Батыш

​Жалгыз калган картаңдар АКШ экономикасына жылына 7 млрд долларга турат

5 ноября 2018 г. 13:08 262

Америкалык пенсионерлер ассоциациясы (AARP) буйрутма кылган изилдөө боюнча 65 жаштан өтүп жалгыз калган ар бир картаң америкалык АКШнын экономикасына ай сайын кошумча 134, же жылына 1,6 миң долаарга турат. Бул чыгымдын көбүн мамлекет каржылаган Medicare камсыздоо системасы жабат. Аталган программанын алкагына 30 миллиондон ашык кары-картаң кирет.

Стенфорд менен Гарвард университети биргелешип жүргүзгөн бул изилдөө учурунда 65 жаштан ашкан 5,3 миң киши сурамжыланган. Респонденттин орто жашы 74 болуп, жарымынан көбү аялдардан турган. Алардын көпчүлүгү (86%) достору же башка үй-бүлөлөр менен жеке же башка түрлүү бекем социалдык байланышы бар экенин айтышкан. Калгандары (14%) социалдык жалгыздыкка учурап, түрдүү ооруларга көбүрөөк чалдыкканы билинген. Алар депрессия менен өнөкөт оорулардан жапа чегишип, күнүмдүк зарыл муктаждыктарын аткарууда кыйынчылыкка чалдыгышат. Бекем социалдык байланышы барларга караганда, жалгыз калган картаңдар капыстан өлүп калуу коркунучуна 50% жакын экени да билинген.

Коммерсантъ, Орусия