Кытай/Индия

​Кытай Америкага каршы: Кызматташуу доору бүттү

12 ноября 2018 г. 14:54 444

Эми эки дүйнөлүк супер дөөлөт атаандашка айланды дейт британиялык “Экономист” журналы

Британ эксперттер макаласын, акыркы чейрек кылымда америкалык саясат Кытайды өзүнө жакындатып, орток аракетке тартууга багытталган деп баштаган. Саясий жана экономикалык ортоктук Кытайды байыткандан сырткары либералдаштырып, ар түрдүүлүктү колдогон демократияга айлантат деп мерчемделген.

Макаланын авторлору боюнча, 1996-жылкы Тайвань кысыгындагы кагылышууга жана 2001-жылы чалгын учагы атылып түшүрүлгөнүнө карабай, АКШ багытынан жазган эмес. Кытай бара-бара эл аралык тартип системасына толук ылайыкташкан тарап болот деп күтүлгөн.

Британ серепчилери мунун баары тарыхта калды, АКШ учурда Кытайды душмандыкка жакын, эрежелерди бузган стратегиялык атаандаш катары көрөт деген ишенимде. Дональд Трамптын администрациясы Кытайды Американын маданияты менен саясатына кийлигишип, интеллектуалдык менчикти уурдап, соода тартибин бузуп, Азияда гана эмес, дүйнөдө үстөмдүк кылуу аракетинде деп айыптайт. Вице-президент Майкл Пенстин Кытай АКШга каршы глобалдык чабуулга өттү дегенинен “кансыз согуштун” илеби кайра байкалды дейт “Экономист”.

Пенс менен Трамптын оюн колдогондор көп. Кытайдын да багыты өзгөрдү. “Экономисттин” ою боюнча тышкы саясатты мерчемдеген кытай эксперттери АКШ алардын өлкөсүнө бут тосконго даяр экенин мурун эле шекип келишкен. Ошондуктан Кытай буга чейин тикелей тирешүүдөн качып, “күчүн жашырып, ыңгайлуу жагдайды күтүп жүргөн”. Кытайлардын көбү 2008-жылкы каржы кризисинен кийин өзүн токтото албай калды. Анда АКШнын басыгы басаңдап, Кытай тескерисинче ырааттуу өсүп кете берген. Ошондон тартып КЭРдин башчысы Си Цзиньпин улуту эл аралык сахнада олбурлуу жер алчу “Кытай кыялы” идеясын алдыга чыгарды. Кытайдын көбү АКШны, өлкөсүнө айып катары таккан күнөөнүн баарын өзү аткарган эки жүздүү мамлекет, деп эсептейт. Ошондуктан тайсалдап күтүп олтурчу убакыт өттү.

Гарвард университетинин серепчиси Г.Эллисон тарыхта АКШдай гегемон өлкө менен Кытайдай ага атаандаш мамлекеттер тирешүү айлампасынан чыга албай калганы көп кездешет дейт.

Эксперттер АКШ убакыт Кытайга иштеп жатат деп чочулайт деген ойдо. Кытай экономикасы американыкына караганда эки эсе тез өсуп, кытай өкмөтү жасалма интеллект, квант жана био технологияларды каржылап келет. Азыртан эле нтеллектуалдык менчикти уурдоону, Түштүк Кытай деңизинде тирешүүнү токтотуу кыйын болуп турат, эртең бул да мүмкүн болбой калат. Супердөөлөттөрдүн келечектеги мамилелери ушундай жагдайда калыптанып жатат. Серепчилер эрежелер аныкталып бүткөн соң, аларды өзгөртүү оңойго турбайт дешет. “Экономист”: “Бүткүл адамзат үчүн АКШ менен Кытай ымалага келиши керек”, - дегенинин аркасынан “кантип” деген суроо койгон.

Британ эксперттердин оюнда, Дональд Трамп менен администрациясы үч нерсени туура кылышкан. Америкалык компаниялардын көзөмөл акцияларын алууну катуулаткан, аскердик чыгымдарын арбыткан жана кытайдын мол инвестицияларына каршы чет өлкөлүк жардамдарын көбөйтүшкөн.

Трамптын Кытайдын “жүрүм-турумуна” башкача караш керек дегенин Лондон да туура көрөт. Учурда кытайлык компаниялар же мамлекеттик, же менчик экени белгисиз. Өкмөтү арзан акча берип, согуштук максаттарда колдонулуп кетчү технологияларды сатып алуусуна жардамдашып, эл аралык базарды башаламан кылууда. Аркасында мамлекети турган Кытайдын жеке менчик компаниялары Евробиримдиктин да чакан өлкөлөрүнө таасирин арттыра баштады. Ошондуктан саясий партияларын, аналитикалык борборлорун жана университеттерин ким каржылап жатканын Батыш ачык-айкын кылуусу зарыл.

Дональд Трамптын каяша мүнөзү оң натыйжа бере баштады деген ойдо эксперттер. Анын Канада жана Мексика менен араздашуусундагы опуза саясаты натыйжалуу болду. Трамп кытай лидерлери күткөндөй, тең салмактуулукту бузгандан коркпойт. Кытай да коркутууларга оңой алдырбайт, анкени АКШнын экспортуна анча көз-каранды эмес. Мындан сырткары Си Цзиньпин “Кытай кыялынан” оңой баш тарта албайт.

“Экономисттеги” макаланын авторлору Дональ Трампка бул багытта узак мөөнөттүү стратегия керек деген пикирде. Америкалык баалуулуктар ага жакшы стратегия болуп бермек. Америка Экинчи дүйнөлүк согуштан кийин өзү орноткон принциптерди Трамп күчкө салып четке кагууда. Эгер мунусун токтопосо, АКШнын саясий кадыр-баркына шек кетет. Британ эксперттердин оюнда, Кытай менен эрежесиз кармашка кирген батыш демократиясы сөзсүз уттурат. Алар сунуштаган стратегия боюнча, Кытай тынчтык жолу менен өнүгүп, таасирин арттыра бериши керек. Муну токтотуу аракети кагылышууга алып барат. АКШ менен Кытай атаандашканына карабай кызматташа берүүлөрү зарыл. Анткени бул эки мамлекет соода-сатыкта АКШ менен СССРге караганда тыгыз байланышта. Алар дүйнөдөгү жана Корей жарым аралындагы коопсуздукка бирдей жоопкер.

Британ серепчилеринин корутундусу боюнча, АКШ менен Кытай түрдүү бирикмелер аркылуу кызматташканы жакшы. Мисалы соода-сатыкта Кытайга басым кылуу үчүн Трамп Евробиримдик жана Жапония менен бирге аракеттениши керек. Аскердик тармакта келишимдерден чыгуунун ордуна, АКШ президенти Жапония менен Австралия сыяктуу эски өнөктөштөрү менен бирге Индия менен Вьетнам сыяктуу өлкөлөр менен кызматташуусу туура болот. Кытайдын экономикалык жана саясий артыкчылыгын тосууда бирикмелер АКШ үчүн эң сонун жол.

АКШ менен Кытай ачык каршылашууга өтүүсү мүмкүн, бирок анысы куралдуу согушка айланып кетпеши керек дейт “Экономист”.

Нана Яковенко, ИноСМИ, Орусия