Кытай/Индия

​Кытайга цензурасын экспорттоп жатат деген айып тагылды

2 ноября 2018 г. 20:46 313

Акыркы жылы интернеттеги эркиндик дүйнө боюнча кайра начарлады. Муну Freedom House “Желедеги эркиндик” деген жыл сайын өткөргөн изилдөөсүндө айтып чыкты. Баяндаманын авторлорунун пикиринде, өкмөттөр жарандарынын интернеттеги маалыматтарын көзөмөлдөөнү барган сайын катуулатууда. Цензура жана аңдуу, онлайн үгүт менен дезинформация күчөп барат. Freedom House’тун маалыматы боюнча, интернеттеги эркиндиги эң төмөн мамлекет – Кытай.

65 мамлекеттеги интернеттин эркиндигине саресеп салууда, алардын 25инде абал былтыркыга караганда начарлап, 19унда гана оңолууга бет алганы билинген.

Freedom House’тун маалыматына караганда, дүйнөдө 3,7 млрд киши интернетти колдонот. Алардын 71%ы интернетте курч саясий, коомдук жана диний маселелерди козгогону үчүн кармалышы же капаска солонушу мүмкүн болгон өлкөнүн тургуну. 48%ы интернеттеги аракети үчүн өлтүрүлүү ыктымалы бар мамлекеттин жараны. 47%ы соцтармактар же мессенжерлер бөгөлүп жаткан өлкөдө жашайт.

“Желедеги эркиндик” рейтингин (.pdf) Freedom House 65 мамлекеттеги эксперттерди сураштырып түзүп чыгат. Бул өлкөлөрдө дүйнөдөгү интернет колдонуучунун 87%ы жашайт. Анкета 21 негизги, жана интернет колдонуудагы көйгөйлөргө тиешелүү 100гө жакын кошумча суроодон турат. Аларга керектүү инфраструктуранын жоктугу, каражат жетишсиздиги, соцтармактардын көз карандылыгы, сайттарды блоктоо, цензура, он-лайн аракеттин аңдылышы, интернеттеги сөз үчүн куугунтук да кирет.

Ар бир суроо балл менен өлчөнөт. Андай баллдар канчалык аз болсо, интернет ошончолук эркин. 0-30 арасы – эркин интернет, 30-60 – чектүү эркиндик, 60-100 – эркин эмес интернет.

Бул изилдөөгө 2017 июндан баштап, 2018 июнга чейинки мөөнөт кирген. Эң аз баллды Исландия менен Эстония алып, интернеттеги эркиндик боюнча алдыга чыгышкан. ТОП-10го Канада, Германия, Австралия, АКШ, Британия, Түштүк Африка, Жапония жана Италия да кирген. Бул ондуктун ичинен алтоо былтыркы деңгээлдеги эркиндикте калган. Германия менен Британия жогорулап, АКШ менен Жапония төмөндөгөн. АКШнын начарлоосу “желедеги нейтралитетти” жокко чыгарууга байланыштуу. Ал боюнча интернет-провайдерлер базардагы баарына бирбей мамиле кылынышы, сайттарды блоктоо же интернет-трафикте кандайдыр бир артыкчылык берүү же басынтуу болбошу керек.

Топ-10го кирбегени менен Freedom House Армения менен Грузияны эркин интернети бар өлкөлөр деп атаган.

Интернетти чектөөдө төрт жылдан бери Кытай аркада калып келет. Ал жакта интернет тармагы катуу кысылып, “санариптик опуза” өкүм сүрүүдө дейт Freedom House. Колдонуучусу 2017-жылдын июнунда 770 миллиондон ашкан Кытайда киберкоопсуздук мыйзамы күчкө кирип, цензура менен колдонуучуну каттоо эрежелери катуулап, интернет компанияларына тергөө учурунда коопсуздук кызматына көмөктөшүү талабы коюлган. Бул мыйзам боюнча 2018-жылы 3 миңден ашык сайт жабылып, компаниялар ички цензорлорунун штатын көбөйтүшкөн.

Докладдын авторлору негизги коркунуч ички цензуранын катуулаганында эмес, Кытайдын “улуу кытай көзөмөлүн” башка өлкөлөргө экспорттогонунда жатат дешет.

Кытай компаниялары телекоммуникациялык инфраструктура жабдыктарын, аңдуу жана жүздөн таануу системаларын саткандыктан, глобалдык маалыматтар кытайлык атайын кызматтардын колуна өтүп жатат. Мындан сырткары кытайлар чет өлкөлүк адистерге да өз ыкмаларын активдүү окутууда. Изилденген 65 өлкөнүн 36сында кытай аткаминерлери жаңы медиа жана маалыматты башкаруу боюнча семинар өтүшкөн. Алардын арасында Орусия да бар.

Freedom House’тун баамдоосу боюнча, Орусия (алты жылдан бери) өткөн жылга караганда дагы начарлап, 51инчи орундан 53кө төмөндөп, Түркия менен (52) Бириккен Араб Эмираттарынын (54) арасына жайгашкан (Кыргыз Республикасы 23-орунда, “интернет эркиндиги чектелген” мамлекеттер арасында, былтыркыга караганда төмөндөгөн - Саресеп). Изилдөөнүн авторлору буга Telegram’дын блоктолушу, онлайндын анонимдүүлүгүнүн төмөндөшү, интернеттеги сөздөр үчүн кылмыш иштеринин артышы жана башкалар себеп болгон дешет.

Алëна Миклашевская, Коммерсантъ, Орусия