Ара жолдогу мамлекет

Йемен кризиси: Адамкерчиликтин аксаганына тиешелүү үч цифра

3 ноября 2018 г. 16:44 357

Өткөн аптада Бирикке Улуттар Уюмунун гуманитардык башкармалыгынын башчысы “кайтарылгыс жана чоң ачарчылык” коркунуч алдында турган Йемендин жарымы, б.а. 14 млн киши жанын сактап калчу жардамга муктаж деп эскертти.

Мак Доукок БУУнун Коопсуздук кеңешине бул ачарчылык “кандай болбосун адис бул тармакта өмүрүндө көрбөгөн” деңгээлде болоорун билдирди.

Акыркы жыйырма жылда мындай ачарчылык эки ирет байкалган. 2011-жылы алардын бири чейрек миллион сомалиликти кайсап, экинчиси былтыр Түштүк Суданда көрүнгөн.

Төмөндө араб дүйнөсүнүн эң жакыр өлкөлөрүнүн бириндеги учурдагы абалды чагылдырган үч статистика келтирилет.

Күндө 5 жашка чейинки 130 бөбөк ачарчылык жана оорудан көз жумууда

2017-жылы ачарчылыктан жана ага байланыштуу оорудан 50 миңге жакын ымыркай чарчап калган. “Бөбөктөрдү куткаргыла” уюму менен БУУнун маалыматы боюнча быйыл да ошончо өлүм күтүлүүдө.

“Бөбөктөрдү куткаргыла” уюмунун өкүлү Бхану Бхатнагар Йемендеги абалды “бүткүл дүйнөнүн бетине жабылган кара так” деп атаган.

ЮНИСЕФтин миссиясынын баамында, учурда Йеменде 1,8 млн чала тоют бала бар, алардын 400 миңин ыкчам сакайтпаса, ашыккан ачарчылыктан көз жумуп калышы мүмкүн. Сегиз миллионго жакын бала суу жана тазалыкка жетип-жетпей жашайт.

Бхатнагардын айтымында Йемендеги куралдуу кагылышуу “бир муун баланын” түбүнө жетет, бул согуштан эң биринчи кезекте жаш балдар жапа чегүүдө.

“Миңдеген киши ачарчылыктан улам ыйлаганга да күчү калбай калган”, - дейт ал.

БУУ Йемендеги апаатты расмий түрдө ачарчылык деп жарыяласа болобу деп баамдап жатат. Мониторингдин баштапкы натыйжалары кийинки айда чыгат деп күтүлүүдө.

“Ачарчылык тууралуу расмий декларация буга чейин билинген нерсени – балдардын ачкадан өлүп жатканын гана тастыктайт, - деди Йемендеги Эл аралык куткаруу комитетинин мүдүрү Френк Макманус. – Ачарчылык деп тастыкталганда, биз кеч болуп калды деп түшүнүүбүз керек”.

Йемендеги кагылышуу Иран колдогон көтөрүлүшчү-хуситтер өлкөнүн борбор шаары Сананы басып алганда тутанган. Алар расмий өкмөттү төңкөрүшкөн. 2015-жылдан бери Сауд Аравиясы баш болгон коалиция жана өкмөт хуситтер менен күрөшүп келет.

Куралдуу кагылышуу учурунда 6,8 миң карапайым калк өлүп, он миңден ашыгы жаракат алган. Мунун баары дүйнөдөгү эң оор гуманитардык кризиске алып келип, 2015-жылдан бери Йемендин ички дүң өндүрүмү эки эсе кыскарып, 600 миңден ашык жумуш орду жок болуп, калкынын 80 пайыздан ашыгы жакырлык чегинен төмөн түшүп кеткен.

“Эл аралык коомчулук бул ачарчылыкка чара көрбөй, анын катуулашын күткөнсүп кол куушуруп олтурганы таң калтырат”, - дейт “Оксфам” уюмунан Ричард Стэнфорт.

Миллион киши холерага кабылды

Кагылышуу учурунда Йемен жакынкы тарыхтагы эң кеңири жайылган талма-чычкак оорусуна кабылды.

Дүйнөлүк саламаттык-сактоо уюму (ДСУ) 2017-жылдын апрелинен бери Йеменде 1,2 млн талма-чычкак оорусу катталганын, 154 миңи быйыл жугузганын айтып чыкты.

Дабаасы небак табылган бул оорудан 2,5 миң киши өлгөн.

ДСУнун Чыгыш жер орто деңизи аймагынын мүдүрү Ахмед Аль Мадхари бир өлкө жана анын саламаттык-сактоо тармагы тизелеп калды деген ойдо.

Мамлекеттик бейтапканаларда бекер кызмат сунулса да, йемендиктердин көбү жол киресинин жоктугунан аларга жете албай калууда дейт Аль Мадхари. Дары-дармек алам деп болгон мүлкүн саткан үй-бүлөлөр бар.

“Йемен калкы ок менен бомбадан гана эмес медициналык жардам ала албаганынан да өлүп жатат”, - деп кошумчалады ал.

Йемендеги 3 жаштагы ымыркай башынан 18 миң бомбалоону өткөрдү

Көз карандысыз Yemen Data долбоору согуш башталгандан берки абаа чабуулдарын да эсептеп жатат, 2015-жылдын жазынан бери алар 18 миңден ашкан.

“Бөбөктөрдү куткаргыла” уюмунда айтылгандай, кагылышуу жылы төрөлгөн ымыркай күнүнө 14 бомбалоо алдында калган.

“Учурдагы Йемен бала үчүн дүйнөдөгү эң кооптуу жерлердин бири, - деди Бхатнагар. – Токтобогон зомбулуктан улам балдар дайыма ашкере зулумдукка кабылып, психикасы жабыркап жатат”.

Карапайым калкка кол салууга кагылышуунун эки тарабы тең жооптуу деп билдирилди БУУдан. Катардагы турак жайлар, бейтапканалар, мектептер, ферма жана үйлөнүү тойлору өткөн жайлар атайын чабуулга кабылып жатат.

Йемен калкы “токтобогон бомбалоо коркунучу алдында жашап келет” деп билдирди Эл аралык куткаруу комитетинин өкүлү Макманус. “Төрт жылдан бери бомбалашып, оор замбиректерди колдонуп аткылашканы менен бир да тарап өзүнүн стратегиялык максатына жакындай элек”.

Юлия Талмазан, NBC News, АКШ