Ислам дүйнөсү

Адам укугу корголгон мусулман өлкөсү барбы?

11 декабря 2018 г. 12:25 475

Ыкластуулук дининин өзөгү болгон “ислам өлкөлөрүнүн” аткаминерлери эки жүздүүлүктүн рекордун улам жаңыртып келишет. 2018-жылдын 50-аптасы да бул өңүттөн куру эмес.

10-декабрда Түркия президентинин пресс-катчысы Фахреттин Алтун Reuters агенттигине Анкара сауд журналисти Жамал Кашыкчынын өлтүрүлүүсүн эл аралык укуктун чегинде тергөөгө чакырат, мындай тергөө “дүйнө коомчулугунун кызыкчылыгына дал келмек” деген.

Түрк тарап анын консулдукта өлтүрүлүп, денеси бөлүнүп жок кылынгандыгын айтып, буга сауддардын мураскер ханзаадасы Мухаммад бин Салмандын тиешеси бар дегенсип келет. Сауддар бул дооматты четке кагууда. The Washington Post гезитинин 59 жаштагы журналисти 2-октябрда Стамбулдагы сауд консулдугуна кирген боюнча жок болуп кеткен.

Түрк аткаминерлери сауд консулдугундагы кылмышка тиешелүү аудио бар, аны Кашыкчынын колундагы атайын саат аркылуу алып турганбыз деп келет. Түркиянын эң күчтүү укукчуларынын бири Иззат Өзгенч 1-ноябрда бул кылмыш болуп жаткан учурда аны токтотууга укугу бар түрк тарабы жок эле дегенде милдетин аткарбагандыгы айыбына жыгылат деген оюн айткан. Түрк бийлиги бул кылмышты аткарган 15 киши менен ал кездеги сауд консулу Мухаммед Утейбинин өлкөсүнөн чыгып кетүүсүнө жол берген.

Акыркы жылдары укук талап кылган журналист, адвокат, сот, полис жана прокурорлорду камоо боюнча түрк бийлигинин дүйнө чемпиондугун бербей келе жатканын эске алганда, президенти Тайып Эрдогандын пресс-катчысынын дүйнөлүк укук үчүн күйпүчүктөгөнүн эки жүздүүлүктүн туу чокусу десе болот. Муну, сауд ханзаадасын тактыдан тосуп калуу аракети ишке ашпай калган Эрдогандын, майда соодага өткөнү дей алабыз.

Сауд коллегасы да эки жүздүүлүктө түрк ажосунан кем калышпайт. Мухаммад бин Салман телефондон “Жамал Кашыкчынын оозун эртерээк жабуу зарыл” деп айтканына карабай, анын өлүмү чоң саясий жоготууларга алып келээрин түшүнөөрү менен журналисттин уулу Салах Кашыкчыга жолуга салып, бүткүл медиага жайдырган.

Ал арада мындай жетекчилердин “дүйнөлүк стандарттагы укукту кармануусу, камкордугу менен адилеттүүлүгү” алдында жашоонун ордуна миллиондогон карапайым мусулман батыш өлкөлөрүнөн башпаанек сурап келет. Ошол эле Түркиянын он миңдеген жараны өлкөдөн качып, жүз миңдегенинин паспорттору жокко чыгарылып, өз өлкөсүндө кордук чегүүдө.

Германияда 467 миң сириялык “качкын” статусун алганы 30-ноябрда белгилүү болду. Сириядагы согушта күн сайын кишилер жаракат алып жана өлүп жатканынан улам, Германияда кылмыш кылып, анын коопсуздугуна коркунуч келтирген сириялыкка да качкын статусу берилип келет. Немис жергесинде 2017-жылга чейин сириялыктан сырткары 127 миң ирактык, 84 миң афган гуманитардык себептерден улам башпаанек алган.


БАШКА МАКАЛАЛАР