Ислам дүйнөсү

Кытайдагы мусулман лагерлери: Батыштын кийлигишүүсү натыйжа береби

17 ноября 2018 г. 10:34 555

Вашингтон Кытайга каршы санкция даярдыгында, Евробиримдиктин элчилери Синьцзянга барышыбыз керек деп талап кылууда

АКШ Синьцзяндагы адам укугун бузууга тиешеси бар кытай аткаминерлери менен компанияларга каршы санкция киргизгени турат. Бул тууралуу документти 25 конгрессмен даярдоодо, алар АКШнын мамлекеттик департаментинде уйгурлардын иши боюнча атайын координатордун макамын негиздөөнү да сунуштап жатышат. Буга удаалаш Канада, Австралия, Швейцария жана Евробиримдиктин (ЕБ) 15 элчиси Синьцзяндын парткомунун башчысы Чэнь Цюаньгого “уйгур маселесин” талкуулоо үчүн жолугалы деген кат жолдошту. Уйгурлардын укугу тебеленген жок деген Пекин, АКШ Конгрессиндеги мыйзамга жооп катары Синьцзян элдеринин маданияты менен тилин катуу коргоп жаткандыгы тууралуу “Ак китеп” басып чыгарды.

Мыйзам долбоорун АКШ Конгрессинин төмөнкү палатасынын 10, жогорку палатасынын 15 мүчөсү даярдап жатат. Алардын арасында Марко Рубио жана Элизабет Уоррен сыяктуу атактуу конгрессмендер бар. “Миллиондон ашык уйгур жана башка мусулмандарды лагерлерде кармоо – эбегейсиз зулумдук, ал эл аралык коомчулук тарабынан инсандыкка каршы кылмыш катары каралышы керек”, - деп билдирди долбоорду төмөнкү палатага сунган республикачы Крис Смит. “Кытайдын уйгурларга кылган мамилеси кишинин намыс принциптерин тебелөөгө багытталган”, - деп коштоду аны сенатор-демократ Боб Менендес, мыйзам долбоорун жогорку палатага киргизип жатып. Демилгечилер АКШ президенти Дональд Трамптан “ыраатту аракеттерди” талап кылышып, аны “автократиялык режимдин адилетсиз аракеттерине көз жумбоого” чакырды.

“Кайра тарбиялоо лагерлерине” байланыштуу 1 млн цифрасы ушул жылдын августунун башында Расалык басынтууну жок кылуу комитетинин отурумунда БУУнун эксперттери жарыялаган соң колдонула баштады. Алардын айтуусунда, Пекин опурталдуу Синьцзян-Уйгур автономдуу районунда (СУАР) “кайра тарбиялоо лагерлерин” куруп, аймактагы мусулмандардын ар биринин аркасынан үстөккө-босток аңдуу системасын орноткон. СУАР бийлиги чет жакта туугандары бар же исламды бекем карманган, же башка тарабынан шектүү кишинин баарын эч кандай сурак-сотсуз лагерге кетирет.

Эсксперттер, тургундар жана зыяратчылардын көптөгөн күбөлүктөрү боюнча лагерлерде исламдан “суутуу”, чочко этин жедирүү, кытайдын мекенчил ырларын ырдатуу, кытай тилин үйрөтүү сыяктуу иш-чаралар жүргүзүлөт. Кытай мындай лагерлердин бар экенин аргасыз моюндап, бирок аларды заманбап мамлекеттин жашоосуна ыкташа албаган жергиликтүү тургундарга кытай тилин, Кытай мыйзамдарын жана кесип үйрөтүү борборлору деп атаган.

Депутаттар Кытайды айыптап эле тим болбостон, АКШ бийлигинен чечкиндүү кадамдарга баруунун талап кылууда. Буга чейин Тибет боюнча кигизилген сыяктуу, Синьцзян боюнча да атайын координатордун макамын түзүү сунушталды. Мындан сырткары чалгын кызматтарынан Конгресске СУАРдагы камалгандардын реалдуу цифралары, алардын кармалуу шарттары, эмне менен алек экени тууралуу кеңири баяндама талап кылынмакчы. Мындай саясатка каршы Кытай компартиясынын мүчөлөрү менен аткаминерлерине жана лагерлерди курган компанияларга санкция киргизүү каралмакчы.

Буга туташ Кытайдагы Канада, Австралия, Швейцария жана ЕБге кирген өлкөлөрдөн 15 элчи лагерлердин курулушун жетектейт делген СУАРдын парткомунун башчысы Чэнь Цзюаньгого кат даярдашкан. Reuters’тин билдирүүсү боюнча, уюштуруучулар көбүрөөк өлкө кол коёт дегендиктен, кат азырынча жибериле элек. Агенттиктин карамагындагы нускада элчилер эч кандай сурак-сотсуз “800 миңден 2 миллионго чейин киши камалганы өтө тынчсыздандырат” деп жазышкан.

Элчилердин СУАРга көңүл буруусун жоруган Кытай ТИМинин пресс-катчысы Хуа Чуньин “өлкө бийлигине акылга сыйбаган талап коюунун ордуна, элчилер достук мамиле куруусу керек” деп билдирген. “Өтө кызык. Бул өлкөлөрдүн өкүлдөрү өз мамлекеттериндеги көйгөйлөргө көңүл бурбастан, башка өлкөлөрдүн ишине одоно кийлигишет”, - деп кошумчалаган ал. Мурдагы күнү Кытай эл республикасынын мамлекеттик канцеляриясы СУАР элдеринин маданиятын коргоп, өнүктүрүү жөнүндө “Ак китеп” жарыялаган. Анда Пекин Синьцзян элдеринин маданияты менен тилин аябай сактап жана өнүктүрүп, алардын тарыхий мурасы менен дин тутуу эркиндигин коруп келет деп жазылган.

Синьцзяндан маалыматты чыгарбай толук бууп салуу мүмкүн эмес экенин кытай жетекчилиги түшүнөт деген ойдо Чыгыш Азия менен ШОСту изилдөө борборунун илимий кызматкери Игорь Денисов. “Спутниктен тартылган фотосүрөттөр, мамлекет сатып алган товар жана кызмат тууралуу цифралар, жада калса расмий басманын материалдары СУАРда адаттан сырткары бир нерсе болуп жатканын далилдеп турат, - деди ал. – Чет жакта жашаган уйгурлардын күбөлүк сөздөрү да бар”. Кандай болбосун, сот-соболсуз камоого каршы компания батышта, айрыкча академиялык чөйрөдө күч алып барат. Бул маселеден кантип чыгып кетсе болот экени Кытайда эң жогорку деңгээлде сүйлөшүлүп жатканы шексиз.

Эксперттин айтымында, мынчалык масштабдагы адаттан сырткаркы катуу чараларды түшүндүрүп бере албашы кытай жетекчилигинин негизги маселеси. “АКШнын жайлуу сүйлөшүүгө барбастан басымын күчөтүп, санкцияларды киргизүүсү кытай бийлигинин толук жамынып алуусуна түрткү бериши мүмкүн, - деп эсептейт Денисов мырза. – Пекин адатынча сырткы кийлигишүүгө каршы тирешип кирсе, мусулман калкынын абалы жеңилдеп кетпейт”.

Михаил Коростиков, Коммерсантъ, Орусия