Батыш

Рейтинги “үйлөтүлгөн” президент Францияда да оор абалда

13 декабря 2018 г. 17:18 579

Ишемби 8-декабрда Францияда “сары жилетчедердин” нааразылык акциялары уланды. 1400дөн ашык киши кармалып, арасында 17 полиси бар 100дөн ашыгы жаракат алды. Нааразылыкка өлкө боюнча 125 миң киши чыккан. “Сары жилеттерге” аралашкан улутчул шовинисттер полис менен кагышып, унааларды өрттөп, айфон саткан дүкөндөрдү чагып келет. Полистер желим ок, көз ачыштыруучу газ жана басым менен бүркүлгөн суу колдонуп жатат.

“Сары жилетчен” акциялары башталганына төрт апта болду. Баштапкы 17-ноябрдагысына 300 миңден ашык киши катышкан. Андан бери ар ишембиде өтүп жатат. Мынчалык ээн баштык менен коштолгон нааразылыктар акыркы он жылда болуп көргөн эмес.

“Сары жилеттердин” митингдери вандалдык жана зөөкүрлүк менен коштолууда. Бир нече жүз киши түрдүү жаракат алып, экөө көз жумду. Марадёрлук жана дүкөндөрдү талкалоолор катталып жатат.

1-декабрда Париждеги нааразылык учурунда атактуу Триумфалдык арка олуттуу запкы жеген. Вандалдардын бир тобу музейдин ичине кирип, Напалеондун мрамор айкелинин башын талкалап, башка айкелди толугу менен жанчып, дубалдарга граффити тартып кетишкен.

Башында “сары жилеттер” бензин баасынын өсүүсүнө каршы чыгышкан. Андан кийин салыкты азайтуу жана минималдык айлык акыны көтөрүү талаптары кошулган. Бир жылда Францияда бензин 15, дизель 23%га көтөрүлгөн. Күйүүчү майга көбөйтүлгөн салык француздарды коомдук унааларды колдонууга жана электр-унааларын сатып алууга багыттамак.

6-декабрда Франция өкмөтү автоунаа майларынын салыгын көбөйтүүдөн баш тартып, ал тууралуу талап 2019-жылдык бюджеттин мерчеминен чыгарылганын премьер-министр Эдуард Филипп айткан. Анын айтымында кыш бүткөнгө чейин газ менен электрдин да баасы көтөрүлбөйт.

Өкмөт күйүүчү майлардын баасына мараторий киргизгенден кийин, митингчилер өкмөт менен өлкө президенти Эммануэль Макрондун жалпы саясатына каршы чыга башташты. Нааразылардын өкүлү Кристоф Шаленсон өкмөт кеткенде гана тынчтанышаарын билдирген.

Француз телеканалдарынын сурамжылоолору француздардын 72%ы “сары жилеттердин” талаптарын колдоорун, бирок 85%ы ээн баштыкка каршы экенин көрсөткөн.


Мындан улам 10-декабрда BFMTV телеканалынан элине кайрылган Эмманүэль Макрон жоопкерчиликти өзүнө алып, бир катар чегинүүгө барганы менен ээн баштыкты кабыл албасын айткан. Ал минималдык айлыкка дагы 100 евро кошулаарын, 2000 евродон аз алган пенсионерлерден социалдык жыйын алынбашын жана ашыкча саат иштегендеги маянага салык салынбашын айткан. Бул убадалар 10 млрд еврого тураары эсептелген.

FAZ агенттигинин баяндамачысы Андреас Росс “аны (Макронду – Саресеп) Елисей сарайына көтөрүп кирбеген француздардын” көңүлүн алмайынча, жеңиш даамын татып калган “сары жилеттер” француз ажосун макамынан сыйрып түшүүдөн кайра тартпайт деген ойдо.

Мунусу менен президенттик шайлоо учурунда Эммануэль Макрондун ПИАР-технологиялар менен үйлөтүлгөн рейтингине көңүл бурду.

“Сары жилеттер” келерки ишембиде да нааразылык акцияларын улантмакчы.

БАШКА МАКАЛАЛАР