Ара жолдогу мамлекет

​Бул толкун бизди жутат!

13 ноября 2018 г. 16:24 307

Бразилиянын жаңы президенти Жаир Болсонаро өз өлкөсүнүн гана эмес, дүйнөнүн үрөйүн учуруп турат

Опурталдуулугу жана акмактыгы менен “Латын Трампы” деп аталган Болсонаронун президент шайланганы дүйнөнү дүрбөттү. Анткени серепчилердин “Демократия өлүп бара жатабы” деген көптөн берки тартышы Бразилия шайлоосунан кийин ого бетер жанданды.

Ханнигтондугу туура чыктыбы?

“Цивилизациялар кагылышы” деген тезиси менен таанымал Самуэль Ханнингтон демократия “толкун” сымал каптап-кайтып турат деген. Ал мындай толкундарды төмөнкү жылдарга ажыраткан:

1828-1926 жылдар арасы демократиянын биринчи жана чоң толкуну каптаган. “Каршы толкун” 1926-1942-жылдарга келип, 1943-1962 жылдары демократия толкуну экинчи ирет каптаган. 1958-1974-жылдары аны каршы толкун кайра жапшырган. Португалиядагы “кара гвоздика” төңкөрүшүнөн кийин үчүнчү демокртиялык толкун каптап, бул мөөнөт ичинде демократиялык башкаруудагы мамлекеттер 46дан 119га чыккан.

Freedom House‘тун маалыматы боюнча, 2006-жылдан тартып дүйнөдө демократия солгундап, андан кайтуу башталган. Эң коркунучтуусу, АКШ баш болгон ири жана стратегиялык таасири күчтүү мамлекеттерде авторитардык маанай күч алып кирди.

“Латын Трампы” дүйнөнү чочутту

“Демократия жан берүүдө” пикири Бразилиялык шайлоодон кийин үстөмдүк кыла баштады. Болсонаро “шайлоо менен келип, өлкөлөрүн демократиядан дароо алыстатып, сот жана сөз эркиндигин жыйыштырган, сот - мыйзам чыгаруу- аткаруу бийликтеринин тең салмактуулугун бузган, бийликтин эки тизгин бир чылбырын колго алып, шайлоолорду бурмалаган” популист (напсикор) лидерлердин бири. Баарынан коркунучтуу десе да болот.

Ал да бардык популист лидерлердей эле “мамлекет, улут коркунучта” темасын колдонот. Шайлоодо “бразилдер тебеленип жатат” деп кыйкырып чыкты. “Мен сыяктуу ойлонбогон коркунучтуу” деп азчылыктар менен башка динди тутунгандарга кыр көрсөттү. Бразилиянын ынды кара жарандарын “зоопаркка берилчү айбандар”, арабдарды “жийиркеничтүү тайпа” катары көрөт.

Болсонаро кандай болбосун атаандаш каалабайт. Шайлоодогу атаандашын “шайланаарым менен капаска солойм” деп коркутту. Башкаларына “жактырбасаң же түрмөгө кир, же сыртка чыгып кет” деп түз эле айткан.

“Бул христиан өлкөсү, андан сырткары саясат мүмкүн эмес” деген ураан менен чыкты, башкалар динин өзгөртсүн деди. “Мыкаачылыкты жактаганы” батыш медиасын чочутканына карабай, нацисттик партияны колдоорун билдирген. Бразилияда 1964-жылы кандуу төңкөрүш кылган Устранын жалгыз катасы “мыкаачылыгы жетишсиз болуп калган” деп, аны “эл баатыры” деген. Диктатор Пиночетти мактап, анын доорунда жоголгон жакындарын издегендерге “иттер гана ар жерде сөөк шимшилейт” дегенге батынган.

Мунун баары аз келгенсип, Болсонаро “сотсуз жазаны” колдоп, “күнөөлүүлөр табылган жерде өлтүрүлүшүн” жактайт. Бир сөзүндө Адам укугу министрлигинин кызматкери Мария Росариону “зордуктаганга да татыктуу эмес” деп эскерген.

Сүйлөгөн сөздөрү ушундай болгон бири 55 пайыз добуш менен Бразилиянын президенти шайланаары күтүлгөн эмес.

Бирок буга чейин АКШнын Трампты шайлап алаарын да көбү күткөн эмес. Эч кимди алдыга салдырбай, Болсонарону куттуктаган Трамп аны менен “сонун иштешээрин” билдирген.

“Жаңыланган авторитардыкты” тандайбызбы?

Болсонаронун жеңиши “Демократия өлүп барат” деген тезисти бекемдедиби? Ханнигтондун теориясы боюнча, жаңы жеке бийлик толкунуна капташтыкпы? Бул жана буга окшогон суроолорго жооп издеген саясат таануучулар сансыз китеп менен илимий макала жарыялашты.

Алардын кыскача мазмуну төмөнкүчө. Демократия 1930-жылдан бери эң чоң кризиске кабылды. Популизм (элдин напсисине ойноп, татаал суроолорго оңой жооп табуу) менен авторитардык (жеке бийлик) жогорулап барат. Демократия менен авторитардык аралашкан “гибрид” система кулач жайып, демократияга ишеним азаюуда.

Кээси муну Ханнингтондой “кезектеги толкун” десе, башкалары “демократия доорунун бүтүшү” деп жатат. Чын эле демократиянын бешиги катары каралган өлкөлөрдө да популист (напсикор) лидерлер бийликке келүүдө.

Аткаруу бийлигинин сот менен мыйзам чыгарууга үстөмдүгү, тергөөнүн жана мамлекеттик мекемелердин саясатташуусу, элдин бийликке таасир бере албай калуусу, пресса менен сөз эркиндигинин ур-токмокко алынуусу – демократиянын жалпы чегинүүсүн көрсөтүп турат.

Буга чейинки теориялар мамлекеттер байыган сайын демократияга жакындайт деп келишкен. Бирок Freedom House‘тун статистикасы боюнча, “эркин эмес” өлкөлөр 1990-жылы дүйнөлүк кирешенин 12%ын алса, 2018де 33%ын томурган.

“Гибрид демократиялары” өсүп жатат

Гибрид өлкөлөрдө шайлоо бар, ага бирден көп партия катышат, ошондуктан “демократия” катары кабыл алынат. Бирок эркиндиктер, мыйзам үстөмдүгү, атаандашуудагы адилеттүүлүк, пресса менен сөз эркиндиги сакталбаганы жагынан “авторитардык” режимдерге окшойт. Статистикага караганда, мындай “гибрид” башкаруу арбып барат.

Авторитардык режимдер күч алган сайын, “демократия” заман талабына жооп бере албай калды деген пикир жайылууда.

Толкун аркага кайтабы?

Фактылар дурус эмес. Дүйнөнүн ар тарабында напсикор (популист) лидерлер бийликке келүүдө. Жеке бийлигин орноткон лидерлер демократиялык баалуулуктарды булгап, аларга болгон ишеним азаюуда. Албетте мындай жагдайда эркиндиктер чектелүүдө.

Кытай менен Орусия баш болгон өлкөлөр мындай режимдерин ийгиликтүү экспорттоодо. Трамп да АКШнын саясий жана экономикалык мүмкүнчүлүктөрү менен напсикорлордун толкунуна күч берип келет. Андан улам Кошмо Штаттары башкаларга демократия үлгүсү боло албай барат. Трамп сот менен басма сөз эркиндигин копшоп, авторитардык толкунду күчтөөдө.

Бүткүл дүйнөнү каптап баштаган мындай толкун демократтарды, азчылыктарды, эркин ойлонгон инсандарды жана диний топторду басмырлап кирди. Бул жеке бийлик толкуну өкүмүнө толук багынып бербеген баарын жутканы турат.

Адем Явуз Аслан, tr7/24, Вашингтон, АКШ