Батыш

Мигрантсыз карыган, бирок мусулманды каалабаган Европа жөнүндө

6 декабря 2018 г. 16:08 400

Ватикандык журналист Сандро Мажистера блогунда: “2017-жылы Италияда эң аз бала төрөлгөн. 60,5 млн киши жашаган өлкөдө 458 151 бөбөк көз жарган, 2018-жылы 440 миң гана төрөлмөкчү, бул ар миң кишиге жети гана ымыркай дегендик. Бул Евробиримдиктин орто көрсөткүчүнөн 30%га төмөн. Улут сакталып калыш үчүн бир үй-бүлө 2,1 бала өстүрүшү керек болсо, Италияда 2017-жылы 1,32 бөбөк төрөшкөн. Бул цифралар улуттун жок болуп баратканынан кабар берет”, - деп жазган.

Ошону менен бирге биринчи жолу расмий баш кошуу бир жыл ичинде 7,3%га азайып, чиркөөдө никелешүү да ошол эле мөөнөттө 10,5%га төмөндөгөн дейт Мажистера. Италиялык демография боюнча адис Роберто Вольпи (дин карманбайт): “Расмий менен бирге диний никеге тургандар көбүрөөк балалуу болушат. Чиркөөдө никесин көбүнчөсүн биринчи жолу үйлөнүп жаткандар кыйдырат, ошондуктан диний никелешүүнүн азайганы кооптуу. Чиркөө буга көңүл буруп, тез чара көрсө жакшы болот эле”, - деген Мажистерага.

Европада дагы бир чочуткан кырдаал бар. Мисалы Британияда гомосексуалдыкты колдогон MORF атту уюм өспүрүм кыздарга, ата-энеси билбей калышы үчүн, сүрөтсүз кутуда эмчегин байкатпай салчу бандаждарды жөнөтө баштаган. Манчестердеги бул LGBT уюму саламаттык сактоо департаментинен 1,2 млн фунт (1,5 млн доллардан ашык) жана “Ири лотерея фондунан” 500 миң фунт грант алган.

Мындай бандажды кийип өзүн трансгендер деп атаган кыздар көбөйүп бара жатканы жарандык активисттерди чочута баштады дейт The American Conservative сайтында чыккан макаласында Род Дреер. Ал: “Британ элитасы – өкмөт, академия, Би-би-си жана башкалар – келечекти колунан келген бардык жол менен жок кылууну милдет көрүп алган. Алар төрөттү азайтып, келечек муун пайда болчу чөйрөнү жок кылуудан кайра тартпайт”, - деп жазган.

“Европанын таң калычтуу өлүмү” китебинде батышта исламдын тарап жатканынан чочулаган гей-атеист Дуглас Мүррей: ““Мен баланча жашка (адатта 20-30дун арасы) жетип, түнкү клубда мас кезимде “жашоо ушинтип өтө береби” деп ойлондум” дегендин баары эмне үчүн христиандыкка эмес, исламга кирип жатышат? Анткени европалык христиандыктын көбү өз динине тартууга эрки калбай калганы аз келгенсип, диний чакырыгына өздөрү ишенбей калышкан. Изденген киши европалык маданияттан же “Жашооңун маанисин каалаган жериңен тап ал”, же “Мааниси жок ааламда, сенин жашооң да маанисиз”, - деген жооп алууда”, - деп жазган.

Америкалык ойчул Бен Шапиро батыш дүйнөсүнүн алсыроосун: “Чиркөө бириктирген күч эмес, диний зомбулуктун чордону; үй-бүлө бала менен аялдын коргону эмес, эркек үстөмдүк кылган зулумдук түзүмү; жергиликтүү жамааттар жаңылануу жана кол кабыштын башаты эмес, эскиликтин уюгу катары көрсөтүлө баштады. Бул институттар (оңчул-солчул саясатчылар тарабынан) ойрон кылынып, бизди “алардын туткуну болчусуңар” дешип бошотушту. Аркада урандылар гана калды”, - деп жазган.

Ал арада жогоруда “батышта жоголуп баратат” делген баалуулуктарга бай мусулман көчмөндөр батыштын үрөйүн учуруп келет. Жети кылымга жакын исламдык башкарууда болгон Испаниянын Андалусиясында шайлоо өтүп, мусулман мигранттардын өлкөгө кирүүсүн токтотобуз деген “Вокс” партиясы алдыга чыкты. Анын жетекчиси Рафаэль Бардахи: “Бизди фашист дешет. Десе дей беришсин... иммигранттар мусулман болгондон көрө христиан болсун, анткени мусулмандар менен канчага чейин узак жашай алаарымды билбейм... мектеп менен түрмөдө халал тамак жейбиз дешип, коомдук көйгөйлөр арта баштайт, бир нече убактан кийин үйүңдүн жанындагы машинаны өрттөшөт. Муну Европанын мусулмандар көбөйгөн жерлеринде көрүп жатпайбызбы”, - деген.

Ошентип 2018-жылдын 49-аптасында жарандары азайып, калкы карып, демографиялык көйгөйлөрү артып бара жаткан Европада, жиндирээк болсо да, зарыл болгон мусулман мигранттарынан чочулаган саясий күчтөрдүн таасири артып барат.