Орусия

​Байлардын акчаны оңду-солду чачкан балдары карапайым орусиялыктардын кыжырын келтирүүдө

22 октября 2018 г. 16:32 1518

Орусияда байлар менен кембагалдардын ортосундагы ажырым кеңейип бара жатат. Ошондуктан колу жука кишилерди басынтуу максатында кымбат унааларынын терезесинен тутам акчаларды ыргыткан бай балдар орусиялыктардын жинине тие баштады.

Санкт-Петербургдагы окуялар жөнүндө тартылган эки видео инстаграмдагы Rich Russian Kids группасына жайгаштырылган. Ал топтун баракчасында Орусиянын “алтын жаштарынын” эсирген жашоосу тууралуу материалдар ырааттуу жарык көрүп турат.

“Менин колумда 50 миң рубль бар, - деди жалтыр-жултур айнектер менен кооздолгон деңиз аскерлеринин кара баш кийимин кийген жаш жигит. – Бул, билбесеңер, Санкт-Петербург шаарында орточо маяна болуп эсептелет. Силер ушул үчүн керээли кечке бөкчөйүп иштейсиңерби? Мен силерди аяп кетем”.

Бул сөздөрдү айткан соң ал акчаларды унаанын терезесинен ыргытып жиберди, сырттагы элдер аларды терип кирди. “Акчалар жасалма эмес!” – деп кыйкырат жигит. Башка видеодо бир баян тутам долларды Range Rover унаасынын терезесинен чачкан.

“Атакеси анын баарын уурдап алган болсо, акчанын деле мааниси жок да, албетте”, - деп жазган соцтармакта бириси. Алтын жаштар – өкмөттүн аткаминерлери жана Кремль менен тыгыз мамиледеги бизнесмендердин балдары.

Батыш киргизген экономикалык санкциялар да себептеринин бири болгон орусиялык экономиканын төмөндөөсү бай менен кембагалдардын ортосундагы айырманы ого бетер тереңдетти.

Калктын 13 пайызы, башкача айтканда 19 млн орусиялык расмий кембагалдык чегинен түшүп кеткен. Алардын айлык кирешеси 9828 рублдан ашпайт.

Мындан сырткары чыныгы кирешенин деңгээли да барган сайын төмөндөп барат. Расмий статистика боюнча акыркы эки айда эле ал 2,5%га түшүп кетти.

Көз карандысыз “Левада-центр” жүргүзгөн сурамжылоо боюнча орусиялыктардын 45%ы мал-мүлк ажырымы азайбай жатканына президенти Владимир Путинди күнөөлөшкөн.

Интернетте бул видеолорду көргөн Санкт-Петербург полистери нааразы болушкан. Унаалардын кожоюндары табылып, алар коомдук транспортко жол бошотпогондугу үчүн жазага тартылышкан.

“Акча ыргытууга тыюу салган мыйзам жок болгондуктан, жол эрежесин бузгандыгын издеп көрсө болот”, - дейт полистердин бири. Бирок 3 миң рублдук айып пул алтын жаштарды ооздуктап калаары күмөн.

Кремль Орусиядагы мал-мүлк теңсиздигинен улам пайда боло баштаган нааразылыктан барган сайын көбүрөөк тынчсыздана баштады. Ушул эле октябрь айында Саратов облусунун иш менен камсыздоо жана эмгек министри Наталья Соколова пенсионерлер 3500 рублга жашаганды үйрөнүшү керек дегени үчүн иштен айдалды. Ал бул акча жер-жемиш менен “макарошкаларга” тоюп жашаганга жетиштүү деп айткан.

Марк Беннеттс, The Times, Британия