын жана мигрант балдарды окутууда

19 декабря 2018 г. 13:49 141

18-декабрь Мигранттардын эл аралык күнү. Орусиянын баш калаасында ата-энеси менен бирге мекенин таштап, Москвада жаңы жашоо куруу аракетине түшкөн балдарды турмушка ыкташтыруу аракети бар

“Мен кандай азаматмын!”, - дейт жашыл кагазга кебез чаптап, кар киши жасап, бизге көргөзгөн Конгодон келген Жаннет. Баары мактап бүткүчө карап турган соң титиреген колдогу менен кагаздын бурчуна орусча атын жазды. Мындай адеми кар киши башкалардын начар кол эмгегинен айырмаланышы керек да.

Жаннет “Кадимки балдар” борборунун кичи тобуна келип жүргөн сегиз баланын бири. Баш-аягы бул жерде 3төн 18 жашка чейинки 90 бала менен иштешет. Алардын баары качкын жана мигрант үй-бүлөнүн балдары. Ата-энелери Орусияга Сирия, Афганистан, Кот-д’Ивуар, Конго, Нигерия, Камерун, Ангола, Тажикстан, Өзбекстан, Египет, Кыргызстан жана башка өлкөлөрдөн келген.

Мигрант жана качкын балдарга орус тили

“Кадимки балдар” Москвада качкын менен мигрант үй-бүлөлөргө жардамдашкан төрт-беш уюмдун бири. Бул борбор чечен согуштарынан кийинки ОФтун борборуна качкындар агып кире баштаган 1996-жылы түптөлгөн. Ал кезде долбоор Качкын балдарды турмушка ыкташтыруу жана окутуу борбору аталып, мигранттарга укуктук жардам көрсөткөн “Жарандык жардамдашуу” уюмунун комитети алдында иштечү.

Кийин турмушка ыкташыруу борбору өзүнчө иш алып кеткен. Учурда анын алдында түрдүү деңгээлде муктаждыктары бар окуучулар үчүн алты ар түрдүү окутуу программалары иштейт. Мисалы, мекетепке чейинки балдар үчүн эки: окуу менен эсептин негиздерин үйрөткөн мектепке даярдоо жана 3төн 6 жашка чейинкилерге оюн түрүндө көнүгүү кылдырган курстар бар. Анын максаты – бирге ойногон балдардын бири-бири менен мамилелешүүсү аркылуу коомго ыкташууну жана тилдин негиздерин үйрөнүү.

“Кичине балдарды кадимки сабак учурунда окутуу али эрте, - дейт долбоордун волонтёру Екатерина. – Ошондуктан бизде атайын оюндар бар. Мисалы, тегерете олтуруп, бардык балдар менен биргелешип, алар каалаган бир нерсе жазайбыз. Ал учурда педагог же волонтёр кандайдыр бир жаңы нерсе же сөздү үйрөтүп, бала бара-бара аларды өздөштүрүп алат. Мындай система жакшы итейт. Мен бир жыл мурун бул жерге келгенимде, балдардын бирөө орусча таптакыр сүйлөй алчу эмес, азыр болсо мына, ойноп, кобурашып жүрүшөт”.

Мектепке чейинки балдар үчүн өзүнчө программалар бар. Мектепке кире албай калгандар борбордо педагог жана волонтёрлор менен бирге негизги предметтерди (орус жана англис тили, математика) өздөштүрсө болот. Мындан сырткары, мектепке кирип, бирок көп сабактан артта калып калган же кандайдыр башка себептер менен окууда көйгөйлөрү пайда болгон бала үчүн кошумча көнүгүүлөр берилет. Ошондой эле, университет же колледжге тапшырууда да көмөк көрсөтүлүп, жумуш караштырганда же андан башка маанилүү маселелер чыкканда жардам кылынат.

Мектеп программасы гана эмес чыгармачылык да бар

“Биз мектептегидей толук кандуу билим бере албайбыз, биз билим берүү мекемеси эмеспиз. Бирок тил жана математика боюнча негизги түшүнүктөр балдарга керек”, - дешет борбордун кызматкерлери. Мектеп программасынан сырткары борбордо чыгармачылык сабактары да берилет. Алардын багыты семестр сайын алмашып, балдарга театр, кесиптер менен таанышуу же сүрөт тартуу сабактары берилиши мүмкүн. Мындан сырткары, борбор музейлер менен кызматташып, алар балдарды интерактивдүү сабактарга чакырышат. Мисалы, учурда Политехникалык музей менен биргелешкен программа жүрүп жатат.

“Көп учурда өспүрүп тилди өздөштүрүп алат, бирок баары бир шаарда жакшы тааныштары менен баарлашып отура алчу жери жок болуп чыгат. Ошондуктан биз балдарды сыртка алып чыгып, шаардык географиябызды биргелешип кеңейтүүгө аракет кылабыз”, - деп түшүндүрөт борбордун мүдүрү Марина Обмолова.

Азыр анын алдында алты кызматкер менен 100 волонтёр бар. Волонтёрлор сабак берүү менен гана чектелбестен, интернеттеги соцтармактарды жүргүзүп, фотобаяндар менен видеолорду даярдап, майрамдардык жана башка иш-чараларды уюштурушат. Волонтёрдун көбү педагогикалык жана психологиялык ЖОЖдордун же факультеттердин студенттери.

Мигрант жана качкындардын балдары эмнеден улам ОФтун мектептерине кириши оор

“Кадимки балдар” борборунун маалыматы боюнча, Москва менен Подмосковьеде аргасыздан жер которгон 50 миңден ашык бала жашайт. Алар Орусияга согуш аракеттеринен, экономикалык көйгөйлөрдөн же башка себептерден улам мекендерин таштап көчө качкан ата-энелери менен бирге келишкен. Мындай балдардын көбү орус тилин билбейт же чала өздөштүргөн.

Мигранттарды жана башпаанек сураган кишилерди турмушка ыкташтырып, аларга жардам берген уюмдар өлкөдө жокко эсе дешет “Кадимки балдар” борборундагылар. Алардын билимин караган эч ким жок, баланы мектепке орноштуруу көп учурда таптакыр мүмкүн эмес. Мигрант менен качкындардын үй-бүлөсүнөн аракет кылгандардын 10 пайызы гана балдарын орусиялык мектепке жайгаштыра алат дейт Марина Обмолова. Мындагы негизги көйгөй – турган жеринде каттоосунун жоктугунан улам мамлекеттик кызмат көрсөтүү сайтына кире албаганы.

“Мыйзам боюнча баланы окууга киргизүү үчүн мамлекеттик кызмат көрсөтүү сайтына кирип, балаңызды орноштурам деген мектепти тандашыңыз керек. Бирок бул үчүн жашаган жериңизде катталганыңыз тууралуу маалымат киргизүүңүз шарт. Албетте, өлкөгө качкын же мигрант катары кирген кишилердин турган үйү жана каттоосу жок. Андыктан сайтка катталып, балдарына билим бере алышпайт”, - деп жыйынтыктады Обмолова.

Сайт аркылуу мындай ыкма менен балдарды мектепке кабыл алуу жол-жобосунун өзү эл аралык гана эмес, орусиялык да мыйзамдарга карама-каршы келет деп белгилешет укук коргоочулар. ОФтун Конституциясына, “Билим жөнүндө” федералдык мыйзамына жана Негизги адам укуктары менен эркиндиктерин коргоо конвенциясына ылайык, ар бир баланын акысыз орто билим алууга укугу бар.

Мультимаданий класстарга мугалим керек

Мындай балдарды орусиялык мектепке каттаган учурда да (көбүнчөсүн Москванын сыртында орноштуруу жеңилирээк), алар менен иштөөнү мугалимдерге үйрөтүү деген дагы бир көйгөй чыга келет. Өлкөдө түрдүү маданияттын өкүлдөрү окуган класстарда сабак бере алчу жана орус тилин чет тил катары окута алчу педагогдорду даярдоо программалары өтө аз.

Мындай сейрек кездешчү программалардын бири Жогорку экономикалык мектептин Илимий изилдөө университетинде иштеп, анын адистери борборго жардам берип турушат. Жалпысынан алаганда, качкындар менен мигранттарга багытталган долборлор көп эмес. Москвада “Кадимки балдар” борборунан сырткары “Жарандык көмөк” комитети жана БУУнун Качкындар боюнча агенттиги, Петербургда “Петербургдун балдары” уюму иш алып барат.

Эгер Орусияга келип калсаңар, биз силерди жайгаштырып, тамак-аш жана турак жай менен камсыздап, документтериңерге жардам беребиз деген мамлекеттик деңгээлдеги программа жок. Киши өзү менен өзү калат деп кейийт “Кадимки балдар” борборунун мүдүрү. Мигрант жана качкын үй-бүлөнүн балдары менен иштеген адистердин деңгээлин жогорулатуу үчүн “Кабимки балдар” Oxfam фонду менен биргелешип, региондон келген педегогдорго бүткүл орусиялык семинарларды уюштурат. Алар барган сайын таанылып бара жатат дейт Обмолова. 2017-жылкы алгачкы семинарга 20 киши келген, акыркысына болсо 100дөн ашык адис катышты.

“Билим берүү министрлигинде мындай көйгөй бар экенин моюндашпайт, - деп баса белгиледи Обмолова. – Ошол эле убакта мага мектептерден чалышып: “Бизде Орто Азия менен Афганистандан келген бала көп. Эмне кылабыз, айлабыз кетти, орус тилин да жакшы билишпейт. Аларды кантип окутуу керектигин да түшүнбөй турабыз”, - дешет”.

2018 Deutsche Welle, Орусия