Ара жолдогу мамлекет

​Армениянын премьери Пашинян Назарбаев баштаган эски муунга чоочун

10 декабря 2018 г. 19:06 463

Кыргызстанга окшоп, Орусия демилгелеген уюмдун баарына кирген, Евразиялык экономикалык биримдиктин эң биринчи чыныгы парламенттик республикасы Арменияда кечээ парламенттик шайлоо аяктап, партиясы 70 пайыздан ашык добуш алган Никол Пашинян автоматтык түрдө премьер-министр болуп калды.

Чыныгы парламенттик республика дегенибиздин себеби, Армениянын акыркы президентин 2-мартта жарандар эмес Улуттук Жыйын (армян ЖКсы) шайлаган. Ошондуктан мурунку аптада, 6-декабрдагы ЕАЭБдин жыйынында аны бул уюмга кирген карт башчылардын кыртышы сүйбөй, Никол Пашинян иш-чара бою бир чекитти тиктеп ойлоно берген. ОДКБнын башчылыгын Белорусияга тарттырып жибергени да маанайын чөктүргөн.

КМШ аксакалдарынын Николду жеригенинин себеби – ал саясий оюндардын натыйжасында эмес, карапайым калктын сүрөөсү менен бийликке келген лидер. Аны армян парламентине киргизген “Көчүү” блогу 2017-жылы 7,78% добушка жетип, 105 кишилик Улууттук Жыйында болгону 9 орун уткан. Он жыл президент болуп армян элин тажаткан Серж Саргсян жаңы конституция бонча күчкө толгон премьерлик макамга секирем дегенде Пашиняндын жылдызы жанган.

“Кадам таштап, Сержден баш тарт” деген ураан Арменияда тегиз жаңырган. Себеби 2015-жылы конституциялык реформага үгүттөгөндө, Саргсян 2018-жылы президент да, премьер да болбойм деген убада берген. Элдин нааразылыгынан улам “жаңы-эски” башчы өкмөтү менен бирге отставкага мажбурланып, биздикиндей айдама парламент Никол Пашинянды аргасыздан премьер-министрликке шайлаган.

Арменияда мындай толкундун жаралып, эски бийликти жууп кетүүсүндө калктын интернеттеги соцтармактардан бири-бири менен байланышканы жана Никол Пашиняндын фейсбуктагы баракчасынан элди багыттап, анын аракетин керектүү учурда күчөтүп, керек болгондо басаңдатып турганы чоң жардам берген.

Армян парламентинде мурунку президент Саргсянга жакын Армениянын республикачыл партиясы (АРП) күчтүү болгондуктан (50 депутат), дагы бир нече партия менен бирге өкмөттүн ишине бут тосуп, парламентти таркатууну татаалдаштыруу аракеттерине барган. Муну Пашинян “элге каршы контрреволюциялык аракет” катары баалап, жаңы шайлоо тезден өтүүсү керек деп премьерликтен кетип, бир нече саясий кадамдар менен Улуттук Жыйынды таркоого мажбурлаган.

Саясат таануучу Степан Григорян эски парламент коомдук талапка жооп бербегенин 23-сентябрда өткөн Еревандагы шайлоо жакшы көрсөттү деген ойдо. Анда Еревандын аксакалдар кеңешиндеги оорундун көбүн Пашиняндын “Өз кадамым” блогу оңой эле утуп алган. “Баары өз ордуна келиш үчүн жаңы (парламенттик) шайлоо керек экени айкын болду”, - деген политолог.

Кечээ, 9-декабрдагы шайлоо бул ойду тастыктап, Пашиняндын блогу 70%дан ашык добуш алып, АРП 5%дык барьерди өтө албай, парламенттен сырткары калды. Ошентип акыркы жыйыны белорус президенти Лукашенко менен орусиялык ажо Путиндин газдын баасын талашуусу менен таанылган ЕАЭБдин жыйналыштарында эң негизги ньюсмейкер Никол Пашинян болмокчу.

Пашиняндын буга чейинки кадамдарынан ал, мурунку армян жеткечилериндей, ЕАЭБ менен ОДКБда даяр чечимдерге “баш ийкеме” саясаттын жүргүзбөйт дейт Ереван пресс-клубунун президенти Борис Навасардян. “Армения, менин оюмча, эл аралык күндемдин бардык багыты боюнча өз жорумун суна баштайт. Бейимчил эмес, Еревандан кандай көрүнсө, ошондой саясат калыптанат”, - дейт Навасардян. Ошентип ЕАЭБдин бир өлкөсүнүн башына советтик доордон толук үзүлгөн, өз пикирин айтуудан тайсалдабаган, жаңы муундун лидери келди.

БАШКА МАКАЛАЛАР