Ислам дүйнөсү

​Түркия Хашоггинин өлүмүнөн эмне утуп алгысы бар?

26 октября 2018 г. 14:52 673

Түркиянын президенти Режеп Эрдоган Хашоггинин өлүмүн өзүнүн регионалдык жана диний атаандашы Сауд Аравиясын тушаганга пайдалангысы бар.

Түркия адилеттүлүк талап кылуусун улантып, Сауд Аравиясына “Вашингтон пост” гезитинин баяндамачысы Жамал Хашоггини өлтүрүү жоопкерчилигинен кутулуп кетүүгө мүмкүндүк бербей турат.

Трамптын администрациясы бул окуяга көз жумуп койгусу келгенин көрсөтүп ымдаганы менен акыркы үч аптада президент Режеп Эрдоган көзөмөлдөгөн жалпыга маалымдоо каржаттарында өлтүрүүнүн деталдары сүрөттөлүп, мураскер ханзаада Мухаммед бин Салмандын таш боордугуна дүйнөнүн көңүлүн бурдурду.

Шейшембиде Эрдоган париялаштырынын алдына чыгып сүйлөгөн сөзүндө биринчи жолу бул темага өзү токтолуп, бул үрөй учурган окуяга кайра бүткүл дүйнөнүн назарын бурду.

Аны “атайын уюштурулган өлтүрүү” деп, окуянын жүрүшүн убакты-сааты менен айтып берди. Ал сауддардан көбүрөк детал талап кылды, анткени көп суроонун жообу табыла элек. Мындан сырткары кылмышка шектелген 18 кишини Түркияда соттош үчүн өлкөсүнө экстрадиция кылынуусун туура көрөөрүн айтты. Сөзүнүн соңунда Стамбулдагы Сауд Аравия консулдугунда Хашоггини өлтүрүүнү ханзаада Мухаммед же ага жакын кишилер жетектеши мүмкүн деди.

“Бул жакка бул кишилер кимдин буйругу менен келди” – деген собол салды Эрдоган.

Мындай ачык чакырык президент Трамп жана анын күйө баласы Жаред Кушнер менен тыгыз катташкан регионалдык дөөлөт Сауд Аравиясына ташталуусу – күчтүү кадам. Эрдоган муну менен эмнеге жеткиси бар?

Эрдогандын журналисттерди мыйзамсыз куугунтуктаган жана сөз эркиндигин чектеген кылыктарын эске алганда, журналисттин өлтүрүлүүсү аны катуу чочутканына ишенүү кыйын. Өз иши менен гана алектенген журналисттерди камаганын эске алып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин көзөмөлдөгөн уюмдар былтыр кайра эле Түркияны пресса эркиндигин басынтууда дүйнөнүн алдында деп аныктады.

Маселе сөз эркиндигинде болбосо, анда Эрдоган кандай принциптерди коргоп жатат?

Чет өлкөлүк дөөлөт Түркия аймагында – Стамбулда мындай ашкере кылмышка барганына Эрдоган, албетте, нааразы. Сауд Аравиясы бул кылмышты аткарууга 15 кишилик топ жиберип, Хашоггинин денеси алиге чейин табыла элек.

Американын аткаминерлери менен башка эксперттер айткандай, Эрдоган, балким, сауд режиминен шекти алыстатканы үчүн, алсырап калган түрк экономикасына өлтүрүүнүн аркасы менен Сауд Аравиясынан акча томуруп алууга колдонот. Түрк лирасынын куну күн санап түшүп, инфляция артып, түрк ишкерлери менен өкмөтүнүн мүмкүнчүлүгү тарып барат.

Толук чындык жана канкорлордун жоопкерчилиги зарыл болгону менен өлтүрүүнүн калган деталдарын сыр бойдон калтыруу боюнча кандайдыр бир сауд-түрк мунасасына келүү мүмкүнчүлүгү али жок эмес.

Американын Борбордук чалгындоо кызматынын директору Жина Хаспел Хашоггинин өлтүрүлүүсү тууралуу маалымат алыш үчүн шейшембиде Стамбулга келген.

Сауддар айткандай, өлтүрүү “көзөмөлдөн чыгып кеткен мушташтан” улам болгону калп экенин баса белгилеген Эрдоган бейшемби күнү өз аброюн таразага койду. Ошол эле күнү кечке жуук президент Трамп да сауддардын жүйөсүн “чындыкты жашыруунун эң орой аракети” деп түрк президенти менен макул болду.

Бирок тап берген жагына Эрдогандын өзү бир да кадам жакындабаганы өтө маанилүү. Ал ханзаада Мухаммедге кыйыр гана ишарат кылып, анын атасы король Салман жөнүндө урмат менен кеп курду. Бул анын Эр-Рияд менен мамилесин толук үзүп жибергиси келбегенин көрсөтүп турат.

Мунун баары Түркия менен Сауд Аравиясы бир бүтүмгө келүү жолун сактап жатканынын белгиси. “Ал болгону соодалашып, бааны көтөрүп жатат” – деген Эрдоган жөнүндө дипломаттардын бири.

Эгер Эрдоган прессасы аркылуу билдирип жаткан далилдерге ээ болсо, (аудио же башка чалгын маалыматтары) анда анын колунда 33 жаштагы мураскер ханзаада Мухаммедди ээрден оодарып түшчү курал бар дегендик. Шейшемби күнү Эр-Рияддагы экономикалык конференцияга катышкандар ханзаада Мухаммедди бутуна туруп тосуп алганы менен ал барган сайын жектелип, такты талашынын бутасына айлана баштады.

Балким Эрдогандын чыныгы максаты ушул. Ал регионалдык атаандашын тизеге атып аксатып, Түркияны негизги сунний мусулмандык дөөлөткө айлантуу үчүн Хашоггинин өлүмүн колдонун жаткандай. Эрдогандын жаңыланган Осмон халифатын башкаруу кыялы бар. Бул саясий таасирин арттыруу өңүтүндө мүмкүн болгону менен Эрдоган Түркиянын аймагын анча кеңейте албайт.

Эрдоган исламдын популисттик түрүн жактаган “Мусулман агайыңдар” тобун колдойт, аларга Египет менен Тунисте жардамдашкан. Сауддар “агайыңдарды террордук уюм жана мурасталган бийликке коркунуч катары карайт.

Мындан сырткары Эрдогандын Сауд Аравиясынын негизги атаандашы Иран жана саясий талаштан улам башка араб мамлекеттери бойкот койгон Катар менен байланышы бар. Эрдоган өлкөсүн 15 жылдан бери бийлеп, жеке бийлигин барган сайын бекемдеп, каяша айткандарды капаска солоп, көз карандысыз жалпыга маалымдоо каражаттарын жок кылып келет.

Бирок кризистен улам ал да ээринде кыйшайып калды. Түркия начар башкаруудан, катуу авторитардык усулдарды колдонуудан, мыйзам үстөмдүгүнө кош көңүлдүктөн улам экономикалык кризис менен дипломатиялык жектөө жарына такалып турат.

Ал Кошмо Штаттары, жана НАТОдогу башка Европа мамлекеттеринен алыстап, алар менен катышы начарлап кеткен.

Түркиянын учурдагы көйгөйлөрүнө карабастан, Эрдоган Трамп менен мамилесин жана экономикалык абалын жакшыртууга шарт түзүп алды.

Эрдоган Сауд Аравиясын канкор ээнбан коңшу катары көрсөтүп, түрк элин жалпы душманга каршы топтоп баштады. Муну автократтын буга чейин жакшы өздөштүргөн куралы десе болот. Бул тирешүүнүн натыйжасында ал абалын бекемдеп алуусу толук мүмкүн.

Редакциялык коллегия, The New York Times, АКШ