Орусия

Орусия мигранттарга эшигин кеңири ачмакчы, бирок ага биздей кыргыз керекпи?

9 ноября 2018 г. 14:17 990

Дүйнө каржысын чеңгелдеп жаткан АКШ менен тирешкенден бери Орусия Федерациясы Кытайды негизги өнөктөш катары карай баштады. Айрыкча бир чарчы чакырымына 1 жараны туура келген Ыраакы Чыгышын жандантуу үчүн Кытай баш тарткыс инвестор болуп турган чак. Ошол эле убакта орус бийлиги дүйнө экономикасында туруктуу экинчиликке жеткен, курал жагынан да алдыңкы өлкөлөргө үзөңгүлөш боло баштаган миллиарддаган Кытайдын ишкерлери менен жумушчуларына аймагын ачып берүүдөн чочулап турат.

2018-жылдын 31-октябрында ОФтун президенти Владимир Путин «Орусия Федерациясынын 2019-2025-жылдардагы миграциялык саясаты жөнүндө концепциясы» деген токтомго кол койду.

2012-жылдан баштап, ошол эле 2025-жылды камтыган, эксперттердин айтымында “коргонуучу” мүнөз ташыган, эски концепция мөөнөтүнөн мурун алмаштырылган.

Жаңы концепцияда «2012–2017-жылдардагы Орусия Федерациясына кирген миграциялык агым калктын табигий азайуусун толуктап, улуттук экономикага кошумча эмгек ресурстардын булагы болду», - деп ачык эле айтылган. Концепциянын жазылуусунда Ыраакы Чыгыш менен Байкал регионунун 2025-жылга чейинки социалдык-экономикалык өнүгүү стратегиясы менен Ыраакы Чыгыштын 2025-жылга чейинки демографиялык саясатынын концепциясы эске алынганы баса белгиленген. Калктын жайгашуусунда чоң айырмалар бар экени, “ички миграциянын мүмкүнчүлүгүнүн дээрлик баары” Москва, Санкт-Петербург жана Краснодар крайына багыт алганы айтылган. Документте “Көз-карандысыз мамлекеттер шериктештигине (КМШ) кирген өлкөлөрдүн элдеринин тарыхий жана маданий байланыштары сакталып, бири-бирине визасыз каттаганы, Евразиялык экономикалык биримдигинин негизделиши”... “Орусия Федециясынын миграциялык артыкчылыгынын күчтүү факторлору” экени эскертилген.

Элинин саны кыскарып бара жаткан региондорун жандантууга кытайлык инвестициялар керек. Бирок орус бийлиги келген каражатты өз жарандары, көчүп келчү мекендештери жана орус тилин билип, орус маданиятына жат эмес мурунку СССРдин курамына кирген, алардын ичинде Борбордук Азия менен Казакстандын мигранттары менен өздөштүрүү ниетинде.

Концепцияда бардык мигранттардын жашоо шартын жакшыртып, ОФто жүрүүсүн жеңилдетүү жөнүндө айтылган. Айрыкча “илимди, кесиптик билим берүүнү өнүктүрүү, экономика тармактары менен мамлекеттик башкарууга илимдүү кадрларды даярдоону жакшыртуу үчүн”... “илимий жана педагогикалык ишмер, инженер, врач, фермер, ишкер, инвестор жана маданият менен санаттын көрүнүктүү ишмерлеринин көчүп келүүсүнө ылайыктуу шарттарды түзүү” керек, ал үчүн “андай кишилерди тарткан орусиялык уюмдарды колдоо” зарыл экени баса белгиленген.

Ошентип ОФ жалпы мигранттарга ачылууну жар салып, айрыкча кесипкөй жана активдүү келгиндерди күтүп жатканын билдирди.

21-кылымда баардык кен байлыктан да жогору баалана баштаган киши ресурсу үчүн Евразиянын эң күчтүү мамлекетинин бири ачык атаандаштык жарыялады. 31-октябрда Путин бул токтомуна кол коёру менен немистердин абройлуу Deutsche Welle сайтынын орусча версиясына “Россия хочет конкурировать с Германией за трудовых мигрантов деген макала чыкты. Анда “Европада, анын ичинде Германия менен Орусиянын ортосунда адистешкен кадрлар үчүн атаандаштык курчуду, эки өлкө тең Украина менен Белорустун эмгек ресурстарына талапкер” – деп айтылган.

КМШ өлкөлөрүнүн дээрлик бардыгында, алардын ичинде Кыргыз Республикасында да кызыктай жумушсуздук бар. Ал сезондук же тармактык кара жумушчунун ашыктыгы. Адистик талап кылынбаган жумуш жетишсиз, ошондуктан эл арасында “кул базары” деп аталган жерлерде киши батпайт. Ошол эле учурда кыргыз фирмаларына да, КМШ ишканаларына да адис жетишпейт. Евразияда барчу жеринин тилин билген адис үчүн атаандаштык курчуп, аларга төлөнчү маяна жогорулап кете бермекчи. Кыргыздын мындай миграцияга кандай даярдыгы бар? Тартыш адисти кармап калууда КРдин мамлекеттик мекемелери менен жеке ишканаларынын кандай артыкчылыктары бар?

Ал арада Орусия менен КЭР Сибирь менен Жакынкы Чыгыш регионунда агро-өндүрүүчү комплекстерди түзүп, соя менен күрүч өстүрүү, эт-сүт өндүрүү боюнча келишимдерге кол коюлганын, 2013-жылы ОФко чегерилген инвестициянын 2%ы эле бул регионго кирсе, 2017-жылы ал 15 эсе өсүп, 30%га чыкканын орус өкмөтүнү сайты жарыялаган. Мунун баары Орусиянын премьер-министри Дмитрий Медведевдин 7-ноябрда Кытайга кылган расмий зыяраты учурунда айтылган.

Ошол эле 7-ноябрда 720 миллиондук жазылган окурманы бар кытайлык “Феникс” аналитикалык порталы Сибирдин аянты 13 млн чарчы чакырым, анын бир бөлүгү Жакынкы Чыгыш региону 6,216 млн чарчы чакырым экенин, бирок калкы 6,32 млн гана киши, башкача айтканда 1 чакырымга 1 киши туура келээрин жазып, оюн “Бул кеңири аймак Орусиядан алыс, бирок Кытайга жакын. Кытай бул жерлерден биротоло кол үздүбү?” – деген кейиш менен бүтүргөн.