Ара жолдогу мамлекет

Путиндин зыяраты: Өзбекстан Орусия, Кытай менен АКШ үчилтиги арасында

24 октября 2018 г. 18:34 688

Өзбекстан зыяратына орусиялык президент Владимир Путинди көп киши коштоп келди. Бул Москванын Ташкентти өз карамагында алып калуу үчүн болушунча күч жумшаарын ачык эле көрсөттү. Мындай аракеттер АКШнын өзбектерге көз сала баштаганынан кийин күчөгөнсүдү.

18-19-октябрдагы зыяратка орус президенти менен бирге жүздөгөн ишкерлер, регионалдык аткаминерлер жана билим тармагынын жакшылары келишкен. Эки өлкөнүн өкүлдөрү 27 млрд долларлык макулдашуу түзүшүп, Путин менен анын өзбек кесиптеши Шавкат Мирзиëев Борбор Азиядагы алгачкы өзөктүк электр станциясынын пайдубалын төшөдү.

“Биз буга чейин мындайды көрө элек болчубуз”, - деп бир нече жолу кайталашты Путин менен Мирзиëев.

Иш-чаранын кэңирилигин сүрөттөгүсү келген орустун жогорку макамдагы аткаминери аны Москванын он жылдаган жылуу мамилеси бар Казакстан менен бирге өткөрүп келген форумга салыштырды.

“Орусиялык делегация менен 1200 киши келди. Бул Орусия-Казакстан форумунан эки эсе көп”, - деди экономикалык өнүгүү министри Максим Орешкин.

Путин өзбек топурагын баса электе эле Мирзиëев протокол эрежелерин буза баштады. Ал орусиялык лидерди аэропортто өзү тосуп алды. Жүздөгөн унаадан куралган кортеж түнкү шаардан чубалып баратканы видеолорго түшкөн.

Өзбекстан-Орусия форумунда президенттери өзүнчө барып сүйлөшкүчө, эки өлкөнүн регионалдык аткаминерлери да ымалалашып алышты.

27 миллиарддык жалпы натыйжа 800 келишимден турат. Бул сумма, акыркы жылдары Орусияны четке жылдырып койгон Өзбекстандын негизги соода өнөктөшү, Кытайдын рекордун басып өттү. Мирзиëев 2017-жылдын мартында Пекинге барганда, бардык келишимдин жалпы көлөмү 23 млрд доллар болгон.

Эми Мирзиëев жаркырап турат.

“Биздин эсеп боюнча, быйыл товар агыны 6 миллиардга жетет. Бул биздин божомолдорду ашып түштү. Эмдиги жылга коюлган максат - бул цифраны $10 миллиардга чейин жеткирүү”, - деди ал.

Путин кесиптешинин сөзүн кол чабуу менен коштоду. Буга жетүү үчүн Өзбекстан курал чыгара алмак деген мисал да келтирди.

Бирок ал кандай куралды айтып жатканын тактаган жок. Совет доорунда, 1990-жылдары “Ташкент механикалык заводу” ИЛ-76 аскердик жүк ташуучу учактарды чыгарчу. Бирок маркум Ислам Каримов бул өндүрүштү жаап салган.

“Жакынкы жылдарда, биз, сонун болду дегенде, тик учак менен ок чыгарып, танктарды оңдой алабыз”, - дейт саясат таануучу Бахтиëр Эргашев.

Ачылыштын дагы бир ири багыты орусиялык билим берүү болду. Орусиялык университеттер Өзбекстанда филиал ачууга милдеттеништи. Делегациянын курамында 80 орусиялык университеттин расмий өкүлү келген. Өзбекстанда мектепти жылына жарым миллиондой жаш аяктайт, бирок жергиликтүү ЖОЖдор мындай талапты толук кандыра албайт.

Орусиялык ЖОЖдордо учурда 25 миң өзбек жараны окуп жатат. Эки өлкөнүн жогорку окуу жайларынын ортосундагы 100дөн ашык келишим боюнча абитуриенттердин тандоосу кеңейди.

Бирок Путиндин программасынын ток этер жери Бухаранын жанында $11 миллиардга бааланган өзөктүк электр станциясын түптөө болду. Курулушту орусиялык насыялар каржылайт.

Символикалык түймөгө басылгандан кийин Путин менен Мирзиëев кол чабуулардын коштоосунда кучакташа кетишти.

Орусиянын аракеттери ыкчам тартканынын себептеринин бири Ташкенттин Кошмо Штаттары менен мамилесин бекемдөөсү да себеп болушу мүмкүн. Мирзиëев менен АКШ президенти Дональд Трамптын май айындагы Ак үйдөгү жолугушуусун Өзбекстандын мамлекеттик ЖМКлары мактап-жактап жатып калышкан.

Мурунку жылдарга караганда, Өзбекстан бир өңчөй мамилелерге ыраазы эмес экенин ачык билдирип келет. Путин кетээри менен 22-октябрда Мирзиëев Америка-Өзбек соода палатасынын делегациясы менен жолукту. Бул топ АКШнын өзбек экономикасына канчалык инвестиция чегерээрин көрсөтүш үчүн Ташкентке бир аптага учуп келген. Алардын арасында General Electric, Boeing, CNH Industrial, John Deere, Honeywell жана White & Case компаниялары бар.

“Жыл башынан бери өлкөбүздө америкалык инвестициялары катышкан 25 жаңы ишкана ачылды, жалпы соодабыз эки эсе жогорулады”, - деп жазылган президенттик администрациянын сайтында.

Чет өлкөлүк инвестицияга келгенде, Өзбекстан “баарыңыздар кош келипсиз” принцибин карманат.

EURASIANET, АКШ