Кытай/Индия

Кытай концлагерлери: Азаптоо жана өлүмдөр далилденди

5 декабря 2018 г. 19:10 873

Азаптоо, сабоо, ачка калтыруу жана өлүм. Заманбап кытай концлагеринен чыккан келиндин АКШ Конгрессине берген көрсөтмөсү

Өткөн аптада АКШ Конгрессинин коомчулукка ачык угуусунда кытайлык Синзян аймагынын топтоочу лагеринен чыккан 29 жаштагы Махригүл Турсун көрсөтмө берди.

Холокосттон кийин “концлагерь” жана “нацизм” сөздөрүн оңду-солду колдоно берүү адаттан тышкары болуп калган. Бирок Кытайдын коммунисттик партиясы Синзянда мусулмандар үчүн курган жайлар концентрациялык лагерлердин дал өзү. Уйгурлады Синцзянда репрессиялап, лагерлерге жөнөтүлүүсү тууралуу маалымат акыркы он жыл бою тарап келген. Бирок мындай куугунтукка кабылган кишилер миң же жүз миң эмес, миллиондоп саналаары азыр эле билинди.

АКШнын мамлекеттик департаментинин маалыматы боюнча, кытай өкмөтү эки миллионго жакын уйгур жана башка мусулмандарды легерлерге сологон. Укук коргоо топторунун айтымында, мындай киши үч миллионго чамалап калды. Кытай бийлиги концлагерлердин бар экенин моюндабай келген. Бирок октябрда чыккан экстремизм менен күрөшүү отчётунда Пекин “кесиптик окуу жана адистикти жогорулатуу” борборлорунун бар экенин моюндаган. Ал жакка “экстремизмдин таасиринде калган” кишилер жолдонот деген.

“Экстремизм менен натыйжалуу күрөш” үчүн Кытай бийлиги Синзяндын шаарларында, айрыкча Кашкарда жапырт аңдуу жана жүздөн таануу системасын орноткон. Уйгурлар өзгөчө көзөмзөлдөнүп, кварталдан кварталга каттап, супермаркеттен бир нерсе алуу үчүн атайын көзөмөлдөн өтүүлөрү шарт. Кытайлар үчүн мындай тартип жок.

Махригүл Турсун расмий аталышы Кытайдын Синзян-Уйгур автономдуу району делген Чыгыш Түркстанда төрөлгөн. 12 жашында кытай өкмөтүнүн уйгур балдарын ички Кытайга көчүрүү программасына ылайык, эне тили менен маданиятынан алыс Гуанчжоудагы орто мектепке жиберилген. Махригүл Гуанчжоу университетинин экономика факультетин аяктаган соң араб мамлекеттери менен бизнес жүргүзгөн жеке менчик компанияга орношкон. 2010-жылы Махригүл Каирдеги Британ университетинде англис тилин окуш үчүн Еипетке барган. Ал жакта турмушка чыгып, 2015-жылдын мартында үч эм – эки уул жана кыз төрөгөн. Аларга египеттик жарандык берилген. Балдарын багууда кыйналган келин, бир жарым айдан кийин Кытайдагы ата-энесине келген.

Ал Үрүмчүнүн аба майданына түшөөрү менен көйгөйлөр башталган. Махригүлдү сурак алчу атайын бөлмөгө киргизишип, балдарын алып коюшкан. Кытай аткаминерлери Египетте ким менен жолугуп, кимдер менен сүйлөшкөнүн тактап чыгышты. Андан кийин колуна кишен салып, бышына баштык кийгизип, убактылуу абакка алып барышкан. Үч айдан кийин балдары ооруп калды деп жаш келинди “шарттуу-убактылуу” бошотушкан. Махригүл дароо бейтапканадагы балдарына барган. Уулунун бири реанимацияда экен. Аны ымыркайына киргизишкен эмес. Эртеси күнү куткара албай калдык деп, төрт айлык баласынын жансыз денесин тапшырышкан. Үч ымыркайдын тең моюнунда тырык бар экен. Тамак ичпей коюшканынан, балдары кызыл өңгөчкө киргизилген түтүк аркылуу тамактандырылганы айтылган.

Махригүл Египетке кайта албай калган, себеби Үрүмчүдө кармалганда документинин баары алынып, кара тизмеге киргизилген. Анын Ай-Ди картасына кара белги басылып, автобус, дарыкана, бейтапканада колдонгон сайын чыйылдап, ар кадамын тастыктоону талап кылып калган.

Кийинки бир нече айын калган эки баласынын ден-соолуктарын чыңдап, кызынын көзүнө операция жасатууга кетирген. 2017-жылдын апрелинде Махригүлдү кайра камашкан. Келинди төрт сутка күнү-түнү суракка алышып, түрмөгө жолдошкон. Тез-тез эсинен танып жыгылгандыктан, үч айдан кийин түрмөдөн психиатрикалык клиникага которушкан. Атасы клиникадан эптеп чыгарып, үйүндө сакайткан. 2018-жылдын январында Махригүлдү адаттагыдай, эч кандай негизсиз кайра камашкан. Колуна кишен, башына баштык кийгизип бейтапканага алып келишкен. Дырдай жылаңач чечинтип компьютерлешкен кабинанын ичине киргизишкен. Эки аял менен бир эркек анын денесин изилдеген соң, сары жилеттүү түрмөнүн көк униформасын кийгизишкен. Жилетте 54-номур басылган. Кытай офицери 54-номур өлүм жазасына тартылган же өмүр бою капас буюрулган оор кылмышкерлерге берилээрин түшүндүргөн. 54 цифрасы кытайча иероглиф менен “мен өлүмтүкмүн” деп которулат.

Жогорудагынын баары Махригүл Турсундун АКШнын Конгресине берген түшүндүрмөнүн так мааниси. Калганын анын оозунан кандай чыкса, ошол бойдон беребиз.


“Мен камакта, лагерде башыман өткөндү айтып бергим келет.

Мени терезеси жок жертөлөдөгү камерага жайгаштырышты. Ал жактагы темир эшик компьютердик система менен ачылат. Камерада жыт чыксын деген кичине тешик бар болчу, бизди таза абага чыгарышчу эмес. Бурчта даарат кагазсыз ажааткана бар. Камеранын төрт буручунда тең камералар орнотулган. Алар аркылу ар бир бурчта, ажаатканада да эмне болуп жатканын көрүп угуп турушчу. Анда дайыма жанып турган жалгыз лампочка бар болчу.

Биринчи ирет кирген камерам 210-номурлуу эле. Анда 17ден 62 курактагы кырк аялзаты бар болчу. Күн өткөн сайын камерада киши көбөйө берди. Үч айдан кийин камерадан чыгып жатканымда, анда 68 киши калган.

Мен камерадагы аялдын көбүн таанычумун. Алар менин коңшуларым, мугалимдеримдин, врачтардын кыздары, Британияда окугандары, мени дарылагандары бар болчу. Алардын көбү кесипкөй мугалим жана врачтар.

40 чарчы метрлик камерада 60 аял кармалгандыктан, он-он бешибиз түнкүсүн тикебизден туруп, башкалары бири-бирине ыкташып уктаганга шарт түзчүбүз. Анда бир жылдай жуунбаган кишилер бар болчу.

Ар таң сайын, саат 5те катуу шаңгыраган үн ойготчу. Биз баарыбыз жаткан алты жука чүпөрөктү түздөп чыгышыбыз керек эле. Эгер алар тыкан бүктөлүп, тегиз жыйналбаса, камера толугу менен жаза тартчу. Чүпөрөктөр алынып, бетон полго жатууга аргасыз калчубуз.

Сууга бир аз күрүч катыкталган эрте мененки тамактын алдында Кытайдын коммунисттик партиясын даңазалаган ырларды ырдап: “Жашасын Си Цзинпин!”, “Өкүнгөнгө жеңилдик, каршылыкка жаза!” деп кыйкырышыбыз керек болчу.

Лагердин тартибин жаттап чыгууга жети, коммунисттик идеология тууралуу китепти жаттоого 14 күн беришти. Үнү араң чыккан, тартипти жаттай албаган аялдарга тамак бербей, сабашчу. Жазылган боюнча үч маал тамак берилиши керек болсо, кээде бир күн бою тамак жок, же бууга бышкан булочкалар берилчү. Күн санап булочкалар азайып, камерадагы кишилер көбөйүп кете бергенин айта кетүүм керек. Бизге бир да жолу жашылча-жемиш берилген жок.

Бизди белгисиз таблеткаларды жана бир кызык ак суюктук ичүүгө мажбурлашчу. Таблетканы ичкенде аң-сезимибиз тунарып, зээнибизге эч нерсе сактай албай калчубуз. Ак суюктуктан кээ бир аялдардын этек каны токтоп, кээсинен токтобой кан кетип, өлүп калгандар да болду. Мага да белгисиз дары ичиришти. Таблетканы жутканымды салааларын оозума салып текшеришчү. Аларды ичкенден кийин акылым тунарып, табитим тартпай калчу.

Күнү-түнү созулган сурактарда: “Чет өлкөдө кимди тааныйсың? Ким менен жакынсың? Кайсыл уюмга кызмат кыласың?” - , деп кайра-кайра сурай беришчү. Мен бир убак чет өлкөдө жашап, бир нече тил билгеним үчүн тыңчы деп ойлошчу окшойт.

Экинчи жолу камалгандагы “жолборс тактасындагы” (кытай полистери учурда кеңири колдонгон азаптоо жабдыгы) кыйноо эсимде так сакталды. Мени электр отургучу турган атайын камерага алып киришти. Отургучтун үстүндө лампочка жайгашкан. Дубалда курлар менен кайыштар илинген. Мени отургузушуп, колу бутумду бекитишти. Чачымды ага чейин эле кырып салышкан. Башыма тулгага окшогон бир нерсе кийгизишти. Токту коё берген сайын денем катуу титиреп, тамырларым чыңалып ооруп жатты.

Мындай кыйноого кайра кабылгандан көрө өлгөн жакшы, "өлтүрүп салгыла" деп жалбардым. Алар мени жаман-жуман сөздөр менен сөгүп, айыбымды моюндашымды талап кылышты. Бирок мен чет өлкөдө эч кандай саясий иш жүргүзгөн эмесмин. Андан кийин психикалык азаптоо башталды. Алар “Энең өлдү, атаң өмүр бою кесилди, уулуң бейтапканага жатып, өлүп калды, кызыңдын көздөрү чалыр болуп калгандыктан көчөгө ташталат, сен аларга эч нерсе кыла албайсың. Үй-бүлөң сенин айыңан жок болду” дешти.

Камерадагылар өлүп баштаганы эң оор болду. Легердеги түндөр тынчсыз болчу. Кишилерди камерадан камерага көчүрүп, өлгөндөрдү алып чыгышчу. Башка камераларда өлүп жаткан эркектердин үнү угулуп турчу. Биз тепкинин добушун, эркектердин кыйкырыгын, кишини жерге сүйрөп бара жатканда билегиндеги темирдин үрөйдү учуруп кычыраганы угулчу. Алар биздин аталарыбыз, ага-инилерибиз экени өзгөчө чыдагыс эле.

Мен камерадагы 68 кишинин тогузоонун өлүмүн көрдүм. Биздин чакан 210-камерада эле тогуз киши өлсө, Синзян боюнча канчасы өлгөнүн элестетүү кыйын.

Өлгөндөрдүн бири 62 жаштагы Гүлниса болчу. Анын колдору калчылдап, денесин кызыл тактар басып, эч нерсе жей албай калган. Ал аябай ооруп калган, бирок легердеги врачтар соо деп чечишти. Лагердеги врачтар камактагыларга боор тартып же жардамдашып жатат деп шектелбеш үчүн “пациенттер жакшы” дегенге мажбур болушчу. Гүлнисаны бир жолу кытайча жаттай албай койгону үчүн басмырлашты, ал ыйлап жатып уктап калды. Ал түнү аябай тынч уктады. Эртең менен ойготолу десек муздап калыптыр, уйкусунда кете бериптир.

Патемхан аттуу 23 жаштагы келин бар болчу. Энеси өлүп, күйөсүн, атасы менен агасын лагерге алып киришкен. Аны 2014-жылы коноктор бийлебеген, ырдабаган, ичимдик ичпеген исламдык салттар менен өткөн үйлөнү тоюна катышкан деп айыпташкан. Ал тойдогу 400 киши кармалып, лагерге кесилгенин айтты. Аны алышканда эки баласы кароосуз калган. Легердеги бир жылынын ар бир күнүн балдары эмне болгонун ойлонуп акылдан айнып өткөрчү. Ай бою этек каны токтобой туруп алса да, медициналык жардам берилген жок. Түндөрдүн биринде эки аялдын ортосунда турган жеринен кулап түшүп, дем албай калды. Бир нече киши кирип, бутттарынан сүйрөп чыгарып салышты”.

2018-жылдын 5-апрелинде Махригүл лагерден чыкты. Чыгаарына эки саат калганында ага белгисиз ийне сайышкан, ал өлөм окшойт деп ишенген. Махригүлгө анын атынан жазылган кайрылууну кол коюуга беришкен, кагазды видео камерага каратып окутушкан: “Мен Кытай жаранымын, жана Кытайды сүйөм. Мен Кытайга эч качан жамандык кылбайм. Кытай мени тарбиялады. Мени полистер эч качан кармап, кыйнап, суракка алган эмес”.

Махригүл Турсун балдары Египеттин жарандары болгону үчүн гана Кытайдан чыгып кете алган. Лагерден бошотулгандан кийин ал Пекинде жыйырма күн жүрүп калган, себеби Каирге багытталган учак рейсине олтурууга үч ирет уруксат бербей коюшкан. Кытай бийлиги балдарын Египетке жеткиргенден кийин кайтып келүүсү керектигин эскертишкен. Анткени ата-энеси менен бир-туугандары Кытайда турушат жана бийлик каалаган убакта лагерлерге кирүүлөрү мүмкүн.

28-апрелде Махригүл Каирге конгон. 21-сентябрда ал Вашингтонго учуп келип, ошондон бери Виржинияда турат.

28-ноябрда ал Марко Рубио төрагалык кылган Сенаттын Кытай боюнча комитетинин угуусунда көрсөтмө берди. Буга чейинки Конгресстеги угуулардын биринде да Махригүлдүн жана катышкандардын ыйы гана угулган, жымжырттык орногон отурум болгон эмес. Сенаторлор Махригүлдүн окуясын үрөйлөрү учуп, баштарын мыкчып олтуруп угушту. Угууга АКШнын жараны, иниси Дильшат экинчи ирет Синзяндагы лагерге айдалган Мурат Атаман катышты. Дильшат буга чейин билим берүү сайтындагы “тетири” комментарийди тез өчүрүп салбаганы үчүн лагерде беш жыл олтуруп чыккан. Ал июндан бери Үрүмчүдөгү лагерде.

Угуулардын натыйжасында “Уйгурлардын укуктары актысы” кабыл алынмакчы. Ал Синзян мусулмандарын репрессиялаган кытай аткаминерлерине каршы Магнитскийдин глобалдуу мыйзамын колдонууга жол ачат. Конгресс талап кылып жаткан экинчи чара – жарандарды жапырт аңдууга каршы санкциялар. Ал боюнча америкалык компаниялардын буга тиешелүү технологияларын кытайларга сатуусуна бөгөт коюлат.

P.S. Сенаторлордун бири Махригүл Турсундан АКШда өзүн коопсуз сезип жатабы деп сурады. Махригүл кытай кебетесиндеги кишилер аркасынан түшкөнүн бир нече жолу байкаганын айтып, Си Цзинпиндин өкмөтүнөн кытайлык качкындарды коруу чараларын көрүүнү суранды.

Карина Орлова, Эхо Москвы