Кытай/Индия

Кытайдын президенти Си коммунист эмес улутчул-шовинист сыяктанат

20 октября 2018 г. 18:23 2328


Тынчы жок Синьцзянда терең кытайлаштыруу багыты алынды

2014-жылдын апрелинде учурда Кытайдын эки тизгин бир чылбырын колго алган раиси биринчи жана азырынча акыркы жолу Синьцзян-Уйгур автономдуу районуна (СУАР) зыярат кылган. Бул өлкөнүн түндүк-батышында жайгашкан аймакта ондогон жылдары сепаратизм оту тутанып, түрк тектүү жергиликтүү мусулман уйгурлар борбордук бийликке каршылык берип келишет. Партиялык активдер менен жолуккан Си бардык улуттагы жергиликтүү тургундар өздөрүн “биздин улуу Мекен, кытай улуту жана кытай маданияты менен” бир экенин сезиши керек деген.

Жолдош Синин көрсөтмөлөрүнүн жообу кечиккен жок. Анын зыяраты аяктааары менен бир нече сааттан кийин СУАРдын борбору Үрүмчүдө уйгурлардан турган топ бир нече бомба ыргытып, бычак көтөрүп чабуул жасаган. Натыйжада бирин-экин кытай көчмөнү өлтүрүлүп, сексенге жакыны жаракат алган.

Жаңы өкүл

Си Цзиньпин бул чабуулду өзүнө карата чакырык катары кабыл алгандай болуп, бийиликтин Синьцзяндагы саясаты өзгөрдү. Каршылыктын түтөгөн чогу да калтырылбай, өчүрүлүшү керек деген тапшырма берилди. Кытай эл республикасынын (КЭР) төрагасы келип кеткен жылдан кийин “агартуу аркылуу кишилерди өзгөртүү” бонча баштапкы лагерлер пайда болду. Башында алар чакан курулуп, уйгурлар бир нече аптага гана кармалган. Аны менен бирге эркиндиктер бекем буулуп, уйгурлардын артынан сая түшүп аңдуу башталды. Бирок Синьцзяндан чыккан уйгурлар топ-тобу менен Сирияга барып, ИГИЛге кошулуп жаткандыгы тууралуу кабарлар тараганда бул аракеттер жетишсиз делген.

Алар “мусулман интер-кошундарына” кирүү үчүн гана кетишпестен, ал жакта алган согуштук тажрыйбасын мекенинде колдонууну максаттап жаткандыгы тууралуу маалыматтар пайда болгон.

Кыскасы, абал кооптуу делип, 2016-жылдын августунда СУАРга борбордук бийликтин жаңы өкүлү дайындалган. Ал Тибеттеги улуттук козголоңдорду ийгиликтүү баскан Кытайдын компартиясынын саясий бюросунун мүчөсү Чэнь Цюаньгуо болчу. Дал ошонун доорунда Синьцзянда кайра тарбиялоо лагерлеринин күчтүү системасы курулган. Бириккен улуттар уюмунун комиссиясынын маалыматы боюнча, аларда СУАРдын 10-12 млн мусулман калкынын миллиондун тегерегиндеси кармалып турат.

Пекин мындай лагерлер тууралуу маалыматтарды төгүндөп, аларды Кытайдын ички ишине кийлигишүү максатында таратылган курулай жалаа деп келген. Бирок жакында тактиканы өзгөртүүгө туура келди. Анткени, арасында СУАРдын администрациясынын ички документтери да бар, көптөгөн күбөлүк материалдары тарап кеткен. Андан сырткары космостогу спутник чалгыны да автоном районунда табышмактуу жабык аймактар көбөйгөнүн даана көрсөткөн. Кыскасы, 9-октябрда СУАРдын партиялык жыйыны жергиликтүү мыйзамдарга өзгөртүү киргизип, райондо “экстремизмдин таасиринде калган кишилерди” кайра тарбиялап чыгуу объекттери бар экенин моюндаган. 16-октябрда СУАРдын өкмөтүнүн төрагасы, уйгур улутундагы Шохрат Закир кытайдын мамлекеттик маалымат агенттиги “Синьхуага” маек курган. Анысында мындай мекемелер Синьцзяндын коопсуздугу менен туруктуулугуна чоң салым кошууда деген.

Анын айтымында, ал жерлерде кишилерге кесиптик жөндөм берилип, сакталышы керек мыйзамдар окутулуп жана өлкөнүн аймагында сүйлөшүү үчүн зарыл кытай тили үйрөтүлөт. Эмгекке даярдыгы жана маданияты төмөн болгон жергиликтүү калк “террорчулук жана экстремисттик күчтөрүнүн” үгүтүнө жеңил алдырып жиберип жатат деп белгилеген СУАРдын төрагасы. Эми болсо СУАРда, дейт Шохрат Закир “күн өткөн сайын цивилизациялык турмуштун маанайы күчөп барат”, натыйжада андан берки 21 ай бою бир да террордук же зомбулук аракети катталган эмес.

Арак ичпе деген үчүн лагерге

9-октябрда киргизилген өзгөртүүлөрдө “кесиптик окуу жана адистикти жогорулатууга” себеп болчу экстремисттик аракеттер да ачыкталган. Аларга, мисалы:

- диний эрежелерди таңуулоо, алардын арасында мусулманча үйлөнүү жана өлүк узатуу;

- көңүл ачуучу телепрограммаларды көрүүдөн баш тартуу, кытайлык массалык маалымат каражаттарын жактырбоо;

- хижжаб жана “эрежеден башкача сакал” (жаш бала сакал койсо лагерге кетирилиши мүмкүн);

- окуудан баш тартуу, мамлекеттик менчикке зыян келтирүү, алардын ичинде өздүгүн тактаган карточка менен кытай банкнотторун жок кылуу;

- төрөттү чектөө саясатына моюн сунбоо;

- жакындарыңа алкоголь ичимдиктерин ичпе деш кирет.

Кытай бийлиги Синьцзянды натыйжалуу маалыматтык курчоого алган. Ал жактан кабар алуу чектелген. Кишилер лагерлерге ар түрдүү мөөнөткө киргизилип, түрдүү шарттарда кармалагандай көрүнөт. Мисалы, жаныңда идентификациялык карточаң жок болсо, 15 сутка кармаласың. Курман айт менен бири-бириңди куттуктасаң көбүрөөк отурасың. СУАРда бардык телефондук сүйлөшүүлөр жана компьютерлер катуу көзөмөлдөнөт. Ноутбук менен смартфондорго андагы кыймылдын баарын карап турган атайын программалар мажбурдуу түрдө жүктөтүлөт.

Кээ бир лагерлерде кишилер жылдап кармалгандыгы, кыйноого кабылгандыгы тууралуу кабарлар бар, бирок аларды тактоого мүмкүн эмес. Кытайдан качып чыккан бирин-серин күбөлөр ал жакта патриоттук ырлар ырдатылып, “партияга даңк, мекенге даңк, жолдош Си Цзиньпинге даңк” деген сыяктуу ураандар чакыртылат.

Исламдык салттарды жоюуга өзгөчө көңүл бурулат. Ага салттык кийим да кирип кетет. Албетте, кытай тилин үйрөнүү шарт. Кээ бир лагерлерде улуттук тилде сүйлөшүү үчүн жаза берилип, 3 миң кытай иероглифин жаттамайынча кишини коё беришпейт деген маалыматтар тараган.

Токиолук көзөмөлчүлөр Синьцзянда Пекиндин улуттук саясатын өзгөртүү эксперименти жүрүп жатат деген ойдо. Буга чейин советтик идеологияга жараша, улуттук азчылыктарга өз маданиятын сактап калууга жол берилип келген. Бирок СССРдин тарап кеткени кытай бийлигине мындай саясаттын туура эместигин далилдеген сыяктуу. Ички абал курчуп кеткенде улуттук интеллигенция бөлүнүүгө багыттап кетиши мүмкүн, ошондуктан айрыкча Синьцзян сыяктуу татаал райондордо башка улуттарды терең кытайлаштыруу багыты алынган. Бир аз убактыттан кийин жергиликтүү тургундар турмушу, тили жана кийими жагынан ханьдардан айырмасы калбашы керек.

Василий Головин, Новая газета, ТАССтын Жапониядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси, Орусия