Ислам дүйнөсү

Египеттеги эң ири аскердик машыгуу жана “араб НАТОсу”

5 ноября 2018 г. 18:11 273

Араб дүйнөсүн толугу менен маалыматка сугаруу максаты менен иштеп келген Ливандын Raseef22 сайты региондо өтчү эң ири согуштук машыгуу тууралуу араб серепчилеринин пикирин алган. Редакцияны “Араб калканы-1” аскердик машыгуусу “араб НАТОсу” атаккан согуштук альянсын түзүүгө алып келеби деген суроо кызыктырган.

3-октябрда башталган “Араб калканы – 1” аттуу согуштук машыгууга сегиз араб мамлекетинин аскерлери менен байкоочулары катышып, ал 16-октябрга чейин созулмакчы.

Буга чейин Reuters маалымат агенттиги АКШ Араб (перс) булуңунун өлкөлөрүн жана Египет менен Иорданияны Иранга каршы “араб НАТОсун” түзүүгө үндөп жатканын билдирген.

Машыгууга катышкан өлкөлөр

Жер ортолук деңизи аймагында кургакта, сууда жана деңизде өтчү “Араб калканы – 1” аскердик машыгуусуна, Египет аскерлеринин пресс-катчысы Тарек ар-Рефаинин айтымында, Египеттин, Сауд Аравиясынын, Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ), Кувейттин, Бахрейн жана Иорданиянын куралдуу күчтөрү катышууда. Марокко менен Ливандан байкоочулар келишкен.

Бул машыгуулар, Reuters кабарлагандай, “Жакынкы Чыгыштык альянс” деп аталган “араб НАТОсун” түзүүгө багытталганбы деген суроого аскердик пресс-катчы жооп берүүдөн баш тарткан.

Альянстын түзүлүү ыктымалы канчалык?

Жакынкы Чыгыш боюнча адистешкен Карнеги борборунун илимий кызматкери Язид Сайигх “араб альянсын түзүү аракети бүдөмүк” деген ойдо.

“Сауд Аравиясынын ушул эле өлкөлөрдүн колдоосу менен террорго каршы исламдык ири альянс түзүлөт дегенинен төрт жыл өтө элек. Бир аз кыймыл болгону менен андан эч кандай натыйжа чыккан жок... Араб НАТОсу деген дымактуу долбоордун ишке ашып кетишине эч кандай далил жок”, - дейт Сайигх.

Кувейттин Аскердик абаа күчтөрүнөн кызматтан кеткен полковник Дафер аль-Ажами, тескерисинче, мындай согуштук альянстын келечеги кенен деген ойдо.

“Согуштук түзүмдөр саясий бөгөттөрдөн ашып өтө алаарын далай жолу далилдеген. Катар өткөн жазда Сауд Аравиясы менен аскердик машыгууларды өткөрдү. Бекем жана ырааттуу аскердик кызматташуу араб НАТОсунун түзүлүшүнө жол ача алат”, - дейт Ажами.

Reuters”тин кабары боюнча, АКШ менен Араб булуңунун өлкөлөрү көп жылдан бери талкуулап келе жаткан, ракеталарга каршы аймактык калкан орнотуу аракети, мындай альянстын түзүлүшүнө жана региондогу армиялардын жаңыруусуна түрткү берет.

Сайигхтин айтуусунда, бул альянс чын эле Иранга каршы түзүлөт, ошонусу менен араб мамлекеттеринин ортосуна жик салышы мүмкүн.

2017-жылдын июнунда БАЭ, Сауд Аравиясы менен Египет Катарды террорду колдойт деп айыптап, дипломатиялык алакаларын үзүп, ага блокада жарыялашкан.

Сайигх бул тууралуу: “Катар Иранга каршы альянска кирүүгө даяр эмес. Араб өлкөлөрү бири-бири менен союздаш гана эмес, атаандаш дагы. Ар бири аймактын ири оюнчусу болгусу келет”, - дейт.

Аскердик серепчилердин ою боюнча, Оман да Иранга каршы саясатка бара албайт, ошондуктан Йемендеги согуштук аракеттерден баш тарткан. Ушундан улам Араб булуңу жана Египет менен Иорданиянын араб согуштук бирикмесин түзүүлөрү өтө эле бүдөмүк.

Язид Сигхтин баамында АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясы да “араб НАТОсунан” көрө ар бир өлкө менен эки тараптуу мамиледе болууну туура көрөт.

Raseef22, Ливан

Материал кыскартылды, толук нускасы бул шилтемеде