Батыш

​Жасалма интеллект согуш куралдары: АКШ менен Кытайга жетиш кыйын...

7 ноября 2018 г. 14:45 412

Жасалма интеллект күн санап өнүгүп келе жаткан тармак. Алар телефондордо, үй-чарбачылык жана аскердик техникада колдонула баштады.

Эксперттердин бир бөлүгү өз алдынча чыгарган чечим менен аракетке өткөн жасалма интеллектти (ЖИ) балээнин жышааны дешүүдө. Алар эмгек базарынан кишини сүрүп чыккандан сырткары эл аралык аскердик коопсуздук тең салмактыгын да бузуп жибериши мүмкүн деп чочулашат.

Эл аралык иштер боюнча орусиялык кеңештин (РСДМ) серепчилери атайын баяндамасында: “Ири дөөлөттөр арасында жаңы, жасалма интеллект технологиялар тармагында курал жарышы башталып кетүү коркунучу бар. Өзөктүк, химиялык жана биологиялык куралдар эл аралык келишимдер менен чектелип турса, жасалма интеллекти согушка колдонууну чектөө дүйнөлүк укукта бүдөмүк жазылган”, - дешкен.

Бириккен Улуттар Уюмунун мандаты менен ЖИнин негизинде иштелип чыккан автономдуу куралдарды чектөө аракети августтун аягыда ишке ашпай калды. Чектөө киргизүүгө Орусия да каршы чыккан.

Кишисиз танк, учкучсуз учак сыяктуу автономдуу жаналгыч-роботторго толук тыюу салууну Австрия, Аргентина, Бразилия, Боливия, Ватикан баш болгон 26 өлкө колдогон.

Америкалык MarketsandMarket компаниясынын изилдөөсү боюнча, ЖИге негизделген согуштук технология базары 2017-жылы 6,26 млрд долларга чыккан. Компаниянын эксперттеринин божомолунда 2025-жылы бул базар 18,82 млрд долларды чапчыйт.

“Жасалма интеллект стратегиялык согуштук тең салмактуулукту бузууга барган сайын көбүрөөк колдонулмакчы. Жаңы, технологиялык курал менен алдыга озуп чыгуу ыктымалы өлкөлөргө дүйнөнүн коопсуздугун унуттуруп жатат”, - дешет РСДМ эксперттери.

Алардын баамында өнүккөн өлкөлөрдүн геосаясий жана аскердик доктринасы өзгөргөнө турат. АКШ, Кытай, Индия, Британия, Франция эмитен эле ЖИге негизделген согуштук программаларын иштеп чыгуу ниеттери бар экенин билдиришкен.

Бул өз учурунда мамлекет менен бизнестин алакасын да өзгөртөт. “Согуштук артыкчылыкка жетүү аракети, Кытай колдонуп баштаган жеке бизнес менен мамлекеттин кызыкчылыгын бириктирүү үлгүсүн алдыга чыгарат”, - дейт изилдөөчүнүн бири, көз карандысыз Ай-Ти лигасынын төрагасы Сергей Карелов.

Изилдөөнүн авторлору ЖИ технологиянын лидерлигине АКШ менен Кытай чыкты деген ойдо. АКШнын жаңы Улуттук коргоо стратегиясы жасалма интеллект согуштун мүнөзүн өзгөртөт деген пикирге негизделген. 31-июлда Вашингтон 2019-2020-жылдары бюджетинде жасалма интеллект, кванттык маалымдама менен суперкомпьютерлерге артыкчылык берээри тууралуу меморандум чыгарган. Ал АКШнын бардык федералдык штаттарына тиешелүү.

“АКШ менен Кытайдан башкасы ЖИ боюнча аркада калышкан, - дейт Сергей Карелов. – Алардын аркасынан келе жатат деген Франция, Германия, Индия же Түштүк Корей бул маселеде лидер өлкөлөрдүн бучкагына тең келбейт”.

Орусия ЖИ технологиялары менен гиперүн жана электрондук толкундарды басууну биргелештирген тармактарда алдыга чыгышы мүмкүн деген ойдо РСДМ эксперттери.

Елена Черненко, Коммерсант, Орусия

Материал кыскартыл ган, түп нускасына бул шилтемеден киресиз