Ара жолдогу мамлекет

10 фотодо ​Керчтеги орус-украин тиреши: Өңүтпү же провокациябы

29 ноября 2018 г. 11:01 303

25-ноябрьда орусиялык спецназ Азов деңизинен Керч кысыгын көздөй бара жаткан украиндик “Бердянск” жана “Никрополь” согуштук катери менен “Яны капу” буксирин колго түшүргөн. Окуя учурунда 6 украиналык аскер жаракат алып, жалпысынан 24 деңиз жоокери кармалган. Алардын баарына учурда орусиялык чек араны бузду айыбы тагылып, камакка алынышты.

2014-жылы жазында Крымда референдум өтүп, ал Орусиянын курамына кирген. Бирок эл аралык коомчулук референдумдун натыйжасын тааныбай, Крымды Украинага таандык деп эсептеп келет. Себеби Крымдын статусун өзгөртүү боюнча добуш берүү эн белгилери жок орусиялык куралдуу бөлүктөрү жарым аралды көзөмөлдөп турган учурда өткөн.

Украина да, Орусия да Крымды өзүнүкү деп эсептегендиктен, анын жээгиндеги деңиз аймактарын да экөө тең өзүнүкү деп билет. Орусиянын аймагы менен Крым жарым аралы 19 чакырымдык Керч көпүрөсү менен бириктирилгенден кийин орусиялык деңиз күчтөрү Керч кысыгынан өткөн кемелердин баарын текшерип, кээде аны убактылуу жаап баштаган. 25-ноябрда да көпүрөнүн алды мунай ташыган танкер менен бөгөлүп, кемелердин “орусиялык сууларга” кирүүсүнө тыюу салынган.

Андан берки төрт күн ичинде “Керч кризиси” деп аталган окуя тез курчуп барат. Украин президенти Пётр Порошенко украин парламенти – Верховный Радага өлкө боюнча 60 күндүк “согуш кырдаалын” киргизүүнү сунуштаган. Бирок парламент аны 30 күнгө кыскартып, Украинанын Орусия менен орус аскердик базасы турган Молдовадан ажыратылган Приднестровьеге чектеш облустарында гана киргизүүгө уруксат берген. Себеби “согуштук кырдаал” 31-мартта өтчү президенттик шайлоого кесепетин тийгизмек. Пётр Порошенко кайра шайланаарынан арсар болгондуктан Орусия менен кырдаалды атайын курчутту деген божомол да тарады.

“Керч кризисинде” Евробиримдик менен НАТОнун жетекчилиги толугу менен украин тарапты колдоду. Мындан дем алган Пётр Порошенко Орусиянын президенти “түшүнгөн тил – батыш дүйнөсүнүн биримдиги” деп, НАТО кемелеринин Азов деңизине багыттоого чакырды. Америкалык согуштук аналитиктер Орусияга сес көрсөтүү үчүн “Гарри Трумэн” учак ташуучу кемеси баш болгон кемелерди Кара деңизге киргизүүнү сунушташты.

Мындан сырткары “Керч кризисине” байланыштуу кошумча экономикалык жана каржы санкцияларын киргизүү жана Орусиядан Германияга тартылып жаткан “Северный поток – 2” газ куурун токтотуу каралат деген маалыматтар бар. Буга жооп катары Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров “Керч кысыгындагы абалга байланыштуу киргизилчү санкциялар Орусияны тынчсыздантпайт” деген.

Анткени менен Түштүк аскердик аймактын өкүлү Вадим Астафьев 28-ноябрда Орусия Крымда С-400 абаа буталарын атып түшүрүүчү ракеталарынын дагы бир (төртүнчү) дивизионун жайгаштыраарын билдирди.

Орусиянын Экономикалык жогорку мектебинин мүдүрүнүн орун басары Дмитрий Суслов Орусия Батышка каршы аракеттеринде Кыргызстан да кирген Евразиялык экономикалык биримдик өлкөлөрүнүн да кызыкчылыгын ойлошу керек деген оюн айткан. Ал 27-ноябрда Минскте өткөн ЕАЭБдин өкмөттөрүнүн кеңешмесине байланыштуу Коммерстанттагы макаласын “Бир тараптуу контрсанкциялар интеграцияга запкысын тийгизүүдө” деп атаган.