Жорум

Гүлжигит Исаков: КАДРДЫК КРИЗИС

24 октября 2018 г. 22:24 401

Кыргыз Республикасы көз карандысыздыкка жеткенине 27 жыл болду. Советтик доордогу жетишкен кадрлардын сапаты жана күүсү менен 2000-жылдарга эптеп жеттик. Бирок андан кийинкиси баарыбызга маалым. Жетиштүү деңгээлдеги жаңы, мамлекетчил кадрлар өсүп чыккан жок.

Кошуналарыбыз Казакстан жана Өзбекстандагыдай "Болашак", "Келачак" сыяктуу программага окшоп, четте билим алгандарды милдеттүү түрдө мамлекеттик кызматка тарткан жок эч ким. Билим алып келгендер мамлекетке иштебей койсо, ал өлкөлөрдө мүлкүн конфискациялаганга чейин барышат экен. Бизде Гарвардды бүтүрүп келсең деле бааланбайсың. Анткени коррупциялык системага ыкташа албаган "АШЫКЧА КҮБӨЛӨРДҮН" (баш оорунун) эмне кереги бар? Бийликке жараша кадрлар гана тандалат экен!

Илимдүү-билүмдүүдөн бир "шоопур" артык (аты өзгөрсө дагы, функциясы ошол бойдон кала берет тура) !!!

"21-кылымдын кадрлары" аттуу программа менен окуп келгендердин издери куулган жок! Канчалаган мекендештер мамлекеттин эсебинен окуп, ошол бойдон дайынсыз калып кетишти?! Алардын "инвентаризациясын" жүргүзүп, карызды кайтара турган мамлекеттик механизм болобу же "баш ооруну коюп", пара алып, пара берип турган татыксыз кадрлар гана эптеп иштеп, коррупциялык системаны багып турушса жакшыбы?

Ушундай мамиледен эле мамлекеттик машинанын кандай иштеп жатканынан тыянак чыгарса болот.

Канды жаңылаш керек! Циркуляция, динамизм керек! Муунду алмаштырып жатабыз деген ураандын алдында "коделектерди" алып келүү менен натыйжа өзгөрбөйт.

Баарыбыз адам болгон соң, маселелерди да өзүбүз чыгарабыз, өзүбүз чечебиз. Кадрлар баарын чечишет.

Бирок, кантип алып келебиз жаңы жана татыктуу кадрларды?

"Шайлоодо чуркап берди эле", "Пара алганды, бергенди билет экен", "Кошоматчы экен", "Тууган экен", "Жердеш экен", "Тааныш экен", "Митингчи экен, кызмат берип кутулалы", "Сындай берет экен, кызмат бере коёлу", "Ооз басырык кылалы" сыяктуу негизде эмес, меритократия негизинде кызматка алуу зарыл.

Эгерде кадрдык саясатты аныктап жаткандар меритократиянын "М"сын түшүнбөсө кантип татыктууларды тандашат? Бул дагы маанилүү суроо!!! Жакшы ниеттүү жетекчи өзүнөн билимдүүрөөк адистерди тартып, аларды да өстүрүп, өзү да өсөт. Ниети жаманы билимдүүлөрдөн тайсалдап, өзүн алдап, элди да алдап, өксүктүк комплексинен улам өлкөнү аркага тартуучу кадрларды алып келет.

Кадрдык саясаттагы деградация микроскопсуз деле көрүнүп турат. Аны айрым айыл өкмөттөрдүн башчысынан баштап, мугалимдердин, директорлордун, акимдердин, ар кандай тепкичтердеги начальниктердин, министрлердин, жергиликтүү жана Жогорку Кеңештеги депутаттардын деңгээлдеринен байкасак болот. Мамлекет деген түшүнүктөн абдан тайкы! Мисалдарды келтирүүгө кажет жок, ансыз деле күн алыс эле ММКлардан, интернет булактарынан окуп, көрүп жатасыздар.

Эки төңкөрүш/революция кадрдык саясатты оңой албаганынан улам өлкөбүз өнүгүп кеткен жок.

Жаңы жана туура кадрдык саясаттын башталышы үчүн "муз жарылайын" деп калды. Өмүр бою минтип тура бербейт экен. Тарых кайталана берет тура. Аруу максатка жетүү үчүн айрымдары жаман көрүнүшү керек экен. Бирок, маанилүү болгону - Жаратканга жаман көрүнбөө! Кудайга жакса - элге да жагат!

Жакынкы келечекте люстрация мыйзамы да кабыл алынып калаар.

Буюрса! Үзүлбөгөн үмүт! Бишкек ЖЭБиндеги коррупцияны бизге белек кылган кудайым, дагы көптөгөн сюрприздерди даярдап турат.