Борбор Азия

​Өзбек президенти дыйкандар үчүн вице-премьерин айдаганы жөнүндө

6 ноября 2018 г. 17:16 656

Ташкент облусунда тартылып алынган фото он чакты өзбек аткаминердин тагдырына балта чапты. Өлкөнүн вице-премьери жумуштан айдалды. Мирзиёев ак сөөктөрдүн каршылыгына кабылбайбы?

Октябрдын этегинде вице-премьер министр Зойир Мирзаев макамдан алынды. Кетирүү себеби бир башкача болду. Ага арыкта тизелеринен келген сууда баштарын шылкыйтып кыдыракей тизилген дыйкандардын сүрөтү себеп болгон. Ал сүрөт кантип өзбек президентине жеткени жөнүндө Франциядагы “Борбор Азиядагы адам укугу” ассоциациясынын (AHRCA) башчысы Надежда Атаева айтып берген.

Өзбек жазасы: арыктагы сууга тургузуу

“27-октябрда өзбек демилгечинин бири мага жазаланган айылдыктардын сүрөтүн жиберди. Мен пахта жыйноо планын аткарбаганы үчүн жазалоо окшойт деп аны Эл аралык эмгек уюмуна (ЭЭУ) салгам”, - дейт Надежда Атаева.

ЭЭУ Өзбекстандын Эмгек министрлигинин “ишеним телефону” менен байланышып, териштирүү учурунда окуянын чоо-жайы ачыкка чыккан. Көрсө 25-октябрда Ташкент облусуна келген вице-премьер Мирзаев башка аткаминерлер менен бирге дан эгиндери боюнча көрсөтмөнү аткара албай калган кишилерди ошондой жазалышыптыр. Ал көрүнүштү бири тартып, интернетке жүктөп салган.

Ачыкка чыгып кеткен окуя өкмөт деңгээлинде талкууланып, 29-октябрда президент Мирзаевди вице-премьерликтен алып салган. Өзбек ЖМКлары сууда тургандар менен аларды жазалагандарды таап чыккан. Натыйжада ал сүрөт вице-премьерден сырткары он чакты аткаминердин да карьерасына кесепетин тийгизген.

Күч колдонууга тыюу жана Мирзиёевге каршылык

Зойир Мирзаев колдонгон “тарбия” өзбек бийлигинин сөөгүнө чейин сиңип кеткен. Бул бийликтин көрсөткүчү сымал. Демек президенттин өкүмү аткаминерлердин бийлигине шек келтирип турат.

Мындан улам Шавкат Мирзиёев өкмөт менен аймактарда каршылык көрүүсү мүмкүнбү? Жана, тескерисинче, карапайым калк менен дүйнө алдында анын аброю көтөрүлөбү? Ташкенттик саясат таануучу Юрий Черногаев ЭЭУнун кеңешчиси Йонас Аструп Мирзаевдин кетишин дароо колдоп, президенттин чечимин “күчтүү, так жана туура” деп атаганы пайдалуу деген ойдо. Бул мактоону өзбек прессасы кеңири таанытып, батыш инвестицияларынын келишин жакшыртат деген маанай бар.

Өзбекстанда кадрлардын тез алмашуусунун себеби эмнеде?

Бирок чыныгы абал прессадагы сүрөттөн башкача деп эсептейт Черногаев. “Президент келгенден бери кадрлардын тез алмашканы, ал эмдигиче команда топтой албай жатканынан кабар берет. Азыркыга чейин негизги түзүмдөрдү “советтик” аткаминерлер башкарып отурганына караганда, 27 жыл көз карандысыздык доорунда жаңы элита тарбияланган эмес”, - дейт саясат таануучу.

Бизнесте жаңы муундун өкүлдөрү бар, бирок алар да бала-чакасынан бери камсызданып алган аткаминерлердин тууган-туушканы. Карапайым калк болсо жакшылардын “жүз бүлөөсүнө” эч качан кире албашын сезип, жогору жактагы оюндарга кош көңүл. Бирок мындай тең салмактуулук да жакшы деген ойдо Юрий Черногаев.

Надежда Атаева да мындай баланс “эски доордун” өкүлдөрү менен жаңы президент дайындаган жетекчилердин өз ара макулдашуусунун натыйжасы деген пикирде.

“Бирок Алишер Усманов, Шодиев сыяктуу орусиялык олигархтардын келүүсү менен Шавкат Мирзиёевдин абалы бекемдеди”, - дейт Атаева.

Ташкент калк менен кызматташууга даяр

Өзбекстандагы көптөгөн маалымат булактарына таянып Надежда Атаева: “Мамлекеттик мекемелерде жарандарга барган сайын сылык мамиле күчөй баштады. Мында калктан да, анын аппараты жагынан да президентке каршылык жок. Жарандар арыздарын түз эле өлкө башчысынын кабылдамасына жолдогонго аракеттенишет. Бийлик айрыкча жамааттык кайрлууларга көбүрөк көңүл бурууда. Маселе эл аралык коомчулукка чыгып кетсе, анын оң тарапка чечилүү ыктымалы артат”, - дейт AHRCA уюмунун башчысы.

Deutsche Welle, Борбор Азия

Материал кыскартылды, толугуна бул шилтемеден кире аласыз