Ислам дүйнөсү

Түркиядагы кызык “төңкөрүш” жөнүндө кызыктуу фактылар

27 ноября 2018 г. 16:23 614

Түрк калкы 2016-жылдын 15-июлундагы аскердик төңкөрүш аракети жөнүндө алгач CNN телеканалынан укту. Андан кийин өлкө президенти Тайып Эрдоганга жакын медианын баарында бул “төңкөрүш” деп сунула баштады. Бирок Стамбулдагы көпүрөнүн бир тарабын тосууну бийликке тиешеси жок телеканалдар бир нече саат “көпүрөдөгү аскердик аракеттер” деп берген.

Он миң кызматкери бар мамлекеттик TRT телеканалына 8 аскер келген. Төңкөрүш жар салынган соң телеканалдын кызматкерлери менен коопсуздук кызматы аларды камакка алышкан.

2500 полис кайтарган Эрдогандын Стамбулдагы хан сарайына 13 аскер жиберилген. Аларды полистер камакка алышкан.

Стамбулдун эки аба майданына жалпысынан 4-5 аскер унасы барган. Аларга аэропорттордун полистери менен калк каршылык көрсөтүп, аскерлердин бир бөлүгү колго түшкөн.

Саны боюнча NATO'до экинчи орунда турган 570 миңдик Түрк куралдуу күчтөрүнөн (ТКК) Стамбул менен Анкарада бир нече жүз аскер “төңкөрүшкө” чыккан. Көбү аскер окуу жайынын курсанттары болгон жигиттер сотто аскер башчылары “террорго каршы” операцияга чыгууга буйрушканын айткан. Өлкөнүн башка шаарларынын көчөлөрүндө ал түнү аскер жокко эсе болгон. 13 миң тактан өлкө боюнча “төңкөрүшкө” 74ү чыккан. 135 согуштук учагынын экөө гана учуп чыгып, Стамбул менен Анкарада колдонулган. Бул аскердик “төңкөрүштүн” мизи алгачкы жарым саатта эле майтарылган.

Бирок Эрдоган көзөмөлдөгөн медиа муну “төңкөрүш” дегенин улантты. Калк эки анжы абалда турган кезде, Генштабдын башчысы Хулуси Акар (учурда коргоо министри) да арасында бар жогорку аскердик чиндер “кармалган” Инжирлик аскер аба майданынан учуп чыккан учактар Межилис (түрк Жогорку Кеңеши) имараты менен Анкарадагы эки полис имаратын аткылаган.

Ошондон кийин оппозиция менен полистер Эрдоганга дароо ыктап, ТККга каршы чыкты. Түрк бийлигинин мындай аракеттери дүйнө тарыхында “өзүн төңкөрүү” деп бааланат. Ал боюнча эң жогорку макамдагы киши конституциялык алкактан чыгып, бардык бийлик бутактарын өз колуна топтош үчүн жасалма төңкөрүш кылат. Гитлердин 1933-жылы немис рейхстагынын (ЖКсы) имаратын өрттөтүп, анын аркасы менен оппозициясын шал кылып, бүт Германияны колго алып, фашистик бийликти орнотуусу “өзүн төңкөрүүнүн” дүйнөдөгү эң таанымал өрнөгү делет.

15-июлдун 20:30унда көпүрөдө башталган түз эфирдеги шоуну, түн ортосунда айфону менен эфирге чыккан Эрдоган улантып, элди көчөөгө чыгууга чакырган. Андан бир аздан кийин 80 миң “төңкөрүшчүнүн” тизмеси жарыяланып, эртеси массалык камактар башталган.

Эң башында 4 миңге жакын сот жана прокурорлор камалып же жумуштан айдалып, алардын ордуна бийликтин жакындары аталып, адилет системасы колго алынган. Андан кийин бир түндө 20 000 мугалим иштен айдалып, террор сурагы башталган. Бир түндө 80 миң кишинин тизмеси чыкканы эле бул “төңкөрүштүн” алдын ала даярдалган долбор экенинен кабар берет. Ал кездеги премьер, учурдагы парламент төрагасы Бинали Йылдырым теледен аны “эң начар долбоорубуз” деп айтып каткырган.

Андан берки эки жылда Түркиядагы демократия менен адам укуктары тепсендиде калды. Тайып Эрдогандын мыйзам өкүмүндөгү токтомдору (МӨТ) менен 200 миң киши суракка алынып, алардын 70 миңи абакка солонду.

Бул кызыктай окуяларды көргөн парламенттеги оппозиция аскердик Генштабдын башчысы Хулуси Акар менен атайын кызматтын төрагасы (MIT) Хакан Фиданды Межилистеги 15-июль боюнча парламенттик угууга чакырды, бирок президент Тайып Эрдоган буга каршы чыгып, уруксат бербей туруп алды. Соттук териштирүү учурунда шектүүлөр менен адвокаттары да алардын көрсөтмө берүүсүн талап кылганы менен бир да сот экөөнү чакырууга даай алган эмес.

Негизги шектүү делген дин аалымы Фетхуллах Гүлен эл аралык тергөөнү талап кылып, эгер ал топ күнөөсүн тастыктаса, АКШдан Түркияга өзү кайтып бараарын айткан, бирок Эрдоган буга да уруксат берген эмес. Түрк ажоосу 200 миң кишинин камалып, жүздөгөн адамдын өмүр бою кесилүүсүн талап кылууда.

15-июлда аскерлерге Стамбулдун көпүрөсүнө чыгуу буйругун берген офицерлер макамында жогорулаган. Муну жазып чыккан журналист Эжесевим Өзтүрк дароо камакка алынган.

Ал түнү өлгөн 250 кишиге тийген окторду экспертизага алууга да тыюу салынган. Адвокат Кемал Учар Стамбулдун Таксим аянтында атылган 58 октун 52синин гильзасы аскерлерге тиешеси жок экенин далилдеген, бирок сот ага көңүл бурган эмес. Бул факт коомчулукка чыгаары менен Эрдогандын ЖМКларында адвокатка каршы макалалар чыгып, Кемал Учар акыры капаска солонгон.

Буга окшогон фактынын баары Эрдоган режими тарабынан жок кылынууда.

2016-жылдын 15-июлундагы “төңкөрүштүн” артынан Түркияда жеке башкаруу орноп, өлкө NATO'дон алыстап, Орусия-Иран-Кытай үчилтигине (ШОС, ОДКБ) оой баштады. Андан бери: ТККнын 45%ы алмашты; генералдардын жарымы жумуштан кетирилип, бир нечеси түрмөгө кирди; орто жана төмөн макамдагы (полковниктен лейтенантка чейин) офицерлердин 93%ы ТККдан кетирилди.

Эртеси күнү Өзгөчө кырдаал жарыяланып, МӨТтөр менен өлкөнүн саясий түзүмү өзгөртүлдү. Бара-бара премьер-министр макамы жоюлуп, Түркия парламенттиктен президенттик башкарууга өттү. Бирок муну адаттагы президенттик эмес, падишахтык же диктаторлук башкаруу десе жарашат. Бардыгы бир кишиге байланды, ал киши – Режеп Тайып Эрдоган.

Эрдоган, күйө баласы жана үй-бүлөсү менен өлкөнү улуусунан кичүүсүнө мурасталчу мамлекетке алып бара жатат.

Жевхери Гүвен, NOKTA News Magazine'нин мурунку редактору, Түркия