Жорум

Улуттун келечеги коркунучта: мектеп курбасак, түрмө курабыз

19 ноября 2018 г. 16:07 393

Кыргыздын күндеми ар дайымкыдай саясаттагы интрига, ушак, коррупция, уурулук, кылмыш, той. Бирок өлкөнүн келечегин аныктаган, жетишсиз бала-бакча, мектептердин маселеси көз жаздымда калып кетчүдөй. Өкмөттүн маалыматы боюнча 400 миңдей (3-6 жаш) бөбөк бала-бакчага барбайт. Ал үчүн 250 орундуу 1600 кошумча бала-бакча курулушу керек. Курулушка 80 млрд сом керек экен. Ал эми республикалык бюджеттен 2019-жылга социалдык мекемелердин (бала бакча, мектеп, оорукана ж.б.) курулушуна 3 млрд сом гана каралган. Мындан тышкары мектеп курууга 80 млрд сом керек экени, т.а. 600 мектеп курулушу керектиги айтылды. Жетишсиз бала-бакча жана мектептердин курулушуна зарыл болгон 160 млрд сом өлкөбүздүн бир жылдык бюджетине барабар. Өкмөт аракет кылса да бул маселени чече албашы Жогорку Кеңештеги талкууда айкын болду.

Абал оор. Билим берүү мекемелеринин тартыштыгына ички миграция, имараттардын эскилиги, реалдуу статитистиканын колдонулбагандыгы жана прописка институтунун жараксыздыгы себеп болууда. Калктын саны да өсүүдө. Учурда актуалдуу болушунун себеби да ЖКда эмки жылдын бюджети каралып жатканында. Келечекти ойлосок саясаттын күнүмдүк интригаларынан оолак болуп, бул маселени күн тартибинен түшүрбөй чечүү зарыл. Азыр чечпесек, эртең кейибешибиз керек. Билим берүү мекемелерин курбасак, эртең кылмыштуулук менен алп урушабыз.

Мындай карасаң үмүтсүздүккө капыласың. Бирок үмүтүбүз биздин балдарда. Болгондо да мектепке бара элек балдарда. Мектепке чейинки курак мээнин өрчүшү (өнүгүүсү) үчүн зор мааниге ээ. Мектепке чейинки курактагы баланын интеллектин арттыруунун жолдорун изилдеген көп эмгек бар. Ошол изилдөөлөрдүн баарынын мета-анализин Нью-Йорк университетинин окумуштуулары жасашкан. Perspectives on Psychological Science аттуу журналда чыккан бул мета-анализде балдардын интеллекттин арттыруунун 3 жолу белгиленген. Алар: мектепке чейинки куракта (бала бакчада) сапаттуу билим, башталгыч класста баарлашып китеп окуу (мурдагы макалаларымын биринде токтолгом) жана балык майы.

Мектепке чейинки куракта билим алуу эмне үчүн шарт?

Өзгөчө аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдардын бала-бакчаларга барганы алардын интеллектин арттырып (адаттагы мектепке караганда), бала тар калыпка салынбастан ээн ээркин өзүнө жаккан нерсесин жасаары талашсыз. Экономикалык тил менен айтканда бул куракта балага салынган 1 долларлык инвестиция 6-8 эсе кайтарым берээрин Нобел сыйлыгынын ээси, экономист Жеймс Хекмен (James Heckman) изилдөөсүндө далилдеген. Ошондуктан азыр билим берүү тармагын оңдойбуз, өнүктүрөбүз десек, приоритет катары мектепке чейинки билим алууну жолго салуу керек. Ар бир айылда жок дегенде бирден бала-бакча болушу зарыл.

Кечээ жакында бир депутат Аксы районундагы 30 миң калк жашаган 4 айыл өкмөттө бир да бала-бакча жок экенин айтты. Өлкөдө бала-бакчага бара турган балдардын саны (3-6 жаш) 608 миң болсо анын 187 миңдейи гана барат. 400 миңден ашык бөбөк бала-бакчага барбайт. Өзүңүздөргө деле маалым, көпчүлүк мамлекеттик бала-бакчаларда бир орунда эки, жада калса, үч бала да жаткан учурлар кездешет. Өлкөдө азыр 1390 бала-бакча иштесе, дагы 250 орундуу 1600 бала бакча салынышы керек экенин жана ал үчүн 80 млрд сом акча керек экенин вице-премьер Алтынай Өмүрбекова билдирди.

Бала-бакчада, мектепке чейин эле баланын кайсы бир таланты аныкталып, аны өстүрүү келечекке салынган эң баалуу инвестиция. 11 жыл мектепте, 5 жыл университетте окуп 10 миң сомдук жумушта иштей албагандар жана 7-8 жашында өнөрү менен акча таап калган балдар жок эмес. Доор алмашып, маалымат алуу тездеп, университеттин кереги барбы деген суроо бекеринен чыкпагандыр.

Бала бакчаны кантип салабыз же мектепке чейинки билим алуу кантип чечилет?

- Акыйкат үчүн айтыш керек. Мурдагы бийлик учурунда 1990-жылдары мыйзамсыз менчиктештирилип кеткен бала-бакчалардын имараты кайрадан мамлекетке кайтарып алуу боюнча иштери азыр уланууда;

- Вице-премьер Алтынай Өмүрбекова сунуштаган мамлекеттик-жекелик өнөктөштүк системасын ишке ашыруу. Мэрия жана айыл өкмөттөр бала-бакча салып иштетем дегендерге имарат курганга жер бөлүп берип, бала-бакча салдырып, кийин балдардын акысынын кандайдыр бир бөлүгүн мамлекет төлөп берип, калганын ата-энелердин төлөөсүн камсыздаган механизм жакшы вариант;

- Бала-бакча маселесин чечүүнүн бир жолу – бул 1062 китепканада мектепке чейинки билим берилүүсү. Азыр 9 китептаканада күнүнө 2-3 сааттан мектепке чейинки курактагы балдарга ар кандай кружоктор уюштурулууда. Бул практика 2019-жылы 40 китепканада ишке ашырылат экен;

- Аны менен кошо жеке менчик бала-бакчаларды салыктан бошотуу аркылуу кандайдыр бир жылыш байкалууда. Мисалы, Бишкектин Тунгуч кичи району жана Рухий Мурас конушунда 5-6 жыл мурда 1 мамлекеттик жана 1-2 менчик бала-бакча иштесе, азыр дагы 6 жеке менчик бала-бакча иштеп жатат. Шаардагы ата-эненин күчү 6-7 миң сомдук жеке менчик бала-бакчага жете баштагансыйт. Бишкекте Монтессори методу менен окутулган эң кымбат бала-бакчанын 1 айлык акысы 18 миң сом. Ага деле талап бар экен. Анткен менен шаардагы бала менен айылдагы баланын билиминин ажырымы күндөн күнгө өсүүдө. Балдардын ортосундагы ажырым өсө берсе, акыры Индиядагыдай социалдык касталар пайда болот. Муну алдын алуунун бирден бир жолу Финляндиядагыдай айыл менен шаар балдарына бирдей мүмкүнчүлүк түзүү;

- “Роза Отунбаеванын демилгеси” фонду да чамасынын жетишинче тоолуу аймактарда “Жайлоолордо бала-бакча” долбоорун ишке ашырууда. Республикалык масштабда алганда, маселени чечип чечпегени белгисиз. Бирок алкышка татыйт бул долбоор;

- Иштебей турган мамлекеттик мүлктүн эсебин алып, сатуу жана алардан түшкөн акчаны бала-бакча салууга жумшоо керек. Бишкектеги мамлекеттик мекеме-ишканалардын кээ бир имараттары расмий маалымат боюнча чарчы метри 100сомго берилгени айтылды. Аларды реалдуу баага ижарага берип, жалпысынан көмүскө экономиканы азайтуу аркылуу чечүү;

- Эсеп Палатасынын иликтөөсү боюнча республикалык бюджеттен жылда 2 млрд сомго жакын каражат майнапсыз коротулат экен. Ушундайга бөгөт коюп, аларды бала-бакчага курууга багыттоо;

- Ошол эле учурда өлкөдөгү 900 мектепте потенциалынан (ылайыкташтырылган сандан) аз окуучу окуганы айтылды. Мисалы, Бишкек шаарына жакын Байтик айылындагы мектеп 800 балага ылайыкталып курулганы менен 300 гана бала окуйт. Ушул сыяктуу мектептердин бош класстарын бала-бакча катары иштетүү.

Республикалык бюджетти туура бөлүштүрүү...

Республикалык бюджеттин долбоору каралып жаткан азыркы учурда көптөн бери билинип, бирок ачык айтыла бербеген бир жагдайды депутат Тиллаев айтты. Көрсө күч органдарынын (сот, прокурор, аскер, финпол ж.б) кызматкерлери социалдык фондко төлөм төлөбөйт экен. Киреше салыгын да төлөшпөйт экен. Социалдык фондко силовиктердин ордуна республикалык бюджет төлөөрү белгилүү болду. Алардын айлыгы да орточо айлык маанаядан жогору экени белгилүү. Бечара мугалимдер жана врачтар 7-10 миң сом алып, соцфонд менен киреше салыгын төлөшөт. Алардын пенсиясы 5000 сомдун тегереги. Ошол эле учурда сот, прокуратурадан пенсияга чыккандардын же генералдардын 40-50 миң сомго чейин пенсия алышы социалдык адилетсиздик эмеспи? Өлкөбүз согуштан чыкканда деле мындай болбошу керек эле. 2018-жылы күч түзүмдөрүнө бюджеттен жалпы 20 млрд. 965 млн сом бөлүнүп, республикалык бюджеттин 7%ын түзгөн. Мындай цифра авторитардык-полициялык мамлекеттердин көрсөткүчүнө жакын. Бул өзүнчө талкууланчу маселе. Бюджетти аныктаган парламент жана өкмөт жетекчилери социалдык адилеттүүлүк, келечек үчүн саясий эрк көрсөтүшү керек.

Келечекти ойлосок, Чынгыз Айтматовдун “Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт” повестиндеги балыкчылар Орган, Мылгун жана Эмирайиндын Кирисктин жашап кетиши үчүн жасаган кадамындарындай кадамга баруу керек.