Ислам дүйнөсү

​Трамптын коопсуздук кеңешчиси Гүленди түрктөргө уурдап берүүгө аракеттенген

9 декабря 2018 г. 10:56 849

Дональд Трамптын мурунку улуттук коопсуздук кеңешчиси (жакын беш кишисинин бири) Майкл Флинн учурда АКШнын Пенсильваниясында жашаган ислам диянатчысы Фетхуллах Гүленди түрк бийлигине уурдап берүүгө аракеттенген. Бул тууралуу атайын прокурор Роберт Мюллердин мурунку таасирдүү аткаминерге ачылган тергөө ишинин кыскача мазмунун 5-декабрда прессага бергенде билинди.

Флинн АКШнын 2016-жылкы президенттик шайлоосуна кийлигишүүдө орустарга жардамдашкан деп айыпталып, Трамптын адмнистрациясынан бир айга жетпей кетүүгө мажбур калган. Адистер, орустар атайын программаларды колдонуп, фейсбукта “300 лайк койсоң, сени жубайыңдан да жакшы түшүнүп”, оюңду каалаган тарапка буруп, “туура” добуш бергенге мажбурлай алган деңгээлге жетишкен дешет.

Мисалы мындай программа АКШ фирмалары АКШда чыгарган машинаны гана алган улутчул, бирок шайлоого кош көңүл бири шайлоо сандыгына барса, добушун сөзсүз Трампка берээрин аныктаган соң орусиялык троллдор алардын жеке даректерине учурдагы президенттин атаандашы Хиллари Клинтонго шек келтирген, жана ага каршы добуш берүүгө үндөгөн “мекенчил” каттарды жөнөтүп турган.

Ушундай технологиялар колдонулган шайлоого чейин жана анын учурунда Майкл Флинн орус элчиси менен бир нече жолу көрүшкөн. Кийин аны менен жолуккан эмесмин деп жанын жеген. Шайлоого орустар Фейсбук аркылуу таасир бергенин билип туруп жашырган. Учурда Трамптын орустар менен жакындыгын териштирип жаткан атайын прокурор Роберт Миллердин жетекчилигинде АКШнын тиешелүү кызматтары мунун баарын ачыкка чыгарып, Флинн капаска солонгон.

Бирок тергөө менен аябагандай жакшы кызматташканы үчүн прокурор Миллер 5-декабрда Майкл Флин катышкан кылмыштардын мазмунун прессага берип, аны тергөө убагындагы камактан бошоткон. Ал кылмыштардын арасында АКШдан ислам аалымы Фетхуллах Гүленди уурдап, Түркияга качыруу үчүн Флинндин түрк президенти Тайып Эрдогандын күйө баласы, энергетика министри (учурда казына жана экономика) Берат Албайрак, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу менен Нью-Йорктогу бир отелде жолукканы далилденген.

Бул жолугушууга катышкан CIA кызматынын мурунку башчысы Жеймс Вулсей тергөө убагында: “2016-жылдын 19-сентябрында Нью-Йорктогу бир отелге чакырылдым. Түрк энергетика министри Берат Албайрак, тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу, Эким Алптекин, Майкл Флинндер менен жолугуп, Гүлендин мыйзамга ылайык өткөрүп берүүсүн күтпөстөн, Түркияга тапшыруу каралды. Гүленди түн ичинде отурган үйүнөн уурдап кетүү сүйлөшүлдү”, - деген. The Wall Street Journal Гүленди уурдоого жардам бергени үчүн Алптекин менен түрк бийлиги Флиннге 15 млн доллар сунуштаганын жазган.

Мындан сырткары Hill гезитине Фетхуллах Гүлендин коркунучтуу аалым деген жалганга толгон макала үчүн Эким Алптекин Флиннге 530 миң доллар бергени далилденген. Трамптын сырдашы АКШнын ФБРине байланышып, “Гүленди Түркияга (сотсуз) берүү жолдору барбы?” деп да сураган. Майкл Флинндин акча берилсе, мындай шектүү иштерди аткара алат деген сунуш, түрктөргө аны пайдаланып жүргөн орустардан келген деп айтылууда.

Түрк бийлигинин мындай киши уурдоо аракетинин себеби – Гүленди бер деп жиберген 85 кап документтер эч нерсеге жарабаган, түрк бийлигине жакын гезиттер салынган, америкалык тергөөнүн айтымында “таштанды” болуп чыккан. Мындан улам Түркияда 2016-жылдын 15-июнунда өзүнө-өзү аскер төңкөрүшүн уюштуруп, көбүнчөсү мугалимдерден турган 80 миң жаранын террорист тизмесине коюп, башчысы катары Фетхуллах Гүленди “дайындаган” Тайып Эрдогандын колунда аны АКШдан талап кылып алгандай кыпындай далил жок экенин түшүнсө болот.

Атайын прокурор Роберт Миллер менен 19 ирет көрүшүп, булбулдай сайрап берген Майкл Флинн, учурда тергөө менен жакшы кызматташканы үчүн түрмөдөн чыгарылды. Бирок Түркиянын эки министри менен Эким Алптекинге иш козголуп, АКШда же АКШ менен кызматташкан өлкөлөрдөн кармалып, америкалык сотко жеткирилүү ыктымалы артты. Тергөө чынжыры андан нары кайсыл кишилерге чейин чубалаары да көрүнө баштады.

БАШКА МАКАЛАЛАР