Батыш

Кош бол доллар: дүйнө эмнеге “жашыл акчанын” жаназасын окугана калды

29 октября 2018 г. 19:26 1702

Резерв валюта катары доллардан баш тартуу башталды

Американы карасаң бооруң ооруйт. Байыркы улуктугун сактап калам деп ал акылынан айнып, бүткүл дүйнөгө толук санкция киргизүүгө өттү. Жыл сайын АКШ жаңы өлкө же өлкөлөргө санкция киргизүүдө. Жыл өтпөй санкциялык жадыбалына миңдеген физикалык, жүздөгөн юридикалык жактар катталат. Бул алакөөдөндүктүн аягы көрүнбөйт. Америка лидерлигинен ажыраганы үчүн дүйнөдөн өч алып жаткансыйт.

Бирок эмне кыла алмак эле? Эч ким кыңк этпеген лидерликтин доору кайтпас сапарга аттанды, аны бир да санкция менен кайтара албайсың. Тескерисинче, баарын омуроологон санкциялар менен ири дөөлөттөрдүн Америкага каршы биригүүсүн гана тездетесиң. АКШ маселени ырбатып алган сыяктуу, ошондуктан АКШнын негизги санкциялык куралы болгон доллардан баш тартуу жараяны башталды.

Чындыгында, АКШ баарын тажатты. Бардык ири экономикалык жана аскердик-саясий оюнчулар биринен сала бири, америкалык банктар менен долларга атаандаш төлөм системасын түзүү керектигин айтып чыгышты.

Иран менен иштешчү европалык компанияларга каршы “экинчи катардагы санкциялар” деп аталган экономикалык тосотторун киргизгенде, Евробиримдик бул тууралуу үн катты. Өзүнүн төлөм системасын түзө баштаган Кытай ал жөнүндө билдирди. Орусия менен аскердик келишимдерди түзгөндө, АКШнын опузасына кабылган Индия да ушуну айтты. Америкалык санкцияларга дуушар болгон Түркия долларга каршы саясат жөнүндө сүйлөндү. Орусия болсо доллардан арылуу программасына киришти.

АКШнын Иранга каршы киргизген экинчи катардагы санкцияларынын опузасынан өз компанияларын чыгарып кетүү үчүн Англия, Франция, Германия, Орусия, менен Кытай бирдиктүү төлөм системасын курушаарын билдиришти. Кытай импортун юанга өткөрө баштады. Түркия, Иран, Бразилия, Индия, Орусия, жада калса Жапония да сырткы контракттарды өз валюталарында түзүп кирди. Евробиримдик дагы тышкы соода-сатыгында еврого басым жасаарын билдирди.

Доллардын резервдик валюта катары колдонулган доору аяктап бара жатат. Дүйнө көп валюталык регионалдык системага бөлүнө баштады. Доллар эки америкалык континентте, евро Европа менен Түндүк Африкада, юань Түштүк-Чыгыш Азияда, рубль постсоветтик чөлкөмдө артыкчылык кылат.

Бул бүткөн иш. Дүйнөлүк валюта фондунун маалыматы боюнча, 2023-жылы доллар колдонгон америкалык экономика дүйнө экономикасынын бештен бирин эле айлантат. Бул көлөм дүйнө лидери жана дүйнөлүк резервдик валюта болуу үчүн жетишсиз.

Маселе дүйнө экономикасынын бештен бири болуп калганда гана эмес. Маселе АКШнын, каржы тармагынан сырткары, келечектүү бир да экономикалык тармагынын калбай баратканында. Бирок дал ошол каржы тармагын банктар менен АКШ геосаясий куралга айлантып алды. Аны доллар менен эсептешкен бардык компанияларга каршы колдонуп жатышат. Бул болсо эч кимге жакпайт. Буга чыдашпайт, Американын сырткы карызын да кыяматка чейин төлөй беришпейт. Америкалык баалуу кагаздардан башка валюта жана алтынга өтүшөт.

Америка шахмат менен геосаясаттын: “Коркутуу аны колдонуудан натыйжалуураак” - деген эң негизги принцибин бузду. Коркутууну эч качан ишке ашырбаш керек. Коркутуу ишке ашкандан кийин, аны колдоно албайсың. АКШ дүйнөнү колунан чыгарып бара жатканда, акыркы куралы - долларын колдонууну чечти. Анысы ишке жарабады, дүйнө ийилип бербеди. Ийилгенден калды.

Ушуну менен АКШнын гегемониясы бүттү. Дүйнөнү басынтууга Американын башка куралы жок. Тизгин колдон чыкты, түрдүү эсептер боюнча, 8-12 жылдын ичинде доллар резерв валюта даражасынан ажырап, АКШ күчтүү регионалдык дөөлөттөрдүн бири гана болуп калмакчы. Германия, Кытай, Индия, Орусия, Жапония жана башкаларга катарлаш.

Sic transit gloria mundi (Дүйнө салтанаты ушинтип бүтөт)

ГЛАВРЕД, УКРАИНА