Ислам дүйнөсү

Афганистандагы шайлоо элдин дымагын, бийлик менен өнөктөштөрүнүн алсыздыгын көрсөттү

23 октября 2018 г. 16:53 901

Афган шайлоочулары демократияга умтулганын далилдеди. Буга өлкө бийлигинин чалалыгы менен АКШнын талибдерди жоошутуу аракеттери тоскоол болуп турат

Афганистанда демократия тамыр салып кете алабы? Афган шайлоочуларына келсек, бул суроого так эле “ооба” деп жооп берсе болот. Европалык масс-медиа менен афган ЖМКларына шайлоо бөлүмдөрүнүн алдында тизилген узун кезектердин сүрөттөрү чыккан. Ишембиде кечке жуук берилген расмий маалыматтар боюнча, катталган 8,8 млн афган шайлоочунун үч миллиондон ашыгы парламенттик шайлоого катышкан. Талибдердин зомбулук акттары менен коркутуусуна жана добуш берүүнүн башаламан уюштурулганына карабай, коркпогон шайлоочулар гана келгенин эсепке алсак, бул аз сан эмес.

Айрыкча шаарда турган жаштар шайлоо сандыктарына келип, телекамералардын алдында коркпостон ачык сүйлөп жатышты. Быйыл 18ге толуп, шайлоо укугун алгандар талибдердин режими кулатылганда бир жашта болчу. Алар бүтүндөй өмүрүн, аябай туруксуз болсо да демократиялык башкаруу алдында, өткөрүштү. Саясий чечимдерди кабыл алууга катышуусу бүдөмүк болгон ушундай туруксуз абал да жаштарга оң таасирин тийгизип, келечекке үмүт берип тургансыйт.

Афган бийлиги көп жерде уттурду

Афганистанда демократия тамырлап кете алабы? Расмий түзүмдөрдүн иши менен ыкластуулугуна караганда, мунун өтө эле күмөн экенин түшүнөсүң. Добуш бергиси келгени менен уюштуруучулардын шайлоону тескей албагандыгынан улам канчалаган афгандын сандыктарга жете албай кайтып кеткенин даана айтуу кыйын. Өткөн ишембиде шайлоо бөлүмдөрүнүн үчтөн бири жабык бойдон калды.

Биометрикалык ыкма менен шайлоочулардын өздүгүн тактоо системасынын иштебей калганы эң негизги себеп болду. Ошондуктан 400 шайлоо аймактарында добуш берүү жекшембиге чейин узартылды. Мындан сырткары талибдерден эмес, бийликтегилердин шайлоо аймактарынын чектерин аныкташа албагандыгынан улам өлкөнүн чок ортосунда жайгашкан Газни провинциясында добуш берилбей калды.

Ошондой эле талибдердин чабуулунан чочулап канча киши үйүндө кала бергени да так белгилүү эмес. Шайлоо убагында талибдер бомба жана мина аткычтар менен коштолгон 200 чабуул жасап, 30дан ашык кишини өлтүрүп, 130дайын жаралап салган. Бул чабуулдар бийлик шайлоого чейин жана анын учурунда коопсуздукту камсыздоого 70 000 аскер менен полисти тартканына карабастан ишке ашырылган.

Коопсуздугу эң жогорку деңгээлде делген өлкөнүн борбору Кабулда да бийлик талибдердин чабуулдарын токтото алган эмес. Шайлоого эки күн калганда Кандагар полисинин башчысын өлтүрүү да тосулуп калган жок. Ошондуктан бул шаардагы шайлоо, абал тынчыган соң деген үмүт менен, бир аптадан кийин өткөрүлмөкчү. Күч курамдарынын алсыздыгы шайлоо учурунда даана билинип, келечекке үлбүлдөгөн эле үмүт калтырууда.

АКШ “Талибанга” күчтөнүү мүмкүндүгүн берип жатат

Афганистанда демократия тамырлап кете алабы? Афган өкмөтүнүн өнөктөштөрүнө карасаң, бул мүмкүн эместей сезилет. Жакында, 12-октябрда эле АКШнын Афганистан боюнча атайын өкүлү Залмай Халилзад афган бийлигин чекеге жылдырып, “Талибандын” өкүлдөрү менен көрүштү. Талибдер өлкөнүн демократиялык өнүгүүсүнө каршы экенин, албетте, АКШ түшүнүп турат. Андай болсо да, Вашингтон ага да кайыл болуп, эптеп бир тынчтык орнотуп, Афганистандан америкалык аскерлерди чыгарып кетүүгө шашылууда. Анысы менен АКШ Афганистандагы демократия аргымагынын бутун тушап жатат.

Бардык талаш-тартышка карабастан, афган шайлоочулары өлкөсүндө демократияны түптөөгө добушу менен жардамдашкысы келгенин далилдеди. 2019-жылдын жазына чектелген, кийинки, президенттик шайлоодо афган бийлиги менен өнөктөштөрү өздөрүнө түшкөн милдетти жакшыраак аткарууга белсениши керек.

Deutsche Welle, Борбордук Азия