Жорум

“Улут кызыкчылыгын” соодалагандар кытай кыргыздарын коргоп кала алабы

30 ноября 2018 г. 15:09 552

Бейшемби 29-ноябрда “Достук” мейманканасында кытайлык кыргыздар маалымат жыйын берди.

Кыргыз Республикасынын жарандыгын алгандардын жаны ачыган эр жүрөктөрү гана чыга алды. Туугандары Кытайдын Синзян-Уйгур автоном ооданынындагы “тарбиялоо лагерлерине” камалгандар, жакындарын жана жалпы камалган кыргыз-казак-уйгурларлы бошотууда башын канжыгага байлагандар чыкты.

Политкорректүү болуп, “кытай мамлекети менен элине каршы” эмесмин дешкени менен КРдеги Кытай элчилиги менен үйүнө чейин кирип ээлеп жаткан кытайлардан үмүтү үзүлгөнү сокурга да көрүнүп турат.

Сурак-соболсуз лагерге кирген журналист иниси, атасы баш болгон ондогон тууганы, күйөсү, кыргыз жарандыгын алган досу, ага-иниси, эже-жеңеси; 40 миң кишилик айылдан 22 миңи солоногондор; сураганы жоктору союлуп, ички органдары ооруган кытайларга тагылгандар жөнүндө айтылды. Мунун баарын жалаа десе, кытай бийлиги Синзянды ачып бербейт беле эл аралык медиага. Биздики эмес, дүйнөлүк дөөлөттөрдүн эл аралык ЖМКларына да ачкысы жок.

Өткөн аптада 15 батыш мамлекетинин Пекиндеги элчилери лагерлер эмнеге уюштурулганын, максаты менен шарттары кандай экенин билиш үчүн Синзянга бизди киргизгиле деген, Кытай ТИМинин өкүлү “ишиңер болбосун” деген таризде жооп берди. АКШнын Конгресси лагерлерге тиешелүү санкцияларды иштеп чыгып, Синзян мусулмандарынын гана маселесин караган атайын өкүл дайындамакчы болду.

Шайлоо алдында кубулжута Куран окуп, ар жерде намазга жыгылганы видеого “капыстан” тартылып калган, митингдерге чыгып ислам, улутум үчүн өлүп берем деген мусулман лидерлери талкан сугунуп алгандай жымжырт.

Ошондуктан Синзяндагы лагерлерде тууган-туушканы камалып жаткан, 29-ноябрда “Достукта” жыйын уюштурган КРдин жарандыгын алган кытайлык кыргыз боорлорго бир нече кеңеш:

- Бул эрдик иши аягына чыгышы үчүн эч кимге, саясатчыга да, кыргыз элине да ишенбей бекем тургула. Саясатчылар “улуттук кызыкчылыкты” небак соодалап коюшкан, айрыкча саясат күнүмдүк коньюктурага жараша бурулуп кете берээрин унутпагыла. Элге да ишенбегиле. Анткени социо-психологдордун терең изилдөөлөрү боюнча, кандай болбосун “улуу” калктын 40 пайызы акты кара, караны ак дегенчелик оомо, 70 пайызга чейинкисине авторитет басым кылса зулумдук, канкорлук, жырткычтыкка барып коë берет. Бирок 10% уул-кыз акыйкатка бекем болсо, ошол эле элдин басымдуу көбү тууралыкты колдоп кетет экен;

- Жогудагы 15 батыш элчисинин маалыматы боюнча Синзяндагы лагерлерде 800 миңден 2 миллионго чейин киши кармалып турат. Азаттыктын кабары боюнча, бир кытай окумуштуусу да жакында ошол лагердин бирине солонуптур. Кыскасы Маонун доорундагыдай, башкача ойлонгон кишинин баары абакка кириши мүмкүн. Ошондуктан кыргыз үчүн эле эмес, казак, уйгур, тибеттик, тууралыкты колдогон кытай үчүн да үн катыш керек. Бул Кудай алдында, дүйнөлүк коомчулук алдында да туура болот. Алланын да, алардын да жардамы келет;

- Бизде бийлик менен калк эле эмес ЖМКлар да политкорректүү экенин түшүндүңүздөр деген ойдомун. Сиздерлин маалымат жыйыныңыздарды баягы Азаттык менен ВВС эле азын-оолак бербесе, жергиликтүү ЖМКларда кабар жокко эсе. Ошондуктан Кытай бийлигинин заалым саясаты жөнүндө кайсыл тилде болбосун (фейк эмес) жазма, аудио- видео кабар, анализ, жорумдарды кырнетте жайгыла. Ар бириңиз күндө мындай материалдан бирди таап, керек болсо которуп фейсбук, инстаграмм, твиттер, однокласник жана башка соцтармактардан болушунча тараткыла. Казак, уйгур, кытай мекендештериңиздер менен бул багытта кызматташкыла.

Азырынча ушул. Буларды кылсак, кыргыз-казакта, дүйнөдө чоң маалымат толкуну пайда болот. Ошондо гана саясатчылар менен атайын кызматтар силерли эмес, силер аларды колдоно баштайсыңар.

Бул арада, макаланы окуган ар бир кыргыз кырнеттеги бул кыймылга салымын кошуусу шарт, дейт элем. Анткени учурдагы кытайдын зөөкүр, заалым бийлигине Синзянды алдырсак, эртең Кыргыз Республикасынан ажырап калаарыбыз турган иш.