Жорум

​Исламчылык – күчкө мас болуу – исламофашизм

27 октября 2018 г. 13:22 529

Исламчылык

Исламчылык жеке же топтук максаттар үчүн ислам динин колдонгон саясий идеология катары 19-кылымда пайда болгон. Сүт саткан киши сүттөй аппак жана пайдалуу болуп калбаган сыяктуу эле, исламды саясий идеология катары колдонгондорду да исламга таандык дегенге болбойт.

Саясатка тиешелүү болгондуктан исламчылык, түрдүү күч колдонуп өзү туура көргөн коомду түптөгөнгө аракет кылуу. Көбүнчөсүн мамлекеттик күчтү колдонууга аракеттенген саясий идеология катары карасак болот.

Бул максатта атайын саясий партияны түзүүнүн, кандайдыр бир партиянын мүчөсү болуунун кереги жок. Киши интеллектуал, ишкер же мамлекеттик кызматкер болуп туруп эле исламчы саясий идеологиясына берилип, аны колдоп кетиши мүмкүн. Ислам дини кишинин айбандык сезимдерин ооздуктап, инсандыгын кубаттоого багытталса, исламчылык мамлекеттин күчүн бир башкаруу алдына топтогон бийликти максат кылат. Исламчылардын сүйлөгөн жана жазган сөздөрүнө карасаң, ички дүйнө, руханият, ахлак темаларынан мурун коомду өзгөртүү, өкмөт, бийлик түшүнүктөрүн колдонулгонун байкайсыз. Кыскасы, исламчылык – мамлекеттик бийликтен да кеңири күч топтоп, инсан менен коомго өзүнүн акылы жеткен жана каалаган нерсесин таңуулоо аракети дегендик.

Күч

Күч дегенге келсек, 21-кылымда аны башка чапкан чокмор же курал катары гана көрбөш керек. Күч катары билим берүү, маданият, интернеттеги соцтармактар, медиа-үгүт да колдонулууда, алардын арасында дин дагы күч катары колдонулуп келет. Албетте, коомдун бир бөлүгү мындай бийликке каршы чыгып, ал каалагандай өзгөрүп, ант ичип бербесе, капаска солоо, сүргүнгө айдоо же жок кылуу башталышы мүмкүн. Бул жерде башка пикирлерди, маалымат булактарын жапбастан, кишинин аң-сезими менен ойноп мажбурлабастан макул кылуу деген нерсе жок. Өзүн эч кандай принциптер менен чекебестен инсанды же коомду өзү каалаган тарапка багыттоо бар.

Исламофашизм

Исламчылык менен исламофашизм ортосунда кээ бир окшоштуктар болгону менен түз байланыш жок. Исламчылыкты башынан эле бийликтин же мамлекеттик бюрократиянын күчү менен гана инсан жана коомду багыттаган саясий идеология катары карабаш керек. Либералдар, консерваторлор, социал-демократтардын деле дүйнөгө өзгөчө көз карашы жана идеологиясы бар. Алар да демократиялык жол менен бийликке келишкенде, идеологиясын турмушка ашырууга аракеттенишет. Мисалы АКШда республикачылар бийликке келгенде, байлар берген салыкты азайтууну каалашат, анткени, алардын ою боюнча, ишкерлер аз салык төлөсө, дагы ишкана ачып, көбүрөөк жумушчу орундарын түзөт. Демократтар болсо, тескерисинче, салык көбөйүшү шарт, анткени колунда жокторго, муктаждарга мамлекет жардам бериши керек дешет. Исламчылар да өзүнүн идеологиясына жараша реформаларга барышы мүмкүн, бул күнөө да, кылмыш да эмес.

Терс маселелер айткан сөзүң менен ишиң дал келбей баштаганда пайда болот. Мисалы, демократия, тең укуктуулук, адилеттүүлүк делет, бирок мамлекеттин бардык мүмкүнчүлүктөрү өз тобу же партиясына тиешелүү уюм жана мекемелерди күчтөнтүүгө гана колдонулат. Бул жерде башынан эле жашыруун ниеттер бар экени билинет.

Исламчылар өлкөгө жараша кубулуп турган топ. Демократиясы күчтүү өлкөлөрдө ниеттерин ачык көрсөтүп, иш кылуусу мүмкүн, динди бир убак басынткан авторитардык же тоталитардык өтмүшү бар мамлекеттерде чыныгы ниеттерин жашырып аракеттенишет. Бул жерде исламчынын инсандыгы жапа чегип, эки жүздүүлүк мүнөзү калыптанат. Акыры бийликке келишкенде, ага мас болуп, өздөрү көргөн зулумдукту башкаларга кыла башташат. Исламчылыктын исламофашизмге өтүү жолунун бири ушундай.

Фашизм 1920-1930-жылдары өзгөчө калыптанган идеология болгону менен учурда тоталитардык идеологиянын баары фашизмге жол катары карала баштады.

Тоталитардыкка авторитардыктан өтүлөт. Анын учурунда белгилүү бир топторду басынтуу бар, бирок ал саясий рамкалардан чыкпайт. Оппозициялык топторду түзө аласың, бирок шайлоого катышууга бөгөт коюлат. Мисалы Советтерден калган Орусия, Азербайжан менен Орто Азия мамлекеттеринин көбүндө ушундай абал. Ал жерлерде оппозициялык партиялар бар, бирок алардын күчү чектелген, шайлоодо бурмалоо бар. Каршы чыккан саясатчы жана журналисттер капаска солонот, керек болсо өлтүрүлөт.

Тоталитардык режим саясий сахнадагы басмырлоо менен чектелбейт. Саясий майданда жеке кишилик же партиялык монополия куруу менен чектелбестен, коомду да түп-тамырынан өзгөртүү үчүн түрдүү пикирлерди кысып, өзгөчөлүк, көп түрдүүлүктүн баарын жок кылып, бир үлгүдөгү инсан калыптоо аракети башталат. Саясий күчкө дайыма моюн сунган, башкаруучулардын идеологиясын так карманган, робот сыяктуу жүргөн кишини калыптаган түзүмдү тоталитардык дейбиз.

Фашизм дал ушул тоталитардык менен тыгыз байланышта. Мамлекеттик бийликти толугу менен колго алып, анын саясий-экономикалык күчү менен өзүнө окшогон кишилерди калыптоо дегендик. Бюджеттеги каражатты өзүнө баш ийген тайпаларга бурат. Мектептеги кичинекей мээлерди жаштайынан бир калыпка салып окутуп тарбиялап кирет. Аларга “сага салам бербегендин тукумун курутам, сага сайрабаган куштун уясын бузам” деп кыйкырта баштайт.

“Иламофашизм” же “исламофашист” сөздөрүн колдонуу туурабы

Бул жерде ислам менен фашизм сөздөрүн бир колдонуу ар бир мусулманга катуу тийээрин айта кетүү керек. Албетте, исламдын фашизм менен байланышы жок.

Буга чейин “мусулман-демократ” деп колдонулганда көпчүлүк каршы чыккан эмес. Анткени баарына жакшы угулган. Эмнеге “демократ” эле эмес, “мусулман” дагы? “Мусулман-демократ” да, “исламофашизм” деген сөз да – бул терминдер. Бир нерсени так белгилеш үчүн колдонулган түшүнүктөр. Алар белгилүү бир өлкөдө же коомдо болуп жаткан саясий кубулушту анализдөө үчүн колдонулат.

“Ислам душманы” дегенде “душман”, “исламофобия” дегенде “фобия” сөзү “ислам” менен бирге колдонулуп жатат деп нааразы болгон мусулман жок.

Ислам менен “исламофашист” эки башка түшүнүк. Исламга тиешелүү түшүнүктөрдү жеке, заалым саясаты үчүн колдонгон бири бар, ал жөнүндө эч нерсе деп айтпайлыбы?

Ихсан Йылмаз, Австралия, Мельбурн, Альфред Дикин атындагы глобалдашуу жана жарандык институту, доктор, ислам изилдөө боюнча профессор