Борбор Азия

Кыргыз президенти мурунку ажолордун каталарын оңдочудай көрүнбөйт

15 ноября 2018 г. 23:04 527

Бишкектеги тегерек үстөлдө экс-президент Атамбаевдин тергелүүсү керек болгон иштери каралды. Бирок жаңы президент Жээнбеков каталарды оңдочудай көрүнбөйт.

Алмазбек Атамбаевдин тегерегиндегилер жасаган иштер ката делсе, анда Кыргызстандын учурдагы президенти Сооронбай Жээнбековдун командасы ал каталардын үстүнөн иштейби? Бул паракорлук, саясий атаандаштарын куугунтуктоо, белгилүү кыргыз юристи айткандай, бийликти басып алуу сыяктуу иштер болчу. "Сооронбай Жээнбеков президент болуп шайлангандан кийин коомчулук андан “саясий туткундарга жумшактык кылып”, аларды актайт деп күткөн" деди Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун мурунку судьясы Клара Сооронкулова 13-ноябрда.

САЯСИЙ КУУГУНТУК, БИЙЛИКТИ БАСЫП АЛУУ ЖАНА КОРРУПЦИЯ

“Бул үчүн саясий чечим керек, бирок президент ага барбай жатат. Парламентке карата саясат өзгөрүп, эч ким ага басым кылбай турган ушул кезде мунун саясий баасы берилип, саясий куугунтуктун негизги себеби - бийликти узурпациялоо экени айтылыш керек”, - деп эсептейт Клара Сооронкулова.

Ага кошумча юрист айым саясий куугунтук менен коррупциянын түздөн-түз байланышы бар экенин баса белгиледи. “Куугунтук бир чети жеке кызыкчылыкка байланыштуу. Оппозициянын ал кездеги лидери Өмүрбек Текебаев жана башкалар эң жогорку макамдардагы коррупциялык көрүнүштөрдү көтөрүп чыгышкан”, - дейт мурунку судья.

КЫРГЫЗСТАНДАГЫ АРАМ КЕКИРТЕКТИК ЖАНА ТЕКЕБАЕВДИН ИШИ

Октябрдын этегинде көптөн бери Борбор Азияда иликтөө жүргүзгөн openDemocracy (OD) уюму Алмазбек Атамбаевдин бийликтеги убагы тууралуу паракорлук отчëтун жарыялаган. “OD’нын отчëтунда экс-президенттин катышуу ыктымалы бар коррупциялык схемалардын узун тизмеси жарык көргөн. “Ыктымал” дегенибиздин себеби, соттук тергөө жүргөн эмес. Муну менен бул окуялар тыкыр изилдениши керек экенин айткыбыз келет”, - дейт “Евразиялык демократиялык демилге” НПОсунун мүдүрү Питер Залмаев.

“Демократиялык жол менен бийликке келип, конституцияга жараша бийликтен кеткен сыяктуу болгон Атамбаевдин аркасынан паракорлук менен саясий куугунтуктун узун куйругу чубалып кала берген. Текебаев дал ушунун мисалы. Оппозиция лидеринин ишин карап көргөн соң, Атамбаевдин саясий дымагынын курмандыгы болгон деген бүтүмгө келдик. Ал ойдон чыгарылган паракорлук кинеси менен темир тор аркасына киргизилген. Текебаев Атамбаевдин чет өлкөдөгү мүлкүн, анын жеке байланыштары менен бизнесин териштирип, сунуштаган конституциялык реформасын катуу сындаган жана парламентте Атамбаевди импичмент кылуу демилгесин жар салганда камалган”, - дейт Питер Залмаев.

АТАМБАЕВДИН ДООРУНДАГЫ КОРРУПЦИЯЛЫК КУЙРУКТАР

“Текебаевдин бир нече мүнөттө темир торго кириши эле сырттан караган кишиге көп нерсени билдирет. “Евразиялык демократиялык демилге” анын ишин тыкыр карап чыкты. Көптөгөн процессуалдык каталарды таап, отчëт жазды. Анын иши эл аралык стандарттарга шайкештирилип кайра каралышы зарыл”, - деген ишенимде Залмаев. Бирок расмий Бишкектен мындай ишарат көрүнбөйт.

Кыска мөөнөттүн ичинде Сооронбай Жээнбеков аткаруу түзүмдөрүнөн мурунку кесиптешинин көптөгөн жакындарын алганга үлгүрүп, кээ бирлери капаска кирди. OD’нын отчëтунда тыкыр каралуусу шарт болгон Атамбаевге байланыштуу коррупциялык иштер тизмектелген. Алардын бир канчасы төмөнкүлөр: резиденциянын аймагына курулган каржы булагы шектүү вилла , Кыргызстандын аскердик тик учактарын Угандага ижарага берүү, Бишкек-Ош автотрассасына байланыштуу иштер, Жогорку-Нарын каскадына байланыштуу ызы-чуу, Бишкек ТЭЦинин скандалы. Бул иштерде экс-президенттин жакындарынын аттары жүрөт. Сооронбай Жээнбеков бул каталарды жоюуга даярбы?

БИШКЕК БИЙЛИГИ МУРУНКУ АТКАМИНЕРЛЕРДИ ЭМНЕГЕ ЖООПКО ТАРТУУДА

Клара Сооронкулова минтип айтуу эрте дейт. “Биз азыр Атамбаевдин мураскору анын жакындарына байланыштуу фактыларды ачыкка чыгарып жатса, Атамбаевдин жалпы саясаты тууралуу да кеп кылуу керек деген кайрылуу даярдап жатабыз. Бирок, менин оюм боюнча, Сооронбай Жээнбеков менен Алмазбек Атамбаев тирешкени менен, ортолорунда кээ бир темалар көтөрүлбөйт деген макулдашуу бар. Анын негизкиси - саясий куугунтук”, - дейт белгилүү юрист.

“Коррупцияга каршы күрөш учурда бийликке келгендердин кызыкчылыктарына байланыштуу. Мисалы, Кытай менен түзүлгөн келишимдердин өтө эле катуу насыялык шарттары бар. Мурунку чиновниктерге айып тагылса, учурда бийликте олтургандар милдеттенмелерди аткарууну кечеңдетип, шарттарын кайра карап чыгууга негиз пайда болот”, - деп эсептейт ал.

Питер Залмаев да Атамбаевге каршы таяктын эки учу бар деп эскертет. “Бишкектин мэри Албек Ибраимов сыяктуу Атамбаевге жакын бир нече кишинин камалганы, кээ бир кишилердин кызматтан алынганы жаңы президент жемкорлук менен күрөшүп, Атамбаевдин саясий оппоненттеринин иштери кайра каралат деген үмүт берген. Бирок азыркы президенттин тегерегиндегилер 2010-жылы төңкөрүлгөн экс-президент Курманбек Бакиевдин өлкөдө калган тарапкерлери менен тыгыз байланышта экени чочутат. Учурда Бакиевдин кишилери бийликке жутунуп жатат. Бирок Бакиевдин бийлиги коррупцияга терең баткан болчу. Ошондуктан сырткы серепчилер мүлк менен таасир кайра бөлүштүрүлүп жаткан ички кландык кармаштын куралы болуп калуудан абайлаш керек“, - деп эсептейт эксперт.

OD’нын отчëтунда Бакиевдин кишилери бийликке кайта баштаганы белгиленген. Азиз Суракматов Бишкектин мэри болуп дайындалганы муну далилдеп турат. OD Сооронбай Жээнбековдун учурунда “актëрлору алмашкан” баягы эле оюн кайра улантылат деген чочулоосун айткан.

Deutsche Welle, Борбор Азия