Ислам дүйнөсү

Бириге албаган “ислам цивилизациясы” суперкүчтөргө ыктоого мажбур

2 декабря 2018 г. 13:26 178

Ара жолдо калбаш үчүн майда мамлекеттердин дүйнөлүк суперкүчтөргө ыкташуусу уланууда. Өзүнчө суперкүч боло албагандыктан, “Ислам дүйнөсүнө” кирген өлкөлөр учурда же АКШ, же Орусия тарапка оогонго мажбур. 2018-жылдын 48-аптасында буга тиешелүү темаларга көңүл бурмакчыбыз.

Жыхадчы ваххабилер менен мусулман агайыңдарын (ихвандар) жакындатам деген сауд журналисти Стамбулдагы сауд консулдугунда өз бийлиги тарабынан өлтүрүлгөнүнө байланыштуу ызы-чуу токтобой келет. The Washington Post гезитине жазган Жамал Кашыкчынын өлүмү боюнча Сенатына (100 кишилик жогорку палатасы) чакырылган АКШнын Борбордук чалгындоо кызматынын (БЧК) төрайымы Жина Хаспел келбей койгон.

Буга чейин Сауд Аравиясынын мураскер ханзаадасы Мухаммед бин Салмандын журналистин өлүмүнө тиешеси бар экенин далилдеген маалыматтар БЧКнын колунда бар экени ЖМКларда айтылган. Түрктөрдүн Hurriyet Daily News басылмасы сауд ханзаадасынын телефондон “Жамал Кашыкчынын оозун тезирээк жабыш керек” деп айтканын жазып чыккан.

Саудияда Дональд Трамптын жеке кызыкчылыгы бар деп шектенген АКШ Конгресси (эки палаталуу ЖКсы) Мухмаммед бин Салмандын Кашыкчынын өлүмүнө тиешеси бары-жогун 2019-жылдын 10-январына чейин аныкталуусун президентинен талап кылган. Ал арада Конгресс, 109,7 млрд доллардык келишим боюнча, Сауд Аравиясына курал сатууну токтотуп туруу сунушун киргизди. Бирок мынча көп акча ойногон иште саясат укукка үстөмдүк кылып, Трамп менен бин Салмандын достугу улана бермекчи.

Тактыга эртең-бүрсүгүнү олтурам деп турганда аброю запкы чегип калган Мухаммад бин Салман араб өлкөлөрүн кыдыра баштады. Бул расмий сапарлар демократиялык салты күчтүү болгон Тунис баш болгон бир нече араб мамлекетинде нааразылык жараткан. Египетке барганында мысырлык 100 журналист “сауд режими кишинин өмүрүн баалабайт” деген ачык кат жазып, египеттик жана дүйнө коомчулугуна кайрылган.

Бирок, жалпысынан алганда, зыяраттар ханзаада каалаган маанайда өтүүдө. Ал Египет менен Тунистен мурун БАЭ менен Бахрейнге барган. Жума күнү болсо Буэнос-Айрестеги G20 жыйынына баш бакты. Андан кийин Алжир менен Мавританияга тийип өтмөкчү. Сауд Аравиясында реформа жүргүзүп жатканы үчүн батыш прессасында макталган бин Салман, учурда калкынын добушу менен бийликке келген лидердин кол берүүсү кооптуу болгон жетекчиге айланды. Албетте, эки тизгин бир чылбырды мыкчыгандар элине түшүндүрмө бербейт.

Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху да араб өлкөлөрүн зыярат кылаарын өткөн аптанын этегинде жар салды. АКШ менен бирге Иранга каршы туруу аны араб лилерлерине жакындатууда. Жөөттөр кибер чабуул жана соцтармактар менен чөнтөк телефондорду аңдуу жабдыктарын арабдарга сата баштады дешет ЖМКлар.

Египет жана Иордания менен гана дипломатиялык алакалары бар Израиль араб мамлекеттери менен тымызын байланышын улантып келе берген. Бирок 2017-жылы жазында Дональд Трамп Сауд Аравиясына келип, андан нары Тель-Авивге баргандан тартып, көмүскө алакалар ачыкка чыга баштады. Бул Иранга каршы АКШ – Израиль – Сауд Аравиясы альянсын түзүүгө алып барды. БУУнун Генассамблеясында Нетаньяху “Египет менен Иорданиядан сырткаркы араб коңшулары менен Израильдин формалдуу тынчтыкта жашаган күнү келет” деген. Октябрдын этегинде ал Оман султандыгына барып, бул жолугушуу Израилдин коопсуздугу үчүн маанилүү болду деген.

Анын аркасынан ат тезегин кургатпай Оманга келген Чалгын жана транспорт министри Исраэль Кац Жерортолук деңизи менен Араб булуңун бириктирген темир жол долбоорун сунуштаган. Акыркы айларда Израиль Газзалык ихвандарга тили өткөн Катар менен да активдүү кызматташа баштаган. Ошентип арабадарды да, жөөттөрдү да чарчаткан палестин маселеси арка планга жылчудай болуп турат. Бирок араб жана жөөт эксперттери палестин көйгөйү ырбап, күндемге кайра чыгат деген ойдо.

Бул арада НАТОдо куралдуу күч жагынан экинчи орунда турган Түркия күнүмдүк саясий кызыкчылыгы үчүн ихвандарды колдонгону менен Иран – Орусия – Кытай үчилтигине ооп барат. Ал Орусиядан С-400 ракет комплекстерин алуусу менен НАТОнун асмандан бирге коргонуу системасынан чыгып калмакчы. Мындан сырткары каяша сүйлөгөндүн баарын каалаганындай калчап көнгөн Эрдоган адам укуктары деп ички иштерине кийлигише берген Батыштан барган сайын алыстоодо. Учурда батышчыл генералдар (48%) менен башка офицерлерди (98%) куралдуу күчүнөн кууп чыгып, армияга евразиячыл жана партиялаш кадрларын жайгаштырууда.

Ошентип “ислам дүйнөсүнө” кирген мамлекеттер же АКШ – Израиль – Сауд Аравиясы үчилтигине, же Орусия – Кытай – Иран тарапка оогонго мажбур болуп турат. Бул жерде үчүнчү суперкүчкө айланып бара жаткан Кытай да жакынкы жылдарда өз оюнун баштаганы турат. Си Цзинпиндин дымагы ишке ашса, Пакистан жана Түштүк-Чыгыш мусулман мамлекеттери ага ооп, “ислам цивилизациясына” кирген өлкөлөрдүн үчкө бөлүнүү ыктымалы бар. Албетте, локалдуу согуштар, адаттагыдай, алардын аймагында жүрөт жана мусулмандардын өз диндештерин кыруусу менен коштолот.