Борбор Азия

“Орусия менен мамилебизди бекемдөөгө максимум күч жумшайм”

31 октября 2018 г. 12:24 360

Макамына бир жарым апта мурун дайындалган Кыргызстандын жаңы тышкы иштер министри Чынгыз Айдарбеков өткөн жума күнү, 26-октябрда Москвада болду. Ал “Коммерсантъ” гезитинин баяндамачысы Кирилл Кривошеинге ОФ ТИМинин жетекчиси Сергей Лавров менен жолугуусу жана Орусия менен биргелешкен долбоорлор региондун өнүгүүсүнө кандай түрткү берээрин айтып берди

- Сиздин орусиялык министр менен жолугушууңуз мерчемделгенден узак созулду. Ал кандай өттү?

Коллегам Сергей Викторович Лавров менен эки тараптуу мамилебиздин чоо-жайынын баарын сүйлөштүк. Чогуу чечүү керек болгон кеңири маселелерди талкууладык. Бардык позициялар боюнча кандайдыр бир макулдашууга келгенибизди ыраазылык менен айта алам. Биз Орусия менен Евразиялык экономикалык биримдик (ЕАЭБ), Шанхай кызматташуу уюму (ШКУ), Жамааттык коопсуздук келишим уюму (ЖККУ) сыяктуу көп тараптуу форматтагы аймактык структураларда жана БУУ сыяктуу глобалдык структуралардын алкагында биргелешип активдүү жана натыйжалуу иштеп келебиз.

- Сиз дайылданган кийин оболу орусиялык элчи Андрей Крутько менен жолугуп, алгачкы сапарыңыз Москвага болгонун саясий ишарат катары караса болобу?

Менин дайындалышымды эң биринчи Сергей Викторович Лавров куттуктаганына абдан ыраазымын. Аны ОФтун элчиси жеткирди. Ооба, алгачкы зыяратыма бүгүн бул жакка келдим. Эң маанилүүсү, бир нече эки тараптуу маанилүү иш-чараларды макулдаштык. 2019-жылдын биринчи жарымында Орусиянын президении Владимир Путиндин Кыргызстанга келишинин мерчемдерин талкууладык. Сергей Викторовичти да Бишкекке расмий зыяратка чакырдым.

- Сергей Лавров аймактык форматтарга өзгөчө көңүл бурду. Сиздин ЕАЭБдин форматында маселелериңиз барбы? Санитардык көзөмөл, бюрократиялык чаралар боюнча сын айта аласызбы?

Биз ЕАЭБди экономикалык маселелерибизди чече алган жана чечүүбүз керек болгон натыйжалуу аянтча катары көрөбүз. Бирок ушул күнгө чейин фитосанитардык, ветеринардык көзөмөл, сертификаттоо маселелери ыкташып кете элек. Аларды ыкташтырабыз деген ойдомун. Биз бүгүн Сергей Викторович менен Кыргызстанда биргелешкен соода-логистикалык борборлорун түзүү маселесин талкууладык. Орусиянын мындай тажрыйбасы бар. Бул ишке ашып кетсе, орусиялык керектөөчүлөр үчүн биздин сапаттуу өндүрүмдөрдү ортомчусуз алуу мүмкүндүгү пайда болот.

- Логистикалык борборлор товарларды Орусияга алып келүүгө гана керекпи, же, мисалы, Кытайга да ташууга багытталганбы?

Соода-логистикалык борборлор өндүрүмдү ЕАЭБдин талаптарына ылайык жыйноочу, иргөөчү жана мүчө өлкөлөрдүн базарларына тоскоолсуз киргизчү хабдар сыяктуу. Ошондуктан кайда чыгарылаары логистикалык борбор өндүрүмдү тандап, даярдаган учурда аныкталат. Бирок Сергей Викторович менен өндүрүмдү ЕАЭБдин базарларына чыгарууну сүйлөштүк.

- Террорго каршы аймактык ШКУ жана ЖККУ түзүмдөрүнө токтолсок. Афганистандагы кырдаалдан улам бүткүл аймактагы кооптуулук артып барат. Коопсуздук боюнча биргелешип иштөө кандай деңгээлде?

- Бул эки уюмдун алкагындагы кызматташуу бирдей эмес. ШКУ - маселелерди тобу менен чечкен аймактык уюм, ошондуктан ал жерде жалпы кызматташуу жүрөт. Жакында биздин жаңы мүчө-мамлекеттерибиз пайда болду, уюм мындан да глобалдуу жана салмактуу болуп калды. Быйыл төрагалык Кыргызстанга өтүп, биз эмдиги жылы Бишкекте өтчү саммитке катуу даярдануудабыз. ЖККУ учурда натыйжалуу иштеп жатат. Анын алкагында биргелешкен аскердик машыгуулар өтүп, биздин түштүк чектерибиздин коопсуздугун камсыздаган куралдуу тобу бар.

- Кыргызстанда ЖККУнун башка өлкөлөрүндө тыюу салынган бир нече уюм бар экени Москвада суроо жараткан жокпу? Мурунку президент Алмазбек Атамбаев айтмакчы, Кыргызстан аны маселе катары көрбөйбү?

Бизде ар бир мамлекет өз мыйзамдарынын алкагында өзүнчө кабыл алган жалпы тизме бар. Бул тыюу салынган уюмдардын тизмеси мүчө-мамлекеттер ортосунда макулдашылат. Террордук же экстремистик болобу, уюмдарга тыюу салуу сот системасынан өтүшү керек, сот чечими чыгуусу шарт.

- Мында кооптуу аракеттин баарын басуунун ордуна диалогго баруу керек деген саясий пикир жокпу?

Чынын айтсам, сиз тарап эмнени айткысы келип жатканын билбейм. Бизде ЖККУ алкагында ушул күнгө чейин кандайдыр бир келишпестик болгон эмес. Мен мында саясий бир нерсе көргөн жокмун, бул биздин тиешелүү органдардын иши.

- Лавров менен Афганистан боюнча москвалык форматтагы сүйлөшүүлөр талкууландыбы? Алар жакында өтмөкчү, ага Кыргызстан да катышат.

Бул маселе боюнча биз пикир алышкан жокпуз.

- Миграциялык саясат тулкууландыбы?

Албетте. Мен эки өлкө башчынын макулдашуусунун натыйжасында чыккан ОФтун жетекчилигинин чечимин белгилеп кеттим. Жарыяланган амнистия боюнча жеңил административдик укуктарды бузган биздин мекендештер орусиялык кара тизмеден чыкса болот. Жарандарыбыз укуктук талаага кирип, расмий түзүлгөн келишимдердин негизинде легалдуу иштегенге мүмкүндүк алат деп турабыз.

- Сиз дайындалганда көбү советтик Кыргызстандын биринчи жетекчиси болгон бабаңызды дароо эстешти. Фейсбугуңузда өзүңүздүн ордуна анын сүрөтүн коюпсуз. Бул окуя советтик өтмүшкө, Орусияга карата мамилеңизге кандайдыр бир таасир бердиби?

- 1924-жылы учурдагы Кыргызстандын чегин бекиткен Кара-Кыргыз автоном облусу түзүлгөн. Ошол кезде менин бабам Иманалы Айдарбеков бул облустун революциялык комитетинин төрагасы болуп шайланган. Ал бардык мамлекеттик түзүмдү башкарган. Мен үчүн бул сыймыктанчу жогорку жоопкерчилик. Кара-Кыргыз облусунун СССРге киргенин биздин эл жалпысынан туура кабыл алган жана азыр да туура деп эсептейт. Ошондуктан сиз айткан нерсе мен үчүн башкачараак. Мен орусия элине жана учурдагы Орусия Федерациясына карата жакшы мамиледемин. Жана мен биздин эки тараптуу мамилебиздин бекемдеп кете бериши үчүн максимум аракет кылам.

Фейсбукка келсек, ал баракча ачылганына көп болду. Жана анда өзгөрбөгөн нерселер бар. Алардын бири ошол сүрөт.

- Сизге учурда фейсбукта жазып жаткандарды окуйсузбу?

Чынын айтсам, үлгүрбөй жатам. Балким кийинчерээк аны жайына койгонго мүмкүндүк болот. Бирок бул багытта бизде маалымат департаменти, пресс-катчы иштейт. ТИМге багытталган бардык маселени биз тыкыр карап турабыз.

- Макамга келген министр катары Кыргызстанга өнөктөш өлкөлөрдү жакындыгына жараша тизмелеп бере аласызбы? Жок дегенде биринчи бештигин?

Тышкы саясатта биз ырааттуулук, ачыктык жана көп тараптуулук принциптерин карманабыз. Бардык өнөктөштөш, бирикмелеш жана стратегиялык партнёрлорубуз менен мамилебизди бекемдеп жатабыз. Салттуу өнөктөштөр менен мамилени бекемдөөгө өзгөчө артыкчылык беребиз. Биз үчүн интеграциялык түзүмдөрүбүздү мындан нары да бекемдөө өтө маанилүү.

- Демек, бул аймактык уюмдаш мамлекеттер экен да?

Интеграциялык түзүмдөргө келгенде, ооба.

- Кытай өнөктөштөрүңүз менен мамиле тууралуу эмне айта аласыз?

Кытай – ишенимдүү коңшубуз, биздин стратегиялык өнөктөштүгүбүз өнүгүп жатат. Учурда эки тараптуу байланышыбызга тоскоол болчу эч кандай маселе жок. Бизде эки миңден ашык кытай компаниялары иштейт.

- Синьцзян-Уйгур автоном районундагы окуялар мамилелерге кандайдыр бир таасир берген жокпу?

Эмне жөнүндө кеп болуп жатканын анча түшүнө бербедим. Биздин кытай тарап менен учурда көйгөйлүү маселелерибиз жок. Чек ара даана такталган, өтө активдүү соода-экономикалык кызматташуу жүрүп жатат.

Коммерсантъ, Орусия

Кыскартылып которулган. Толуна бул шилтемеден киресиз.