Кытай/Индия

​Гендери жакшыртылган кытайлар өлкөсүнүн аброюн оңдой алабы?

12 декабря 2018 г. 17:32 335

Кытай дүйнөнү дүрбөткөнүн койбоду. Өткөн айдын этегинде кишинин гендери менен ойноп, “жакшыртылган” адам жасап чыгуу аракеттери тууралуу жар салды. Бул айдын башында Чыгыш Түркстанда этникалык концлагердерди куруп, түшүнүксүз медико-психологиялык эксперименттерди жүргүзүүдө деп шектелди. Батыш былтыртан бери жогорку технологиялык ишканаларды кытайлыктардын сатып алуусун бөгөп баштаган. Эми өкмөттөрү кытайлык электрон-санариптик техникасынан баш тартууну сунуштап жатат. Бул көрө албастыкпы же негиздүү чочулообу?

Өткөн айдын этегинде Шеньчжедеги Илим жана технология университети гендери оңдолгон балага ыраазы болчу үй-бүлөлөрдү тандап баштады. Кытай окумуштуулары CCR5-гени алынган, СПИД, чечек жана тырышма ооруларын сезбеген балдарды чыгарууну мерчемдешкен.

Бул эксперименттин автору Хэ Цзянькуй мындай бала төрөлдүбү суроосуна жооп бербей койгон. Бирок, буга чейин жарыяланган документтер боюнча, генетикалык тесттер 24 апталык (6 айлык) эмбриондорго кылынган. Бул балдар төрөткө чейин жетип-жетпегени али белгисиз.

Кишини жакшыртуу аракеттери бир тарабынан сакайтуунун жаңы формасы сыяктуу көрүнгөнү менен экинчи жактан генетикалык кийлигишүү аркылуу буйрутмага жараша бала чыгаруу аракетине алып барышы мүмкүн. Бирок мунун ахлактык жагы күмөн жаратат, себеби мындай генетика келечек муунга өтпөшүн жана жалпы генофондго таасир этпешин эч ким кепилдей албайт.


Түйүлдүктүн бири түрдүү редакцияланган түрдүү клеткалардан “куралганы” кытай экспериментинен көрүнүп турат. Мындай аракеттер, илим боюнча, сакайтуу формасы менен кишини өзгөртүү чегиндеги күмөндүү зонадага кирет. Себеби ал эмбрионду оорудан айыктырбастан, ага кандайдыр бир артыкчылык берет.

Генди өзгөртүүнү кебетеси жана мүнөзү өзгөртүлгөн “дизайнерлик бала” чыгарууга колдонбоо керек дегенге адистин баары макул. Бирок Хэ Цзянькуйдун илимий аракеттери Кытай коомчулугунун түшүнүк нугуна жараша калыптанган. Өлкө калкынын көпчүлүгү, коомдук пайда жеке кишинин тагдыры менен эл аралык эрежелерден жогору, деген пикирде. Кытайлыктарда, “дүйнө генофондундагы күчтүү гендерди келечек муунда бириктирсе болот деген ой үстөм” деген окумуштуунун таанышы.

1-декабрда Канадада Huawei компаниясынын каржы мүдүрү Мэн Ваньчжоу кармалган. Аны Иранга каршы киргизилген АКШнын санкцияларын бузуп, бул өлкөгө америкалык жабдык саткан деп айыпташууда. Буга чейин кытайлык ZTE копманиясы Иран, Түндүк Корей жана Сирияга жабдык сатты айыбына жыгылып, АКШга 1,2 млрд доллар айып пул төлөгөн. Күчтүү кытай фирмасынын тың чыкма айымы кармалганы дүйнөлүк биржаларды дүрбөтүп, АКШдагы негизги инекстер 3%га, Кытайдагы Shanghai Composite менен Hang Seng 1,7% жана 2,5%га, Жапандардын Nikkei’и 1,9%га түшкөн.

Ал арада, дүйшөмбү, 11-декабрда Жапония өкмөтү коопсуздукка байланыштуу мамлекеттик органдарына кытайлык Huawei жана ZTE компанияларынын жабдыктарын сатып алууга тыюу салды. Жыл ичи мындай кадамдарга АКШ, Австралия жана Жаңы Зеландия да барган. Демократиялык өлкөлөрдүн бийликтери бул компанияларды, кытай өкмөтү менен тыгыз иштеп, кардарларынын маалыматтарын ага өткөрүп берүүдө, деп айыпташууда.

Кытайдын Токиодогу элчилиги аталган компаниялардын кооптуу экени далилденбегенин, жергиликтүү калкка социалдык жардам беришкенин айтып, кытайлык ишкерлерге “адилеттүү шарт” түзүүгө чакырды.

Жалпысынан алганда, кытай бийлиги менен хань улутунун аброю солгундап, дүйнө коомчулугу аларга барган сайын кооптонуу менен карап турган чак.