Борбор Азия

​Түркмөнстан менен Орусиянын жашыруун тиреши

18 декабря 2018 г. 16:50 391

Түркмөнстандагы бипатриддердин көйгөйүнөн сырткары Москва менен Ашхабаддын мамилесин татаалдаштырган көп маселе бар. Аны кантип жакшыртса болот?

Орусиянын мамлекеттик ЖМКлары Түркмөнстанга анча көңүл бура бербейт. Бул өлкөгө сын таккан материалдар жокко эсе. Бирок, мындан улам, Ашхабад менен Москванын мамилесинде баш оорутмалар жок дей албайсың. Тирешүүнүн бири 2003-жылы башталган. Ал жылы Сапармурад Ниязов Орусия менен түзүлгөн кош жарандуулук келишимин бир тараптуу бузуп жиберген. Газ боюнча ири келишим түзүлүп жаткан ал кезде Кремль муну көз жаздымга калтырайын деген. Бирок башында чет өлкөлүк, андан кийин орусиялык ЖМКлар менен орусиялык парламент ызы-чуу чыгарышкан.

Бипатриддердин көйгөйү Лавровду тердетти

Андан бери он беш жыл өтүп, Ниязов оо дүйнөгө узап, Түркмөнстанда бипатрид деп аталгандардын иши бир нече баскычтан өткөнү менен акыры туңгуюкка кептелген. 2018-жылдын 7-декабрында бул маселе орусиялык ТИМдин башчысы Сергей Лавровду кууп жеткен. Пресс-жыйындын учурунда андан 2003-жылдан кийин орусиялык жарандыкты алган кишилер тууралуу сурашкан. Лавровдун ЖМКларга берген жообунан, түркмөн тараптын бул маселени чечээрине ишендиргени, Орусия болсо Ашхабаддан жакын арада реалдуу кадамдарды күтүп жатканын билсе болот. Мындан сырткары кош жарандык тууралуу келишим жокко чыгарылганга чейин “маселелерин чечкенге” үлгүрбөй калган бир ууч адам тууралуу сөз болуп жатканы айтылды.

КМШ өлкөлөрүн изилдөө институтунун кызматкери Андрей Грозин DW’га берген маегинде муну төмөнкүчө жоруган: «ОФ ТИМинин жетекчисинин сүйлөшүүлөр жүрүп жатат дегенине шек келтире албайсың. Бирок, баардык маалымат жашырылгандан улам, алар чын эле жүрүп жатабы деген суроо да акылга келбей койбойт”. DW’нын маектешинин айтымында, Орусия 2003-жылдан кийин кош жарандык алгандарды, ага чейин жарандык алгандарга теңеп коюу керектигин туура көрүп жатат. “Айрыкча, мындай “асылган” абалда калгандар анча көп эмес. Бир нече миңдей киши тууралуу сөз болгондой. Бирок алар тууралуу так эсеп жок”, - дейт Андрей Грозин.

Орусиялык паспорт көйгөйүн Ашхабад кантип колдонууда

Венадагы “Адам укуктары боюнча түркмөн демилгеси” (АУТД) уюмунун башчысы Фарид Тухбатуллин бул маселе боюнча башкача ою бар. “Үч жыл мурун Түркмөнстанда жашаган орусиялык жарандардын эки жүз миңдин тегерегинде экени айтылган. Мен бул цифранын так экенине кепил боло албайм, 2003-жылдан кийин канча киши орусиялык жарандыкты алганы жөнүндө эч кандай маалымат жок. Бирок алар да аз эмес деп ойлойм”, - дейт ал.

Анын баамында, Москва менен Ашхабад ортосунда бул маселе боюнча олуттуу сүйлөшүүлөр жүргөнү байкалбайт. “Маселе, 2008-жылы жаңы Конституция кабыл алынганда, курчуган. Ал Түркмөнстан жарандарына экинчи жарандыкты алууга тыюу салган. Андан бери он жыл өтүп, эки тарап тең маселе чечилип жатат дегени менен, араба бир карыш да жылган эмес. Көйгөй боюнча экономикалык жана дипломатиялык соода ачса болот эле, бирок Орусия түркмөн газын ансыз деле сатып алууга даяр сыяктанат. Менин билишимче, бипатриддердин маселеси буга байланыштуу көтөрүлгөн эмес. Ашхабад бул теманы өзүнчө карагысы келет”, - дейт укук коргоочу. Ал, түркмөн бийлиги муну орус тилдүү калкты сүрүп чыгаруунун негизги куралы катары колдонгусу келет деген ойдо.

Бипатрид көйгөйүн газды импорттоо аркылуу чечсе болобу?

Өз кезегинде Андрей Грозин, бюджети эбегейсиз чектелген Ашхабад учурда экономикалык көйгөйлөрүн чечүүгө кызыктар, деген ойдо. “Москва менен ар тараптуу соода жүрүп жаткансыйт. Түркмөн газын сатып алуу сүйлөшүүлөрдүн бир бөлүгү болуп калышы мүмкүн”, - деп эсептейт эксперт. “Газпромдун” 2016-жылы түркмөн газын импорттоону токтоткону, эки мамлекеттин мамилесин солгундаткан экинчи маселе.

Бул жылдын 28-ноябрында “Газпромдун” жетекчиси Алексей Миллер Ашхабадга келген. “Ал зыяраттан кийин эки тарап тең баардык иш импортту жандантууга бара жатат деген. Бирок баалар кандай болоору айтылган эмес. Ашынган оптимисттерден сырткаркы баардык орусиялык эксперттер, жылына бирден үч миллиард кубометрге чейин сатып алуу тууралуу айтышууда. Бирок мынчалык аз көлөмдө болсо да, келишим Түркмөнстан үчүн жакшы жетишкендик болмок. Анткени акыркы жылдары чоң үмүт арткан кытай өнөктөштөрү Ашхабадды катуу өкүндүргөн. Түркмөндөр Орусия менен 2016-жылга чейинки көлөмгө жетебиз деген үмүттө. Бул көлөм учурда “Газпром” менен “Лукойл” биргелешип Өзбекстандан чыгарып жаткан алты-сегиз миллиард кубометрге жакын”, - дейт Андрей Грозин.

Москваны Кушка тынчтантат

“Паспорт менен газдан” сырткары Орусия менен Түркмөнстандын, афган-түркмөн чек арасы деген, дагы бир көйгөйү бар. Москва афган чектеринде калыптанып жаткан радикал исламчы топторго каршы Ашхабад орусиялык аскерлерди активдүүрөк колдонушу керек деп эсептейт. Мында, 2016-жылы ОФтун коргоо министри чек араны кайтарууда жардам сунуштаганда, Түркмөнстан макулдук бербей койгонун эске сала кетүү керек. Бул жылдын ноябрынын орто ченинде КМШ өлкөлөрүнүн чек ара башчыларынын Кыргызстанда өткөн кеңешмесинде, афган аймагынан аткылоодон улам Түркмөнстан чектеринде абал бир топ курчуганы талкууланган. Буга түркмөн ТИМи эч кандай курчуу жок деп кесе жооп берген.

Жогорудагы тема Түркмөнстанда жабык, ошондуктан бул тууралуу маалымат алуу оор дейт Фарид Тухбатуллин. Бирок, анын маалыматы боюнча, Кушка баш болгон, афгандар менен чектешкен башка аймактарда, согуштук кырдаал түзүлгөндөй. Көбүнчөсүн баңгизат ташыган топтор тынчсыздантат. Андан сырткары, Түркмөнстанга кирүү ниети байкалбаганы менен радикал исламчылар да маал-маалы менен чалгындоо чабуулдарына өтүшүүдө.

“Чоң кагылышуу тууралуу акыркы маалымат ушул жылдын жай айларында келген. Атышуу учурунда ондогон түркмөн аскери курман болду деген кабар түшкөн. Майда кыгылышуулар дайыма болуп турат”, - дейт АУТДнын башчысы Фарид Тухбатуллин. Ошону менен бирге, деп сөзүн улайт Венадагы маектешибиз, Ашхабад өз коопсуздугун сакташ үчүн Орусия жана ОДКБ менен да кызматташкысы келбейт, бирок кээде батыш дипломаттары менен кеңешип турат. “Бирок учурдагы шарттардан улам алар олуттуу жардам бере албашы турган иш”, - деп эсептейт ал.

Түркмөнстан – Афганстан: Коопсуздук теңдемеси

“Орусиялык аскерлерди чек ара кайтарууга чакырса, Ашхабад нейтралдык статусунан тикелей кайткан болот. Коопсуздук маселесинде чегинүү менен, Түркмөнстандын регионалдык иштерден толук ажыроо саясаты өтмүштө калат. Эшикти коомайлаарың менен босогоңу биринин өтүгү ээлейт”, - деп түшүндүрөт түркмөн тараптын позициясын Андрей Грозин.

Ошол эле убакта “Регионалдык коопсуздук таразасында Түркмөнстандын салмагы белгисиз бойдон калууда” дейт эксперт, аны эч ким так эсептеп чыга албайт. “Эгер Марыда америкалык же немис аскерлери, же кытайлык “жолдоштор” турса, Москва үчүн жагымсыз болсо да, абал түшүнүктүүрөөк болмок. Учурда болсо кышында жыбылчу белдери жок, өз коопсуздугун сактоого ресурстары жетишсиз түркмөн чек арасында качан эмне болуп кетээри белгисиз. Сирия менен Ирактан миграция кылган согушчандардан башка жаңы эч нерсе жок болсо да, бул баары бир баш ооруткан кырдаал”, - деген ойдо Андрей Грозин.

2018 Deutsche Welle, Борбор Азия