Батыш

​Куру шаңдантуу Европанын чейрегин басты

25 ноября 2018 г. 7:17 202

Ян Канан 50 жыл мурун Прага жазы деп аталган СССРге каршы көтөрүлүштү жетектеген студенттердин бири. Кийин ал депутат, тышкы иштер министри, премьердин орун басары болуп, БУУнун Генералдык ассамблеясынын катчылыгын аркалаган.

Азыр 72ге чыккан Ян Канан: “Популизм (куру шаңдантуу) саясат пайда болгондон бери эле бар, бирок учурдагыдай “накта популизм” жок болчу”, - дейт.

Эки кылым тогошкон кезде пайда болгон европалык популизм 7%дан учурдагы 25%ына чейин жеткен. 1998-жылы чакан Швейцария менен Словакиянын өкмөттөрүндө гана популисттер бар болчу. Андан бери дагы тогуз мамлекеттикине кирип, учурда жок дегенде бир популисти бар өкмөттөр 170 млн кишини башкарып келет.

Куру шаңдантуучу саясатчылар катаал мезгилде бийликке келет деш да чындыкка коошпойт. Ошол эле Ян Канандын Чехиясында 2,3% эле киши жумушсуз (Евробиримдикте эң төмөн), экономикасы болсо былтыр 4,3%га өскөн. Мындан сырткары бул мамлекетке 2015-жылдагы миграциялык кризистин кесепети тийген эмес. Бул өлкөнүн былтыркы парламенттик шайлоосунда популисттик партиялар 40% добуш алган.

“Бул эң ийгиликтүү посткоммунисттик өлкө, мигранттар жокко эсе, бирок калк нааразы”, - дейт Прагадагы Карлова университетинен Мартин Мейстрик.

Алп тоолордогу өлкөлөр

Согуштан кийин биринчи европалык популисттер улутчулдук жана өзүмчүлдүккө жакын алп өлкөлөрүндө пайда болгон. Шаардык жана чет элдик таасирге каршы айылдык кыймылдан жаралган Швейцариянын элдик партиясы (ШЭП) 1992-жылы өлкөнүн Европалык экономикалык аймакка кирүүсүнө тоскоол болгондон бери саясий туруктуулукту бузуп келет.

ШЭП оңчул популизмдин “утуш формуласын” иштеп чыкты, алар: миграцияга каршы улутчул көз караш, либерализмди жактырбоо жана улуттук салттар менен өз алдынчалыкты даңазалоо.

Коңшу Австрияда 1956-жылы мурунку нацист “Эркиндик партиясын” түзүп, 1994-жылы 20% добуш алып, андан бери төртүнчү ирет өкмөткө кирип жатат. Италия болсо популист Сильвио Берлускониге төрт ирет добуш берген.

Кылым тогошкондо, популизм толкуну каптады. Нидерландда 2002-жылы албууттанган Пим Фортейн элдин көңүлүп ээлеп, анын өлтүрүлүүсү чоң саясий окуяга айланган. Ошол эле жылы Франциянын ашкере оңчул “Улуттук фронтунан” Жан-Мари Ле Пен президенттик шайлоонун экинчи туруна чыкты. 2005-жылы Франция менен Нидерландда ЕБдин конституциясы эки жолу кайтарылып, популисттер тарабынан ал “карапайым кишилердин” жеңиши катары сунулган.

Европанын түштүгү

2008-жылы каржы кризиси менен рецессия башталды. Европанын түштүгүндө турмуш начарлап, бийликтеги орточул партиялар менен Брюсселдеги үнөмчүл евробюрократтар бутага алынган.

Кризистен эң катуу запкы чеккен гректер 2017-жылы 27% добушун ашкере солчул популисттердин “Сиризасына” берип, үч жылдан кийин дагы он пайыз кошуп, өкмөткө алып киришкен. Испанияда үнөмдөөгө каршы “Подемос” түзүлгөнүнөн бир жыл өтпөй 2015-жылы 21% алган.

Италияда он жылдаган паракордук, чарбасыздык жана качкындар кризиси былтыр саясий элита менен жогорку салыкка каршы ураан көтөргөн “Беш жылдыз” кыймылын бийликке алып келип, ал качкындарга каршы ультра-оңчул “Лига” менен бирге өкмөт курап алды.

Европанын батышы

Жакындан бери Европанын батышын да популисттик толкун каптай баштады. Германияда ашкере оңчул “Германия үчүн альтернативанын” Бундестагда 92 депутаты бар.

Ле Пендин кызы Марин 2017-жылы Франциядагы президенттик шайлоонун экинчи туруна чыкты. “Чөгөлөбөгөн Франция” солчул популисттик топтун өкүлү Жан-Люк Меланшон аны менен үзөңгүлөш келген. Нидерландарда антиисламдык “Эркиндик партиясы” парламентте экинчи күч болуп калды.

Европанын чыгышы

Популисттер Борбордук жана Чыгыш Европада эң көп ийгиликке жетишкен. Алар Вышеград тобунун төрт мамлекетин башкарып келет. Алардын арасына кирген Венгриядагы Виктор Орбандын “Фидеси” жана Польшадагы Ярослав Качиньскинин “Мыйзам жана адилет” партиялары, орото эсеп менен 63% добуш алышкан.

Алар 1930-жылдардын фашисттик тилин колдонуп, көз карандысыз сот системасы менен эркин прессага каршы аттанып, саясий атаандаштарын желмогуз көрсөтө башташты.

Европанын түндүгү

Либералдуулугу менен таанылган Скандинавияда миграцияга каршы улутчул популисттер колдоо табууда. Улутчул кыймылдан жаралган ультра-оңчул “Швед демократтары” 1998-жылкы 0,4%ынан 17,6%га жетти. Даттардын “Элдик партиясы” өкмөткө кирген.

Скандинавдардын салттуу партиялары оңчул популисттер менен өкмөт түзүүдөн качып келген, бирок акыры буга аргасыз калышкан. Норвегияда “Өнүгүү партиясы” 2013-жылдан бери өкмөттүк коалицияга кирип жүрөт. Финляндиядагы популисттик “Көк реформа” да өкмөт мүчөсү.

***

Европанын башка мамлекеттеринде куру жандантуу саясатын жүргүзгөн партиялар өкмөткө кирбесе да, саясатка таасир этишет. Популисттердин күчөгөнү согуштан кийинки саясий курама шырдагын терең өзгөртүүдө. Негизги орточул партиялардын таасири азайып, популисттик партиялар күч алууда.

Ашкере оңчулдар менен солчулдардын добушу орточул партиялардан популисттер тарапка ооп барат. Бул агымды кайра аркага буруу болбой калгансыйт. Өз убагында калдайган күчү бар Германиянын социал-демократтары 14%га ыраазы, француз “Социалисттик партиясы” балтыркы шайлоодо араң 7% алган, голланддардын лейбористтик партиясы эптеп 5,7%га жеткен.

Ян Кавандын чех социал-демократтарынын абалын да жакшы деш кыйын. 2006-жылы шайлоочулардын үчтөн бир добушуна жеткен орто-солчул партиясы былтыр араң 7,3% алган. 2013-жылы парламентте 50 оруну бар болсо, былтыр эптеп 15ин ээлеген. Анын ордуна чехтердин үчтөн бири оюн алты кар баскан ANO’го беришкен.

“Нааразы жарандардын акциясы” деп чечмеленген партияны 2,7 млрд фунт стерлинг акчасы менен Чех Республикасынын экинчи байы Андрей Бабиш түзүп, ушуга чейин башкарып келет. Бир нече ири гезиттин ээси болгон Бабиш өзүн карапайым калкка “ийгиликтүү, чоң корпорациянын жетекчиси, кир саясатка булганбаган, кесипкөй саясатчылар кыла албаган нерселер колунан келген киши” деп көрсөтүп келет.

Андан сырткары Бабиш түрдүү кишилер менен тил табыша алган, улутту өстүрүүдөн башка идеологиясы жок саясатчы көрүнөт. “Башында “бул жигиттер ууру, алар өлкөнү жеп салышты” деген, - дейт Праганын райакимдеринин бири Ондржей Коларж. – Андан кийин “Силер мага ишенсеңер болот, мен силердин көйгөйлөрүңөрдү чечем” деди. Экономика өсүп жаткандыктан ал мугалимдердин айлыгын көтөрүп, пенсионерлердин коомдук транспортто жүрүүсүн арзандата алат”.

Чехтер 10,6% добушун мигранттарга каршы кампаниясынан башка эч нерсеси менен айырмаланбаган “Эркиндик жана ортомчусуз демократия” партиясына берген. Мындан сырткары антиисламдык, антимигранттык, расисттик сезимдерин агыткан Милош Земан президенттикке шайланды.

Албетте, сотун аткаруу бийлигине чиркеп алууга, коомдук ЖМКларды өкмөттүн үгүтчүсүнө айлантуу аракетиндеги Венгрия менен Польшадан Чех Республикасы алыс. Бул эки өлкө бийликке улутчул популисттер келгенде эмне болоорун жакшы көрсөтүп турат.

Келечекке үмүт менен караган Ян Канан: “Калкка анын тарапташы болуп көрүнүү жетишсиз. Коомдук жашоодогу чыныгы көйгөйлөр менен беттешүү учуру да келет”, - дейт.

Жон Хенли, The Guardian, Британия